Бишкек-Дели кызматташтыгы: Жаңы барактар ачылууда

14-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди чакан жана кеңири курамда жолугушууларды өткөрүштү.

«Нарендра Модинин расмий сапары кыргыз-индия кызматташтыгынын баардык багыттарына импульс берип, аларды жаңы деңгээлге чыгараары шексиз», – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди менен анын Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын алкагында өткөн кеңири курамдагы жолугушууда.

Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөш­түктү түзүү боюнча биргелешкен декларация бул максатты ишке ашырууда чечкиндүү роль ойнойт.

«Бүгүнкү расмий сапар, өтүп жаткан бизнес-форум жана текстиль көргөзмөсү биздин өлкөлөрдүн соода-экономика тармагындагы кызматташтыктын дараметин бийик деңгээлге көтөрүүгө багытталган чечкиндүү кадам деп ишенем», — деди мамлекет башчысы.

Президент биргелешкен финансы механизмдерин түзүү боюнча биздин сунушубузду изилдеп жаткан индиялык тарапка ыраазычылык билдирди. «Түзүлө турган Кыргыз-индия өнүктүрүү фонду, эки мамлекеттин чакан жана орто ишкерлерине көмөк көрсөтүп, өз ара байланыштарын бекемдегенге өбөлгө болот деген ниеттебиз. Экономикалык кызматташтыкты дагы өнүктүрүп, анын жаңы формаларын орнотууга дем берет десем жаңылышпайм», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Индия сыяктуу эле, Кыргызстан да агрардык секторду өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыт бере турганын кошумчалады.

«Биз багбанчылыкты жана мал чарбаны өнүктүрүүнү улуттук саясаттын приоритеттүү багыттарына кошобуз. Кыргызстан – ЕАЭБдин мүчөсү катары — өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларын экспорттоого ыңгайлуу шарттарга ээ болду. Ошондуктан, агрардык тармактагы аракеттерибизди бириктирүүнү жана мамлекеттик деңгээлдеги ири долбоорлорду чогуу ишке ашырууну сунуштайм», — деди ал.

Президент өлкөнүн региондорун өнүктүрүү саясатынын алкагында ишке ашырылып жаткан социалдык обьектилерди куруу жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорго да индиялык тараптын көңүлүн бурду. Ал Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы саламаттыкты сактоо жаатында түзүлгөн бекем кызматташтыкты канааттануу менен белгиледи жана онкологиялык оорулууларды дарылоо үчүн “Бабатрон-2” нур жабдууларын берип, гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Мамлекет башчысы 2021-жылды Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын достук жана маданият жылы деп жарыялоону демилгеледи.

* * *

 Президент Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Премьерминистри Нарендра Моди менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Анда: “Биз эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берген бардык тармактардагы кызматташтыкты күчөтүүнү макулдаштык. Бүгүн кол коюлган Кыргызстан менен Индиянын орто сундагы стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча биргелешкен декларация – эки тараптуу кызматташтыктын жаңы барагын ачат. Биз Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык алакаларга өзгөчө басым жасоону сүйлөштүк”, — деп баса белгиледи.

Президенттин айтуусу боюнча, 2018-жылы эки өлкөнүн өз ара соода-сатыгынын көлөмү болгону 37 миллион долларды түзгөн. Андыктан бул багытта жасай турган иштер арбын, өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмүн көбөйтүү керек. Буга бүгүн кол коюлган Эки тараптуу инвестициялык макулдашуу жана Жакынкы мөөнөткө соода-экономикалык кызматташтыктын жол картасы укуктук негиз болмокчу.

Президент расмий сапардын алкагында өтүп жаткан кыргыз-индия бизнес-форуму жана текстиль көргөзмөсү кызматташтыкты бекемдөөгө өтө керектүү иш-чаралар экендигин айтып, буга чейинки кызматташуу тажрыйбасы эске алуу менен биргелешкен ишканаларды түзүү, эки өлкөнүн чакан жана орто ишкерлерине көмөк көрсөтүү максатында, биргелешкен каржы механизмдерин түзүү маселесин да талкууланганына токтолду.

Кызматташуу үчүн сунушталган тармактардын катарында гидроэнергетика, тоо-кен, айыл чарба секторлору, маданийгуманитардык, билим берүү жаатында кызматташуу да бар.

 * * *

 Индия Премьер-министри Нарендра Модинин расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча ар кандай тармактардагы кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

* * *

Расмий иш сапарынын алкагындагы олуттуу иш чаралардын бири КыргызИндия бизнес-форуму болду. Муну форумда сүйлөгөн сөзүндө Президент Сооронбай Жээнбеков да баса белгиледи.

— Биздин мамлекеттердин ортосунда узак жылдар бою калыптанып, барган сайын бекемделип жаткан саясий өнөктөштүк бийик деңгээлге жетти, — деди Сооронбай Жээнбеков. — Эми экономикалык кызматташууга, биздин ишкерлерибиздин өз ара аракетине дем берүү иши маанилүү.

Бүгүн ушул залда өлкөлөрдүн өнүгүшүнө маңдай тер, адал эмгеги менен чоң салым кошуп жаткан адамдар олтурушат. Индия менен өзгөчө ишенимдүү саясий алакабыз бар. Боордош индиялык өнөктөштөрүбүзгө дайыма эшигибиз ачык, алар менен жолугууга дайыма кубанычтабыз.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, азыркы кыргыз-индия соода-сатык мамилелерин бир кыйла жакшыртууга потенциалдык мүмкүндүктөр бар. Кыргыз тарап экологиялык жактан таза органикалык продукцияларды экспорттоонун көлөмүн жогорулатууга даяр.

Ал индиялык инвесторлорду жана фонд дорду тыгыз кызматташууга чакырды жана биздин өлкөдө инвесторлорго ылайыктуу шарт түзүүнү – артыкчылыктуу багыт катары аныктап, чоң иш-аракеттерди аткарылганын кошумчалады.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн абдан жагымдуу шарттар түзүлгөн, инвестордун активдери жана жеке менчиги мамлекет тарабынан ишенимдүү коргоого алынган жана алар кол тийгис.

Мындан тышкары жеке ишкерлердин жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо максатында өлкөдө биринчи жолу бизнесакыйкатчы институту ачылган, жаңы түзүлгөн ишканалар 3 жылга текшерүүдөн бошотулган, региондогу эң либералдуу салык режими түзүлгөн, салык коюмдары төмөн, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, соода-логистика борборлору пайда салыгынан толук бошотулган, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба чийки заттарын кайра иштеткен ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы болгону эки жарым пайыздын тегерегинде.

Технологиялык жабдууну импорттоо бажы алымдарынан бошотулган, тарифтик жана тарифтик эмес чектөөлөр алынып салынган, демек, Кыргызстанда өндүрүлгөн товар үчүнчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарларга караганда чоң артыкчылыктарга ээ болот.

Чет элдик инвесторлор кымбат эмес жана квалификациялуу жумушчу күчтү жана арзан электрэнергияны пайдалана алышат, өлкөдө эркин валюта режими бар.

Кыргызстан — Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Бул биримдиктин алкагында 183 миллион адам жашайт. Андан сырткары 2016-жылы Кыргызстан Евросоюздун ВСП+ статусуна ээ болгон. Бул Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнө 6 миңден ашык товардык позиция боюнча нөл тарифтик ставкасы менен экспорт жасоого мүмкүндүк берет.

Т.ИСХАКОВ