Атайын комиссия: Атамбаевге каршы 9 айып

Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы экс-президент А.Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу үчүн ага карата бир катар оор кылмыштар боюнча айыптоолорду койсо боло турганын билдирди:

  1. Премьер-министр кезинде Россиянын бир катар жарандарына, анын ичинде кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө 123 тапанча тапшырган.
  2. Кой-Таштагы азыркы үйү турган жерди мыйзамда белгиленген мөөнөттөрсүз жана шарттарсыз эле алып койгон.
  3. Премьер-министр кезинде 35,65 га жерди мыйзамсыз трансформациялаган.
  4. Анын көзөмөлү жана тапшыруусу боюнча “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев бошотулган.
  5. ААК “ТНК “Дастан” ишканасынын жооптуу кызматкерлеринин, айрым кызмат адамдарынын жардамы менен Кой-Таштагы үйү турган жерди мыйзамсыз ээлеп алган.
  6. Атамбаевдин декларациясынан белгилүү болгондой, 2017-жылы С.Фархати аттуу жаран ЖЧК “НПП Форум” ишканасын Атамбаевден сатып алган жана 54 млн.сомдук кирешесин декларациясында көрсөткөн. С.Фархати 2016-жылдын 16-январынан тартып, “Хуасинь” инвестициялык компаниясынын негиздөөчүсү болгон. Бир сөз менен айтканда, комиссия С.Фархати менен “Терексай жаштары” ЖЧКсынын төрагасы Түмөнбаев Атамбаевдин “жамынган” (аффилирлешкен) адамдары болушу ыктымал деп эсептешет. “Терексай жаштары” ЖЧКсынын уюштуруучусу Синьзцяндагы эл аралык Бизнес Ру соода компаниясы.
    2018-жылы “АКА Инвесттин” уюштуруучулары “АКА Петролеум” жана Касым Курбанов “ЖАК “Альфа Телекомдун” 100 пайыз акциясын сатып алууну көздөшүп, “Коопсуз шаар” долбоорунун бирден бир талапкерлери болушкан. Бул компаниялар дагы Атамбаев менен байланышы болушу мүмкүн.
  1. Ысык-Көл акимиатынын жана Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн мыйзамга каршы аракетинин натыйжасында Чоң-Сары-Ой айылынын 4,6 жери мыйзамсыз түрдө, мамлекеттик жана коомдук керектөөлөргө байланышпаган максатта “Фрунзе Резорт” ишканасына берилип кеткен. Кийин ал жер экиге бөлүнүп, бирине ээлик кылуу укугу Атамбаевге катталган.
  2. Бишкек ЖЭБин курууда коррупцияга жол берилген. Атамбаевдин ага катыштыгы анын билдирүүлөрүнөн көрүнүп турат.
  3. Мурдагы Башкы прокурор А.Салянова Атамбаевдин Бишкек ЖЭБине мыйзамсыз көмүр ташыган ЖАК “Прогресс компаниясына” тиешеси бар экендигин айтып чыккан. Ошондой эле Атамбаевдин Нарымбаевдин ишине аралашуусу мүмкүн экендиги, Бабановдун соода үйүнө жер алуу жана 2 млрд. сом кредит маселесин чечип бергендиги айтылган.

А.Козуев