Жерүй алтын кени: казуу иштери күздө башталат

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Талас облусундагы Жерүй алтын кени Кыргызстандагы алтындын көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөр боюнча бул кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар. Анткен менен кен көп жылдардан бери ишке берилбей келет. Учурда аны иштетүүгө бел байлап жаткан “Альянс Алтын” компаниясы, жергиликтүү бийлик дагы кен ушул жолу ишке кирет деп үмүт артышууда. Учурда Жерүйдө иш кызуу жүрүп, 15 объект курулууда. Компания заводду иштетүүнү ушул жылдын октябрь айында баштоону пландап жатат. Бирок, ага чейин жасала турган иштер арбын. Мисалга алсак учурда айлана-чөйрөнү коргоого багытталган жана жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы Таластагы Жерүй кенинде, жылдын аягына карата алтын ылгоочу фабриканы ишке киргизүү максатында курулуш-монтаж иштерин активдүү улантууда. Кайра иштетүүчү комплекстин курамына 15 негизги курулуш объектиси кирет. Анын курулушу “ААЕngineering Group” ЖЧКсы, «Баден Сервис» ЖЧКсы, «Электросила» ЖЧКсы, «Мехколонна КЭСС» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүүдө. Курулуш иштеринде жалданма бөдрөтчиктер да катышууда. Курулуш аянтындагы жумушчулардын 95%ы Кыргызстандын жарандары, анын 44%ы Талас облусунун өкүлдөрү. Анда 49 курулуш техника бирдиги иштөөдө. Курулушту өз ишин билген адистерден турган өзгөчө кызмат көзөмөл кылууда. Курулуш монтаж иштери долбоордук документацияга ылайык жүрүүдө. Кайра куруу комплексинин курулушунун бюджети ишке берилгенге чейин 272,9 млн. долларды түзөт. “Жерүй” долбоорунун инвестициясынын жалпы көлөмү 596,3 млн. доллар.

Михаил Шубин

Курулуш аянтчасында айлана-чөйрөнү коргоого өзгөчө көңүл бөлүнүп, бул үчүн атайын уюм менен келишим түзүлгөн. Компаниянын генералдык директору Михаил Шубин: “Иштер КРнын бардык мыйзамдарынын, эл аралык талаптардын негизинде жүргүзүлүүдө. Аянтчада биздин экологиялык, техникалык, сапат коопсуздугун көзөмөлдөгөн персоналдан тышкары, дүйнөлүк стандарттарга туура келишин эл аралык компания текшерип жатат. Алтын ылгоочу заводдо иштер эң жаңы технологиялар менен жүргүзүлөт”, – дейт.

Буга чейин Кыргызстан кен иштеп баштагандан 2043-жылга чейин 535 млн. доллардан кем эмес каражат ала турганы белгилүү болгон. Натыйжада Кыргызстандын жалпы үлүшү 1 млрд. доллардан ашуун каражатты түзөт.

Марат Мураталиев

Инвесторлор менен тыгыз иш алып барып жатканын айткан Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев келишимдин негизинде компания тарабынан социалдык долбоорлорго багытталган каражаттар бөлүнүп берилип жатканын айтты. Анын айтымында, кен ишке кирсе, облус үчүн бир кыйла пайдалуу иштерди жасоо пландалууда.

– Иш башталгандан мурун лицензиялык келишимдин негизинде, Бекмолдо айыл өкмөтүнө, Талас районуна, Талас облусуна 170 млн. сомдон бөлүнүп берилген. Бул каражаттар инфраструктураны оңдоого, мектептерге, социалдык иштерге жумшалып, өнүктүрүү фондундагы акча түгөндү. Болгону Бекмолдо айылынын фондунда гана 170 млн. сом калды. Учурда тендерлер өткөзүлүп жатат. Мындан тышкары “Бакубат Талас” фонду бар. 2018-жылга чейин 100 млн. сомдон бөлүп турган. Быйылкы жылдан баштап, 150 млн. сомдон бөлүнөт, – дейт М.Мураталиев.

Кенди иштетүүдө, айлана-чөйрөнү коргоого да өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Маселен, “Альянс Алтын” көз карандысыз лабораториялар менен келишим түзүп, кендин айланасында жайгашкан айылдардагы абанын, суунун нормасы текшерилип турат. Мындай текшерүүлөр алтын иштетүү баштала элек болгону менен үч айда бир жолу жүргүзүлөт. Чүй аймактык экологиялык лабораториянын инженер-химиги Елена Журавлева текшерүүнүн жыйынтыктары компанияга тапшырыла турганын белгиледи.

Елена Журавлева

– “Альянс Алтын” менен болгон келишимге ылайык, биз атмосферанын, суу объектилеринин мониторингин жүргүзүп жатабыз. Учурда Кара-Ой айылында абанын мониторингин жүргүзүп жатканыбызды көрүп жатасыздар. Бул жер көзөмөл кылуучу точка болуп эсептелет. Абанын деоксид-азот, сералык-ангидрит, радонго болгон жана радиациялык фондун параметрлерин текшерип жатабыз. Республика боюнча радиациялык фондун нормасы саатына 0,25 микрозиверт болсо, бул жерде көрсөткүч саатына 0,12-0,16 микрозивертти түздү. Калган көрсөткүчтөр боюнча эч нерсе айта албайм. Анткени, бул жерден проба алынып, лабораторияларда текшерилип, жыйынтыгы чыгарылат. Анын жыйынтыгы боюнча протокол түзүлүп, компанияга тапшырылат, – дейт Е.Журавлева.

Алтын иштетүү башталгандан кийин текшерүүлөр ай сайын алына баштайт. Компаниянын экологу Максат Базарбаев билдиргендей, текшерүүлөр жер кыртышынан, био-ресурстардан дагы алынат. Анын айтымында, компания атайын көз карандысыз лаборатория менен тендердик негизде келишим түзгөн. Анын кызматкерлери үч ай сайын аба, суу, жер кыртышы жана био-ресурстарды текшерип турат.

Компаниянын башкы технологу Нурлан Мамырбаев компания цианидди такыр сыртка чыгарбоо боюнча алдыңкы технологияларды колдоно турганын билдирди. Анын айтымында, цианид заводдон чыкпай эле жок болот. Экологияга эч кандай зыяны тийбейт жана алтын казуу иштери жыйынтыкталгандан кийин аталган аймакты кайрадан колдонууга мүмкүнчүлүк бар.