7,5 млрд. доллар көлөмүндөгү инвестиция тартылууда

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Өткөн аптадагы ШКУнун Бишкек саммитине катышууга келген КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин иш сапарынын алкагында кыргыз-кытай бизнес форуму болду. Кытай мамлекети өлкөбүзгө ири инвестицияларды салуу жагдайында башкы өнөктөштөрдүн бири экенин эч ким тана албайт. Жакынкы жылдарда ишке ашырууну максат кылган Кытай инвесторлорунун 24 долбоорунун жалпы каржылык көлөмү 7,5 млрд. долларды түздү.

Бизнес форумдун ачылышында Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов төмөндөгүлөргө токтолду. «Кыргызстанда либералдуу салык режими, электр энергиясынын арзан тарифи, квалификациялык жумушчу күчүнүн болушу сыяктуу шарттар өздүк наркка оң таасирин тийгизип жатат. Мындай жагымдуу факторлор жаңы технологияларды тартууга жана салынган каражатынан инвестор экономикалык пайда табууга өбөлгө түзөт», — деп белгиледи ал.

Кыргызстан Борбор Азиядагы өзүнүн либералдуу салык саясатын тынбай жүргүзүп, чет элдик жана атамекендик бизнести колдоодо фискалдык реформаларды такай жасап келе жаткан өлкө катары таанылууда. Мисал катары К.Боронов пайдага карата салыктын үстөгү 10 пайыз, киреше салыгы 10 пайыз жана КНС 12 пайызды түзүп жатканын баса белгиледи. Ушундай жакшы өзгөрүүлөрдөн улам Бүткүл дүйнөлүк банктын «Doing Business 2019» изилдөөсү боюнча өлкөбүз 2017-2018-жылдарга карата өзүнүн бардык көрсөткүчтөрүн 7 позицияга жакшыртып, 77-орундан 70-орунга жылганы бизнес форумда айтылды.

Азыркы учурда жергебизде Кытай инвесторлору ишке ашырып жаткан бир катар долбоорлор бар. Жакынкы арада алар тарабынан Жалал-Абаддагы цемент заводунун, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү индустриал­­­­­дык парктын, жип жана колкап чыгаруучу фабриканын, ошондой эле Чүй облусундагы майдалоочу заттарды чыгаруучу заводдун ачылышы күтүлүп жатат. Бул долбоорлордун жалпы инвестициялык көлөмү 152 млн. долларды түзөрү белгилүү болду. Баса, август айынын башында Ысык-Көлдө эл аралык экономикалык форумдун өткөрүлүшү күтүлүп жатат. Кубатбек Боронов кытайлык инвесторлорду ошол форумга катышууга чакырды.

Кыргыз-кытай инвестициялык кызматташтыгынын алкагында агрардык тармакка орчундуу орун берилип келе жатат. Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевдин билдиргенине караганда бул жолку кыргыз-кытай бизнес форумунда аталган тармак боюнча бир нече документке кол коюлду. Ноокатта органикалык жер семирткич чыгаруучу ишкананы курууга Кытайдан 260 млн. доллар келгени жатат. Андан тышкары, айыл чарбасын санариптештирүүнүн алкагындагы меморандумду ишке ашыруу үчүн 50 млн. доллар инвестиция тартылат. Сузак районунда сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводдун курулушуна каралып жаткан инвестициялык каржы көлөмү 60 млн. долларды түзүүдө. Булардан тышкары, соода-логистикалык борборлорду куруу да колго алынууда. Аталган айрым долбоорлорду турмушка ашыруу боюнча жер тилкелерин бөлүп берүү иштери жүргүзүлүп жатыптыр.

КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин “Жибек жолунун экономикалык алкагы” концепция­сын биргелешип ишке ашыруу демилгесин көтөргөндөн баштап, кыргыз-кытай кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкканы боюнча ойлор айтылууда. Анткени, эки мамлекеттин алака-катышы мурдагыдан жанданганы жана бизнес чөйрөсүндөгү өз ара ишке ашырылуучу долбоорлордун арбып бара жатканы ага күбө. Өткөн аптадагы бизнес форумга Кытайдын оор өнөр жай, жеңил өнөр жай, курулуш, тоо кен өндүрүшү, айыл чарбасы, маалымат технологиясы, туризм тармагы боюнча алдыңкы компаниялары катышты.

Кытайдан 80ден ашык ири компаниялардан 150гө жакын ишкер келди. Кыргызстан тараптан 100дөн ашык ири жана орто ишканалардын жетекчилери катышып жатат. Кол коюлган жалпы келишимдер менен меморандумдардын жалпы суммасы 7,5 долларды түздү. Бул жолу кен байлыктарды иштетүү, товардык биржаны ачуу, агынды сууларды тазалоо, мунайзат иштетүүчү заводду модернизациялоо, социалдык туракжай куруу, автоунаа чогултуу ж.б. долбоорлорго кол коюлду. Ачыгын айтуу керек, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш келтирүүчү бир нече иш-чараларды аткарууну өзүнө камтыйт. Айрым долбоорлор боюнча конкурс өткөрүүгө туура келет. Ал эми кээ бир долбоорлор болсо адатта жер бөлүп берүү машакаты менен коштолот. Айтор, алдыдагы эки-үч жыл аралыгында эки тараптык документтерди турмушка ашыруу максатында тынбай иш жүргүзө беребиз. Өткөн жылы Кытайдан 338 млн. доллардын тегерегиндеги тикелей инвестиция келип түшкөн. Бул көрсөткүч 2019-жылы бир кыйла өсөрүнөн үмүт чоң, — деди Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо мамлекеттик агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу.