Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Таң супа салганда эле мал-жанга кыймыл кирип, айыл уйкудан турду.

Асылбек да эшик-терезесин калкалап, короого чогулган таш-тушту ыргытып, үйдүн тегерегиндеги чачылып, чала өрттөнгөн саман-чөптү тазалап, ананкы жашоого кам көрүп жүрдү. Түндө туш келди үркүп, чачырай качкан малдын маарап, мөөрөп келгенин короого киргизди. Күйүп түшкөн бастырманын ордундагы күлдү додолоп чогултуп, эмнегедир убакыт өтпөй, элдин ылдам эле чогулуп келишин күтүп, жогору жакты улам чыдамсыздана карай берди. Канча жылдардан бери эл үчүн табышмакка, сырга айланган, өзүлөрүнүн да көкүрөгүн өйүгөн ажыдаар жөнүндөгү аңыздын аныгы айтылып, ачыкка чыгарын ойлоп, эмнегедир көңүлү делебептеп, шашып жатты. Айткандай эле айылдыктар күн кылтыйып чыккан кезде айылдын жыйыны өтчү жерге чогулушту. Акбай ата, Асылбек, Сырга, Кызмончок, Жан менен бешөө болуп, алар да өзүнчө кам көрүп, эл менен жолугушууга даярданып жатышты.

– Апа, коркуп жатам! – деди жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй лакылдаган Кызмончок.

– Коркпо, балам, – деди Сырга, – Эмнеге коркосуң? Кудайым бар. Эл деле биздей адамдар эмеспи.

Ошондон көп өтпөй эле опурап-топурап келген эл кечээкидей эле үйдү тегерете курчап алышты. Абылайдыкы эле катуу уктап калган эмече эшикке чыкпай, эмнегедир жымжырт. Айрымдары алардын эшигин каккылай башташты.

– Ата, эл келди! – деди терезеден сыртты караган Бектемир.

– Келсе – келсин! – деди эшикти тосуп, босого менен бойлошуп турган калыбында Абылай кежирлене, – Келе берсин! Анда биздин ишибиз да жок!

– Ата, эмнеден коркосуз?! Алар деле биздей кишилер го?! Анын үстөнө Асылбек байкем бүгүн элге болгонун болгондой айтып, ачык сүйлөшмөк! Абылай көшөрдү:

– Айта берсин! Биз эч жакка барбайбыз!

–  Анда мени коё бериңиз?! – деп Бектемир сыртты көздөй басканда атасы босогодо жөлөнүп турган беш атарын ала коюп, уулун көздөй соройтуп сунуп ийди:

– Тарт! Болбосо атып өлтүрөм!

Сайра кошо уулунун этек-жеңине асылып ыйлап, кичинекей бөбөктөрү чырылдап, үйдүн ичи ызы-чуу түшүп кетти.

– Абылай?! – аңгыча эшик-терезесин эки-үчөө тарсылдатып ургулап ийди, – Чыкпайсыңбы тез! Тигилерди ары, же бери кылбасак!..

«Ырас эле!..» – ойлоно калган Абылай бир убакта каалганын илгичтерин шарактатып ачып, эшиктеги элге аралашып кетти. Анын артынан Бектемир менен Чынтемир жөнөдү.

* * *

Асылбектикинен адегенде Акбай ата чыкты. Эл жымырап, тынчый түштү.

– Айланайындар! – карыя салмактуу сүйлөдү, – Бир өзөндүн суусун ичип, бир жердин тузун таткан бир тууган, бир ууч элбиз! «Шашкан – шайтандын иши» деп, кечээ кызуу кандуулук кылып, адамдын акылына сыйгыс, оюна келгис иш жасап ийе жаздадык эле..!

Топ ичинен Таңырбай кепти жырып:

– Таң атканча коюн-колтук алышып жатып, эми ошолордун кебин сүйлөп, элдин башын айлантайын дедиңби?! Калайык, мунун тээ башынан эле Асылбектики менен тымызын ымаласы бар! Булардын сөзү да, былык-чылыгы да бир! – дегенде аны эрчигендер:

– Ошондой! Туура айтат! – деп жаалашып, Таңырбайды колдоп кетишти. Ошол убакта үйдөн Асылбек, Сырга, Кызмончок чыгып келишти. Аларды көрүп Бектемирдин жүрөгү дүкүлдөп, бир башкача делөөрүп, алда неден үмүтү үзүлбөй, кандайдыр бир, кимдендир жакшылык күтүп, ошол убакыттын ылдам эле келишин дегдеп турду.

– Агайындар! – деди Асылбек, – Азыраак сабыр кылып, кепке кулак салсаңыздар?! Мынакей, менин кызым – алдыңарда турат!

Кызмончок өзүн жабалактай тиктеген көпчүлүктөн корголоп, энесинин артына жашынды. Жан болсо Асылбектин чакырыгын күтүп, терезеден шыкаалап турду.

– Ушул кенедей кызды «ажыдаар» деп айтууга кимиңердин дитиңер барып, кимиңердин көөнүңөр түтөт?! Деги эле адамдын айбанга айланганын ата-бабамда уккан дагы, көргөн дагы эмесмин!

– А баягы, Сайраны арбап жыккан, алиги тизеңде алчаңдап эркелеп жаткан ак ажыдаарды анда биз жалган көрүппүз да?! Ошондойбу, эл-журт?! Демек, бу Асылбектен башкабыз бүт келесоо, кемпай турбайбызбы, ыя?! – деп Бекибай чал чыйкылдады.

– Капырай, кажылдабай коё турсаңар боло! Кепке конок бересиңерби, жокпу?! – деп Дилдекан аттуу колунан көөрү төгүлгөн уз, сымга тизгендей зымырайып турчу сулуу аял тигилерди тыйган болду эле:

– Сен, келин бала, үйүңдө бечара Тилекти каалаганыңдай калчап, башкарып жүрүп көнгөн экенсиң! – деп акшыя карап, Таңырбай аны зекип койду. Дилдекан дагы бир нерсе айтайын деп оозун таптап барып, унчукпай калды.

– Кагылайын калайык-калкым, Кызмончок менин эле эмес, силердин да кызыңар! А жанагы Сайра жеңем көргөн, сиздер көргөн жылан – ал адам эмес! Ал – бала кезинен биздин үйгө байыр алып өскөн, кадимки эле жылан! Ишенбесеңер ошол ак жыланды азыр алдыңарга чакырайын!

Элдин ичи күбүр-шыбыр болуп, толкуй түштү. Аңгыча үйдүн терезесинен сыртты көздөй башкача бир аппак, зор жылан жыбылжый агып, Асылбектердин катарына куюлуп түшүп жатты. Аны көргөн көпчүлүк Асылбектин айткандарына саал ынангандай болушту. Бирок Таңырбайдын тобу элден өзүнчө бөлүнө калып, кужулдаша калышты да, Канымет чалды ортого чыгарышты:

– Эл-журт! – деди Канымет ээгиндеги чокчогой сакалын сексеңдете, элди тегерете бир карап алып, – Баятан беркилерди угуп, көрүп атып, бир топ аксакал, көксакалдар ушундай деп чечтик: Биринчиден, буларга ишенүүгө эч мүмкүн эмес! Элдин көзүн будамайлаш үчүн мындай немелер эмнени гана жасабайт?! Эмнени гана ойлоп, эмнени гана айтпайт?! А балким булардын үйү чындап эле жыландардын ордосудур?! А балким Кызмончок чындап эле ажыдаардыр?!

Канымет тарапка таразанын ташы оой түшкөндөй болду. Аны байкаган Канымет андан ары шыр кетти:

– Ошондуктан мени, менден башка дагы бир канчаларды азыр силердин эртеңки күнүңөр тынчсыздандырууда! Кыргызда бир: «Жоо аяган жаралуу» деген кеп бар! Кеч болуп калгандан кийин башыбызды ташка уруп, бармагыбызды тиштеп калбайлы! Өлүмдөн башкасынын эртерээк болгону эле жакшы! Эгерде кепке келип, эпке көнсөңөр, ишти бүгүндөн калтырбай эле чечип койгонубуз оң!

– Канымет?! – Акбай карыя ордунан бир обдула түштү, – Кантесиң, Канымет?!

Канымет ага карап да койгон жок. Бал тилге салып, ансыз да эки анжы болуп, олку-солку турган элдин башын таптакыр айланта сүйлөдү:

– Анын ата-тегинин элге кызмат кылган, элдик адамдар болгонун эске алып, ошолордун арбагын сыйлап, ата-бабадан калган асыл касиетибизди сактап, айкөлдүккө баралы да, Асылбектин алдына бир шарт коёлу, кандай дейсиңер?!

– Туура! Туура!

– Шартыңды айт! – дешти эки-үчөө. «Кандай шартты айтаар экен?» – дегендей көпчүлүк да, беркилер да тынчый калышты.

– Эгерде Асылбек ушул шартка көнсө, анда айылда калып, арабызга аралашсын! А эгерде көнбөйт экен, анда ары жагын да ойлонуп койгонбуз!

Апасынын аркасына далдаланган Кызмончоктун жүрөгү дикилдеп, Жан дагы жаткан жеринен ордуна батпай, ойдолоктой түштү. Канымет чал бир азга унчукпай калып, өтө жооптуу, маанилүү бир нерсе айтуучудай тамагын жасап, чапанынын эки өңүрүн кымтылана, Таңырбай, Бекибай жакты бир карап алды. Алар аны кубаттагандай күлмүңдөп, баштарын ийкешти. Бирок Канымет жылан жакты тик багып карагандан айбыгып, жүзүн ала качып, жалтактап кетти да:

– Эл-журт! Эмесе, бүтүм мындай – эгерде элге бүлүк салган, Сайраны жыккан чын эле Кызмончок эмес, береги жылан болсо, анда аны мындан ары да ким бирөөнө кол салбайт деп эч ким кепил боло албайт! Ошондуктан, Асылбек так ушул жерден жыланды өлтүрүп, эл алдында абийиринин ак экенин далилдеп берсин!

– Туура айтат! Ошентсин! – дешти көпчүлүк. Таңырбай сөзүнөн аягын ушинтип бүтүрдү:

– Болбосо, Асылбектин үй-бүлөсү так ушул жерден таш бараңга алынсын! Кечээки: «Айылдан көчүп кетсин,» – дегенди кантип: «Таш бараңга алынсын!» – менен кантип алмашт ырып ийгенин өзү да байкабай калды. Кызмончоктун көздөрү караңгылап, кулагы туна, апасынын каруусун мыжыга кармап, ыйлап жиберди. Жан анчалык деле кебелген жок. Тек гана жерден баш көтөрүп, курчаган элди таң калган өңдүү бир тегерете карап алды. Асылбектин денесинен чыпылдаган муздак тер чыгып кетти. Жабалактай тиктеген элге эмне жооп айтаарын билбей, адегенде алдастай түшүп, анан:

– Жок! – деди. – Аны өлтүрүүгө менин колум дагы, дитим дагы барбайт! «Чөптү кордосо – көзгө зыян». Мунун айбандыгы эле болбосо, чыпалактай кезинен көз алдымда чоңойгон. Эч бирөөнө кылдай зыяны жок!

– Акмак!!! А менин аялымдын аз эле жерден өлбөй калганы сага кылдай да татыбайт экен да?! Адамдын жанынан да сенин ажыдаарыңдын жаны баалуураак турбайбы!

Жамажайынан шилекейи чачырап, ачуусу аябай келгендиктен өңү кара-көк тартып, калчылдаган Абылай ушинтти да, мылтыгын соройтуп, жыланды мээледи. Бектемир атасынын колундагы куралга асылып, алып койду эле, эми Абылай жерден таш ала коюп, ортодогуларды ургулап кирди.

– Ата?! Ата?! – деп колуна жабышкан Бектемирди жыга түртүп, жерден өчөңдөп таш издеп, улам тигилерди көздөй сызгырылтып ыргыта баштады. Аны токтотконго киши чыкпай, атүгүл ага кичүү уулу Чынтемир кошулуп, бара-бара таш ыргыткандардын катары арбып, Асылбектерди көздөй туш-туштан таш мөндүрдөй жаай баштады. Асылбектер жада калса үйгө кире качууга да үлгүрбөй, улам бир жерине таш тийип, жандалбастай бети-баштарын калкалап, бир ууч болуп чогула калышты. Жан дагы канча ирээт денеси ооруп, ары-бери ойдолоктоп жатып, акыры укмуштуудай бир үн чыгара ышкырып, тикесинен тип-тике тура калды! Ушуну эле күтүп тургандай, айлана-тегеректе кандайдыр бир ышкырык өндүү үндөр пайда болуп, заматта айылды жыландар каптап кетти! Элди тегерете курчап, кышылдаган үн чыгарышып, кичине эле кыймыл кылгандарга: «Тс-с-с!!!» – этип, коркунучтуу сес берип, эки ачакей тилдерин соймоңдотуп жатышты. Баятан бери бакылдап жаткан Канымет чал, Абылай, Бекибай, Ишенбайдын келмелери ооздорунан ыргып, аялдар чаңырып, балдар ыйлап, айтор, бат эле айылд ы ызычуу каптап кетти. Айрыкча: «Ансыз да элге жек көрүмчү болгон жаныбыз, эми биротоло бетибиз карарабы?» – деп Асылбек, Акбай ата, Сырга, Кызмончоктун үрөйү учту.

Ак жыландан алда канча өңдөрү суук – кара, чаар, таргыл, ала-була жыландардын бир даары элди айланта сыртынан курчап, бир даары соймолоңдоп так адамдардын аяктарынын арасынан аралап өтүп, ортого кирип келишти! Асылбектин жанында тикесинен турган Жан аларга көрсөтмө берип, буйрук кылып жаткандай туюлду элге.

– Жан! – деди ушул тапта Акбай ата каргылданган добушу менен, – Жан, антпе айланайын?! Кечир бизди?!. Элди кечир?! Бири-бирибизге кара санабайлы!

Карыя Жандын алдына тизелеп отура калды.

Ортого кирип келген кара чаар жыланды Асылбек менен Сырга тааныды!.. Ал азыр да так ошондогудай каардана түп-түз мээлеп, Акбай атага карай келатты.

Аңгычакты Жан жерге өтө ылдамдык менен ийилип түшүп, кара чаар жыландын алдын торой токтотту эле, Эне-жылан денесин титирете катуу жыйрып алып, кайра имерилип, артка кетти.

Ким-кимисинин оозунан келмеси түшүп, көзгө илээшпеген убакыттын ичинде эле бир айылдын элин бир ордо жылан бийлеп, баш ийдирип турду! Адамдар да, жыландар да качан үнсүз-сөзсүз, кыймылсыз тынчый түшкөн убакта гана Жан Кызмончоктун алдына сойлоп келди.

– Кызмончок!.. – деди ал көмөкөйүндө сүйлөп, – Адамдардын асылдыгын, айкөлдүгүн, улуулугун ырга, жомокко айлантып, чыны менен эле ошондой экенине өзүң да ишенип, мени да ишендирчү элең! «Адамдай ак көңүл, сабырдуу жана кечиримдүү бол!» – деп үйрөткөн элең?!.

– Жан?! – жыландын сөзүн бөлүп, жандалбастап ыйлап жиберди кыз, – Суранам, андан аркысын айтпа, Жан?!.

– ?!.

– Ал жомоктордо чындык бар! Адамдар жөнүндөгү, жакшылык жөнүндөгү ишенимден эч качан, эч убакта кайтпа, Жан?!.

Кызды аяган үчүнбү, айтор, аны бир топко нес боло карап туруп, тамагын балкылдата, кышылдады жылан:

– Кайтпайм… Эч качан… Анткени, аны мен сенден көрүп турам…

– Жан! – Кызмончок эми салаалаган көз жашын улам бир алаканы менен арчый, ыраазы болгондой, күлүмсүрөй айтты, – Рахмат, Жан!

Жан менен кыз кучакташып калышты.

– Мен сага өмүр бою ыраазымын, Жан! Бирок мени кечир?!

– ?..

– Эгерде Жараткан сени жылан кылып, мени адам кылып койбогондо, мен сени эч кимге алмашпас элем!

– Мен сени кантип таштайм, Кызмончок! Мен үчүн тирүүлүктүн маңызы сенсиң го?! – жыландын көздөрүнөн ый аралаш ушул жазууну окуду кыз.

– Мен үчүн дагы, Жан! –акырын шыбырады кыз. Жан ушуну гана күткөндөй, кызга бой таштады.

Кыздын ийнине башын жөлөгөн жыландын денеси, кудум ыйлап жаткансып, солкулдап турду! Унчукпай, сезим-туюм аркылуу сүйлөшүп турган экөөнү эл да, жыландар да дем чыгарбай карап турушту.

Кызмончоктун салаалаган көз жашы эки бетин көл-шал жууп, кучагындагы жыландын денесин кошо жууп жаткан болчу.

– Кызмончок! – жылан бир убакта кыздын ийнинен башын көтөрүп, көздөрүнө тигилди, – Эгерде сен макул десең… бул жерден кетеличи?

–Андай дебе! Бул биздин акыркы жолугушуубуз болсун!

– ?!!

– Сен экөөбүз эки бөлөк жандарбыз! Көрдүң го, өзүң…

– Анткен менен биздин сүйүүбүз бир эмеспи?!.

Кыз Жандын жумуру денесин кош колдой кармап, көздөрүнө карады:

– Мен сенин бактылуу болушуңду каалайм, Жан! – деди анан үнүн сыртка угуза өктөм айтып, – Билем, сага жыландардын арасында жашоо кыйын! Бирок адамдардын арасы да сага түнөк эмес! Ошондуктан, мен бүгүн сенин өз дүйнөңө, мекениңе сапар алып, бу жерден биротоло кетишиңди каалайм?! Ошондо гана менин санаа- көңүлүм тынч болот! Ата-энемди карачы,к анча азапка салдык!..

Жан кызды узакка көз албай тиктеп турду да, жерге акырын шыпырылып түшүп, анан артына шарт бурулуп, элди аралап кирип кетти!

Ошондон көп өтпөй эле жыландарды баштаган Жан айрылуу азабынан болкулдаган боорун жерге ныгыра-ныгыра басып, кышылдаган аянычтуу үн чыгарып, ыйлап… айылдан узап кетип баратты!

Кызмончок баштаган айылдыктар адырдын бетинен өйдөнү карай, тээ далайга чейин аягы үзүлбөй, дарыядай агылып бараткан жыландарды көрүнбөй калгыча карап, турган ордуларында катып турушту…

(1-китептин аягы, уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.