Белгисиз маршрут: үргүлөгөндөр, наалыгандар, шым кийгендер, аракка тоюп алып мактангандар…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


134-маршрут Бишкектин түштүк-батышында жайгашкан Арча-Бешик конушу менен борбор калаанын түндүк-чыгышындагы Ново-Покровка айылын байланыштырган каттам. Күн сайын таң эрте ушул каттам менен Арча-Бешиктен шаардын борборуна, кечинде шаардын борборунан Арча-Бешикке каттагандыктан, 134-маршрут менен каттагандар гана эмес, алардын мүнөз, кыял-жоруктары да тааныш.

Арча-Бешиктин ортоңку бөлүгүндө жашагандыктан, кээде маршрутканын ичи толуп, кээде бошурак келет. Эгер, бошурак болсо, анда шаарга дейре бош орундукка отуруп барасың, эгер маршрутканын ичи толо болсо, ооз жагында туруп алып барууга туура келет. Бул күн сайынкы көнүмүш нерсе. Маршруткада жаштар отуруп, алардан улуураактар туруп турганы кадыресе көрүнүш. Эреже боюнча артка жылып, кийинки кире тургандарга орун бошотуш шарт эмеспи. Антейин десең, мурдараак кирип орундукка отуруп калышкан жаштар мурчуюп мурдунун үстү менен карашат, андыктан аларды ыңгайсыз абалга калтыруунун зарылдыгы канча? Таптакыр эле бел бекчейип, көз чекчейип карып калбаган соң, 40-50 мүнөттүк жолго туруп деле барса болот. Жаштардын башын жер каратып, терезе тиктетип, «туруп, орун бошотуп берсемби же жокпу» дедиртип, эки анжы абалга кептегенден көрө, маршруткада жарым саат туруп туруу ден соолукка да пайдалуу деп укканым бар. Врачтар ушинтип айтышат.

Акыркы жылдарда коомдук транспортто жаштардын кары-картаңдарга орун бошотуп бербей, үргүлөмүш этип, же телефонун чукуп, жер карап отуруп калышы адатка айланды. Шаарларда гана эмес, айылдарда да ошондой. Минтип жаштардын улууларга, кош бойлууларга орун бошотуп бербей коюусунан трагедия издеп, кыргыздын салтында мындай жок эле деп, ушул арзыбаган нерсени ыйманга, жаштардын абийирине байланыштырып, жаштарды анүчүн күнөөлөп деле кереги жок. Ыйманды орун бошотуп бергенге эле байлап койбосо керек. Колу-буту соо, ден соолугу жайында адам карылыгын же улуулугун өзүнөн кичүүлөргө колко кылбаганы дурус.

Бир жолу мындай бир окуя болду. Маршрутка Ош базарындагы аялдамага келип токтоп, эл түшө баштаганда эле, маршрутканын босогосун аттап-аттай элек бир аял кыйкырып кирди: «Азыркы жаштар ушундай, карылар туруп турат, жаштар көрмөксөн болуп отурат. Кана, ким бирөөнүн орун бошотоюн деген ою барбы?» Алдыңкы орундар бош турган. Аял ал орундарга отурган жок. Кийинки катарда отурган 50дөгү киши туруп берди эле, артында 17-18деги кызы кошо келаткан экен, аны терезе жакка өткөрө берип, өзү бери жагына отурду. Анын артынан балалуу келиндер, тиги аялдан улуу аялдар да маршруткага түштү. Баягы неме ордунан козголбоду, 17-18 жашар кызын боюнда бар келиндерге орун бошотуп бер деген да жок. Маршруткадагылардын бири да: «Кызыңыз тиги боюнда бар келинге орун бошотуп берсе боло», – деп айтышпады. Себеби, бул аял баарыбызга тааныш, анын кулк-мүнөзүн да билебиз. Үйүнөн чыгып шаарга баратабы, же шаардан үйүнө баратабы, дайыма кыйкырганы-кыйкырган. Бечара кызы да анын кыйкырганына жедеп көнүп бүткөн. Апасы кыйкырганда эле, кызынын башы жерге кирип кетет. Кызы – ыймандуу, жылдыздуу кыз, дайыма орун бошотуп берсемби деп, ордунан тура калат да, апасынан чыканак менен капталга жейт. Мына ушундай, өзү маршруткага кирбей жатып, жаштардан ыйман кетти деп наалый баштайт да, өзүнүн 17-18 жашар кара чечекей кызы улууларга, боюнда бар келиндерге орун бошотуп берейин десе, көзүнүн төбөсү менен карайт.

Бир жолу мындай окуя болду. Хиджаб кийген 10-11 жашар кыз маршруткага кирип, ийменип, шоопур жакка туруп калды. Алдыңкы катарда 55-60 жаштардагы, чачын кыска кылып кырктырып, капкара кылып боёткон, шым кийген, болду-болбоду жогорку окуу жайларынын биринде окутуучу болуп иштеген же мамлекеттик кызматта иштеген эжеке отурган. Кыздын жооштугун кыраакы көздөрү менен дароо байкады көрүнөт: «Ай, кыз эмне мынча чүмкөнүп алгансың? Сен эмне арабсыңбы? Кыргыздар ушубуз да, минтип балдар-кыздарыбызга капкара кийгизип, жаштайынан аза күттүрө баштадык. Ай, сен ата-энеңе айтпайсыңбы, мектепке барам, медресеге окубайм деп. Деги сенин атаэнең барбы? Илгери кыргызда аялдар элечек кийинчү, кыздар жоолук салынчу. Минтип хиджаб кийчү эмес», – деп алкынып кирди. Интеллигент эжейге эч кимибиз сөз айта алган жокпуз. Адатта, мындай эжекелер маршруткага түшпөйт, түшпөгөн соң, бүгүн эл эмне менен дем алып, эмнеге кубанып, эмнеге кайгырарын, кандай жашап жатканын билбейт. Анан кокусунан маршруткага түшө калып, бечара кыздын хиджаб кийгенин көрүп, чыдай албай кетти көрүнөт. Мен тигил интеллигент эжекейдин кыркылган чачы, өтө эле кыпкызыл кылып боелгон өңү-башы, ап-апак шымы тууралуу айтайын дедим. Качан эле кыргыз аялы чачын кыркчу эле, качан эле агала чачын капкара кылып боеп, жаш көрүнгөнгө аракет кылчу эле. Качан кыргыз аялы шым кийчү эле? Бирок, айткым келбеди. Ал баары бир мени укмак эмес. Укса да, төбөмөн бутума чейин сыдырата карап тим болмок.

Маршруткада кызыктар толтура. Бир жолу Ош базарынан бирөөнү маршруткага түртүп киргизип жиберишип, анын артынан досторубу же бейтааныштарыбы, бирөөлөр: «Эй, дос, мындан жол кире албай эле кой», – деп шопурга карата кыйкырып калышты. Шопур бирдеме дегиче тигилер эшикти жаап, нары карай басып кетишти. Ачуусу келген шопур беркиге кыйкырды: «Байке, же жол кире төлөп коюңуз, же түшүп кетиңиз». Тиги шопурду олурая бир карап алды да, жооп бергендин ордуна, отурган келиндердин бирин тургузуп, өзү отуруп алды. 40-50нүн тегерегинде окшойт. Мас экен. Маска да киши тең келмек беле. Шопур бала: «Байке дейм, жол кире төлөңүз!» – деп бир айтты, эки айтты, акыры унчукпай калды. Мас немеге теңелип, «түшүп калыңыз» деп, маршруткасын токтотуп туруп алган жок. Кээ бирлер маршруткасын токтотуп, туруп алмай адаттары бар. Ошондо тиги жол киресин төлөбөй келаткандар же төлөйт, же… Бу ыймандуу шопур экен, элден да, тиги мас немеден да ийменген өңдөндү.

Шопур «жол кирени төлө» деп айтканын токтоткондон кийин, берки маска тил бүттү. Бир ыктытып алды да, жанындагыларга мактанып кирди: «Тигилер (маршруткага салып ийгендерди айтып жатат) сыйлашты, «кой» десем да, болушпады. «Шаарга келип калыпсыз», – деп сыйлаганынан ичип койдум. Анан мен жооп кылдым. Анан алар. Анан мен… Ошентип отуруп кыйла ичип коюппуз. Айылда иш жок, айлык албайбыз, бирок байбыз, бир бодо мал сатып келди элем. Шаарга келгени досторго жолугуп иче берип, жарымын ичип салыпмын. Эми баарын ичип сала электе, «Дордойго» барып, балдарга дептер-септер алып, айылга кетишим керек. Бу шаарда арак таза окшойт, такыр мас болгон жокмун. Бизде, айылда аба таза…»

Түшөр-түшкүчө мактанды. Өзү Нарындан, сыйлаган достору Таластан экен. Мактанган бойдон жол киресин төлөбөй түшүп кетти. Мас неменин ордуна мен деле төлөп койсом болмок, негедир төлөгүм келбеди.

Аны сыйлабаган үчүн же тааныбаган үчүн деле эмес. Бай экенин, башкалар аны сыйлап, ал башкаларды сыйлап, улам-улам арак ичкендерин, таптакыр мас болбогонун айтып мактангандар, бирок ошолордун бири да негедир жол кире төлөшпөйт. Аны көрүп, биздин муундагылардын ичип жүргөн кездерин эстедим. Эстесем, биз да арак ичкенди, бирөөлөрдү тооруп, арак алдырып ичкенди эрдик көрчү экенбиз. Бирок биз жол кире төлөчүбүз. Башкалар көрүп калбасын деп, арак ичкенде үйгө такси менен кетчүбүз.

Азыр жаштар биздин муундагыларга, бизден кийинкилерге окшоп, көп ичишпейт. Айылдарда дүкөндөр арак сатпай калды деп угуп калабыз. Ошондой эле болсо экен. Арак ичип, муратка жеткен кишини көрө элекпиз.

Кээде 134-маршрутка мага бүгүнкү моралдын, шаардыктардын бири-бирине жасаган мамилесинин, жаштар менен улуу муундагылардын ортосундагы сый-урматтын, үй-бүлөдөгү тарбиянын күзгүсү, бүгүнкү кыргыз коомунун барометри сыяктуу сезилет. Андай болгондо, коом уйкудан ойгонууга тийиш. Убакыт бат эле өтүп кетет, эгер мораль ушул бойдон кала берсе, анда эртеңибиз күмөн, эртеңибиз бүдөмүк. Мындан чейрек кылым мурда эле, кыргыз кыздары шым кийчү эмес, чачын кырктыргандар да сейрек эле. Бизден улуу муундагы эжелер, энелер шым кийгенди уят деп эсептешчү. Азыр кыздар эмес, жашы өтүп калган эжекелер, 60-70теги кемпирлер деле шым кийип, чачын кырктырып жүргөнү өөн учурабай калды. Качан кыргыз жаштары көчөдө элди көзүнө илбей кучакташып турушчу эле? Азыр жаштар кучакташмак турсун, биринин алдына бири отуруп алып, кучакташа беришет. Квартиралар суткага, саатка эсептелип баасы бычылып, «мейманкана» үчүн берилип жатат.

Интернет баарын жайдактап, ачыктап салды. Бир кезде Шапиро «Сергек жашоонун мүнөзү» деп китеп чыгарып, жаштарды … турмушка тарбиялоо ниетин көздөгөндө, бүтүндөй коомчулук аны сөгүп жатып калганбыз. Азыр «Сергек жашоонун мүнөзүнө» интернетке колу жеткендин баары өзү таап алат жана өспүрүм эч кимден мораль сурабайт. Натыйжада, 13 жаштагы мектеп окуучулары төрөп жатат.

Кыргыз коому глобалдашкан доордун барымтасында калды. «Канткенде глобалдашуунун туткунунан кутула алабыз?» деген суроонун жообу жоктой туюлат. Глобалдашуу мындан ары да ажыдаардай оп соро берерин ойлогондо, ата-бабалар айткан акыр заман ушубу деген ой кетет.

Эмнеси болсо да түбү түз болгой эле.