Кыргыз–кытай дипломатиялык алакаларынын тарыхынан: Ата-бабалардын жолу уланууда…

1758–жылдын 4-октябрында кыргыз-кытай саясий алакаларында өтө олуттуу окуя болуп, азыркы Кытай Эл Республикасынын түндүгүндөгү Кангай чөлүнүн чыгыш жагында жайгашкан Хыбый аймагындагы Вейчын районунун Бухуту (Бугулу) деген жерде кытайдын Цин сулалесинин императору Гаоцун Чунь Хуанди Цяньлун (1736-1796-жж. башкарган) алатоолук кыргыздардын элчилерин расмий кабыл алып, сыйын көрсөткөн.

XVIII кылымдын ортосунда батыш монголдордун (ойрот-калмактардын) мамлекети – Жунгар хандыгы ички араздашуунун айынан алсырап, кыргыздардын жана коңшу боордош казак, өзбек калктарынын биргелешкен чечкиндүү боштондук күрөшүнүн негизинде, мурда убактылуу баскынчылардын таасиринде калган жерлери бошотулган. Мындан кийин, жергиликтүү калктар түштүк чек ара тарапта жайгашкан жаңы кошунага айланган маньчжуркытайлардын зор мамлекети – Цин империясы менен саясий алакаларын кайрадан жандандырган. Себеби, мамлекеттер аралык чек-ара маселелери менен бирдикте соода-сатык жана чарбалык мамилелерди жөнгө салыш жагдайлары алдыга чыккан эле.
1758-жылы жаздын аягы, жайдын башталыш мезгилинде Цин империясынын өкүлдөрү Уэрден, Толунтай, Идамчжаб жана Линьбао Кыргызстандын бир далай аймактарына чейин келишип, ошол кездеги кыргыздардын ханы болгон Маматкул Үчүке уулу менен Ала-Тоонун чордонунда жолугушуп, эки калктын ортосундагы чек-ара талаш маселелерди чечиш үчүн Бейжинге кыргыз элчилигинин барышы жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макулдашылган.
Цин императорунун 1758-жылдын февралында кыргыз башкаруучуларына жазган манифести өтө кызыктуу. Бул документтин мазмуну XVIII кылымдын экинчи жарымында жазылган «Пиндин чжунгээр фаньлюе» («Жунгарияны тынчытуунун баяндамасы» деген кытай булагында (49-бап, 25а-26б беттеринде) келтирилген. Мында демейдегидей эле, улуу державалык мазмунда, Цин империясынын Борбор Азиядагы, анын ичинде Жунгариядагы окуяларындагы ролу ашыкча даңазаланат. Цин императорунун кыргыздарга атайы жазылган кайрылуусунда минтип айтылат: «Силер, буруттар (кыргыздар – Д.С.) жунгарлардын (калмактардын – Д.С.) иштерине эч качан кийлигишкен эмессиңер, бирок эзелтен коңшу журтсуңар (алдын биз сыздык – Д.С.). Бу күндө жунгарлар толук багындырылды жана силердин жериңер биздин чек-ара менен ирегелеш болуп калды. Эгер силер, казактар сыяктуу биздин дөөлөткө ыктап, баш ийип келсеңер, мен силерди мурдагыдай жашаганга, кийим-кечеңерди өзгөртпөөгө мүмкүндүк берем. Мансап даражаларын дайындабайм жана салык албайм. Арийне, өкүл жиберип өтүнүч кылсаңар, мен жакшылыгымды жана сыйлык-сыйымды аябайм. Силердин чет жерлик салтсанааңар Жер Ортолук (орусча булакта — Серединное государство – Кытай – Д.С.) мамлекеттен айрымалансаңар керек, андыктан биз тарапка өтүштү жана баш ийишти каалабашыңар ыктымал, бул өзүңөрдүн ишиңер. Бирок силерге караштуу урууларды эч качан чек ара бузбагандай кылып тескөө зарыл. Ошондо мен бул тараптагы аскеримди көбөйтпөйм жана тынчыңарды албайм. Жок, жоошуп, тынчыбайт экенсиңер, же империянын чегинен көчүп өтүп, өз билгениңерди жасап талоончулук кылсаңар, анда карама-каршылыкты өзүңөр түзгөн болосуңар. Аскерлерибиздин каарына каласыңар, өкүнөсүңөр, кийин биздин ырайым кылышыбыз кыйын болот» (Плоских В.М. Киргизы и Кокандское ханство. Фрунзе, 1977. С.80).
1758-жылы июль айында Кытай элчилери, 20дан ашуун кыргыз урууларынын өкүлдөрүн коштоп, жаңы чек аталган Синьцзяндын чыгыш тарабындагы Кангай чөлүнүн чыгыш жагына аң уулоого келген Цин императору Богдо Ежен хан (орустар аны кыскартып Богдо хан десе, кытайча толук аты Гаоцзун Чуньхуанди Цзяньлундун 1736-1796-жж. башкарган) жолугушуусуна алып барышкан. Элчиликтин алгачкы сүйлөшүүлөрү октябрь айынын 4ү күнү Мулан Вейчыңдын (азыркы Кытайдын Хыбий аймагы Вейчың району) Бухуту (Бугулу) деген жерде болгон.
Мындан кийин, Богдо Ежен хандын кыргыз элчилери менен дагы бир жолугушуусу болуп, Кытай аскерлеринин чеберчилик тамашасын көрсөткөн. Он күн өткөндөн соң падыша кыргыз элчилерин өзүнүн ордосуна сый тамакка чакырган экен. Цин императору Богдо Ежен хан менен Пекин шаарына кыргыздардын беш элчиси баргандыгы орус тарыхый булагында эскерилет. Ал эми азырынча, бизге белгилүү болгон Кытай булактарында болсо, ушул жылдагы окуяларга тиешелүү алты адамдын аты жолугат, алар: кыргыз ханы Маматкулдун иниси делген Шербек (сарыбагыш); Черикчи Темир уулу (сарыбагыш); Түлкү Айты уулу (саяк уруусу кулжыгач уругу); Нышаа Кудайменде уулу (солто уруусунун асылбаш уругунан). Нышаа (1702-1785) өз мезгилинин билимдүү адамы эле, кичинесинен калмактардын колунда болуп лама чиркөөсүндө билим алгандыктан, монгол тилин жакшы билген жана кытай тилинен да кабары болгон; Шүкүр (атасынын аты тактала элек – кушчу уруусунун өкүлү болгон); Ноочу (атасынын аты тактала элек – адигине уруусунун баргы уругунун өкүлү).
Кыргыз элчилери Бейжинге барышканда Ры Хынын (Жылуу дарыя), Би шу шан жуань (Салкын төр) деген жерде болушуп, негизги сүйлөшүүлөрдү Цин императорунун Ваншу гүлбагында (үлпөт сарайында) жана панус (сейил багында) жүргүзүшүп, бири-биринин чек араларынан өтүшпөөгө макулдашып менен ата-бабалар ачып берген жолду ынтымакта сактап калуу жөнүндө убадалашышкан. Кыргыз элчилери бир нече жолу Богдо Ежен хандын чын ыкластан кадырлоо менен берген сыйына татышып, кытай аскерлеринин маштыгын (искусствосун) көрүп, ыраазычылыкта мекенине кайтышкан. Элчилерден Черикчи, Түлкү жана Нышаага – үчөөнө тең 3-даражадагы башкаруучулук чени жана тоос кушунун (павлин) канатынын бирден талы, ал эми Шүкүргө 6-даражадагы чен жана кара куштун канатынын бир талы ыйгарылган. Шербек менен Ноочунун кандай белек алгандары жөнүндө маалыматтар азырынча жок.
Кытай мамлекетинин сыйлык чен, белектери атаданбалага мурас катары берилгендиктен, Ныша баатырдын чени уулу Дөөлөткө, Түлкү баатырдыкы анын уулу Кедейге, ал эми Черикчи баатырдыкы анын уулу Ахлакка ыйгарылыптыр.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, профессор