8-июнга карата аба ырайы

Синоптиктердин маалыматы боюнча 8-июнда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30;

Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +25…+30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+31;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;

Нарын аймагында түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24;

Ал эми Бишкек шаарында 8-июнда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13°, күндүз +27…+29 градус көтөрүлөт.

Булак: Кыргызгидромет