“Чалдовар” көзөмөлдөө жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункту текшерүүгө алынды

Өкмөтrө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Асылбек Эрмеков журналисттер менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 19-июнунан 20-июнуна караган түнү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Чалдыбар” контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуу убактылуу пунктунун ишин текшерүүгө алды. 

Салык кызматынын төрагасынын орун басары убактылуу пунктта иштеген кызматкерлердин товарларды ташып келүү менен алектенген жарандардын ыңгайлуулугу үчүн түзүлгөн иш ордуларындагы техникалык жабдуулары, жүктөрдү алып өтүү режими менен таанышып, ал жерден ишкерлердин да оюн укту.

А. Эрмеков билдиргендей, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын 4 контролдук-өткөрмө пункттарынын жанында транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттары иштеп жатат.

Убактылуу пункттарда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташылып келинген жүктөр жөнүндө маалыматты онлайн режиминде аймактык салык органдарына жөнөтүүгө мүмкүндүк берүүчү коштомо кагаздарды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система иштөөдө. «Алынган маалыматтардын негизинде аймактык салык органдары жер-жерлерде салык төлөөчү жөнүндө, өлкөгө алып келинген товар жөнүндө — ташылып келген мезгили, товардын түрлөрү жана саны, ошондой эле төлөөгө тийиштүү болгон салыктын өлчөмү боюнча да маалыматтарга ээ болушат. Эгерде, импорттоочу салыктарды белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, анда салыкчылар издөө иштерин жүргүзүшөт”, — деп билдирди А.Эрмеков.

Ушул убактылуу пункттун ишине жооптуу МСКнын Панфилов району боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Бектеналиев “Чалдыбар автожолу” контролдук-өткөрмө пункту аркылуу суткасына 80-90 машина өтөөрүн жана алардын жарымы ишкерлик максатта товарларды алып өтсө, калган жарымы жеке керектөө үчүн товарларды алып өтүшөөрүн кошумчалады.

Ошондой эле ал, ташып келинүүчү жүктөргө товар коштоочу документтердин же коштоочу кагаздарынын, аймактык салык органы тарабынан берилүүчү маалымкаттардын жоктугу, ошондой эле ташылып келген жүктүн иш жүзүндөгү көрсөткүчү коштоочу документтерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр менен дал келбеген учурлар көп кездешээрин белгиледи.

Мындай учурларда мыйзам бузуу менен товарлардын ар кандай түрлөрүн импорттогон тартип бузуучу субъекттер боюнча материалдар андан ары териштирүү үчүн мобилдүү топко берилет.

Пресс-турдун жүрүшүндө МСКнын төрагасынын орун басары А.Эрмеков белгилегендей, салык органдары 2019-жылдын 5 айында республиканын бюджетине 9 млрд 166,1 млн сом кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыз кылган. Мындан тышкары, ушул мезгил ичинде КР аймагына ЕАЭБден ар кандай категориядагы товарларды импорттогон ишкердик субъекттер тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча бюджетке 139,2 млн сом суммасында салыктар кошумча эсептелген.

Жыйынтыгында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары транспорттук контролдоо жана эсепке алуунун убактылуу пунктунун кызматкерлерине бир катар көрсөтмөлөрдү берип, ошону менен бирге тийиштүү уруксаат берүүчү документтерди туура толтуруу жана берүү боюнча товарларды ташып келген субъекттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.