Чокморовдун 80 жылдыгына карата өлкө боюнча кино кербен өтөт

Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата өлкө боюнча кино кербен уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кино кербендин ачылышы Таласта 20-21-июнь күнү болуп өтөт. Анда Сүймөнкул Чокморов тартылган тасмалар – Болот Шамшиевдин «Караш-Караш окуясы» жана Төлөмүш Океевдин «Улан» аттуу тасмалары көрсөтүлөт.

Кино кербен өлкө боюнча өтүп, 9-ноябрь күнү Бишкекте аяктайт.

Белгилей кетсек, Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Ал «Жамийла», «Кызыл алма», «Караш-Караш окуясы», «Улан» ж.б. тасмаларында роль жараткан.