ШКУну тейлеген «MAXUS» компаниясына рахмат

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Мамлекеттик «Кыргыздипсервис» ишканасынын директору Талант Султанов Кытайдын «MAXUS» автомобиль компаниясынын жетекчилигине Бишкекте өткөн ШКУнун 19-саммитин тейлегенге көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык катын тапшырды.

Белгилей кетсек, «MAXUS» автомобиль компаниясынын флагмандык моделдеги унаалары саммит өтүп жаткан күндөрү сыйлуу конокторду тейледи. Буга байланыштуу ТИМге караштуу “Кыргыздипсервис” мамлекеттик ишканасынын директору «MAXUS» компаниясынын башкы директору Ван Жуйга ыраазычылык катын жолдоду. Катта эки тараптын кызматташтыгы дагы тереңдей берет деген ишеним айтылган. Ал эми Ван Жуй мырза Т.Султановго эки «MAXUS» унаасынын ачкычын тапшырды.

Негизинен алганда «MAXUS» унаа компаниясы ШКУ, АРЕС, БРИКС, G20 өңдүү дүйнөлүк маанидеги саммиттерди тейлеп келет. «MAXUS» компаниясынын унаалары кытай машина куруу тармагынын жетишкендигин жана машина куруудагы кытай стилин чагылдырган, абдан ыңгайлуу унаалардан болуп саналып, дүйнөнүн 46 өлкөсүндө сатылат.