Алмазбек Атамбаевдин Орусияга боло турган сапары талкууланды

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков Орусиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси жана Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Владимир Булавин менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик аппараттан билдиришти.

Жолугушууда тараптар президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга боло турган мамлекеттик сапарына даярдыктарды талкуулашты.

Ошондой эле, Сапар Исаков менен Владимир Булавин эки мамлекеттин кызматташтыгы боюнча пикир алмашып, Евразия экономикалык биримдик алкагындагы аракеттер тууралуу дагы сүйлөшүштү.