Баткен: Өрүк бышып, экспортко чыга баштады

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Баткен өрөөнү өрүк менен таанымал. Акыркы жылдары өрүктөн эле эл канчалаган млрд. сом пайда көрө башташканы айтылып келет. Анткени, бул аймакта өрүктүн көптөгөн түрү өндүрүлүп, анан абдан кургатылып КМШнын бир катар өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат.

Быйыл жаанчыл, ным ашыкча болгондуктан Баткен элинин негизги кирешеси болгон өрүктөрдүн 80%ына кара так түшкөн. Ошентсе да, азыркы учурда дыйкандар өрүк түшүмүн кызуу жыйнап жаткан кези. Багбандардын айтымында, как кылынбай сатыла турган ак өрүктүн “ашкана” сорту башка өрүктөрдөн бир айга эрте жетилет. Учурда Орусия жана Казакстанга экспорттолгону менен, жылдагыдан эки эсе арзан болуп, бул өрүктүн баасы 35-45 сомдун тегерегинде. Баа сырттагы кардарлардын сунушуна жана мөмөнүн сапатына жараша аныкталууда. Жергиликтүү эл аны ортомчуларсыз түз Европа базарларына чыгарса, киреше алда канча көп болмок дешүүдө.

Баткен облусунда 7 миң гектардан ашуун жерде өрүк багы болсо, анын 3 миңин жаңы көчөттөр, ал эми 4 миңин чоң бактар түзөт. Быйылкы жылы облус боюнча жалпы өрүктүн түшүмдүүлүгү 10 миң тонна болоору күтүлүүдө.

Баткен өрүгүнүн өзгөчөлүгү – эттүү келип, аш болумдуу жана сапаты жакшы. Баткенде өрүктүн 20дан ашык түрү болсо, алардын ичинен «Кандек”, «Сууханы”, «Ак өрүк”, «Исфарак”, «Курмайы” сыяктуу сорттору көп өстүрүлөт. «Ак өрүк” сортундагы өрүк эң биринчи май айында бышаары менен эле кургатылбай туруп, экспорттолот. Облус аймагында быйылкы жылы жалпы 97 миң тонна өрүк өндүрүлүп, анын 10 миңден ашыгын ак өрүк сорту түзөөрү күтүлүүдө.

Өрүк жөнөкөй жол менен кургатылуучу, убакытты талап кылган майда жумуш. Алгач бышкан өрүктү чаңдан тазалап, жууп, алтын күкүрт менен 5 сааттай ышталат. Андан кийин күнгө жайып табына келгенде данегин ажыратып алынган соң, кайрадан күндүн аптабына жайылып кургатылат. Мындай жол менен кургатылган өрүк кооз болуп, өтүмдүү болот. Бирок, дүйнөлүк рынокто алтын күкүрт менен ышталган өрүктүн конкуренти күч болгондуктан, дыйкандар органикалык жол менен кургатууга өтүшүүдө. Андан сырткары, органикалык жол менен өрүктүн кыямын, шербет да даярдап сатыкка коюшууда. 2010-жылдан тарта органикалык өрүк өндүргөн Турсунали Төлөмүшев 2008-жылы «Алыш Дан» айыл чарба кооперативин түзүп, Баткен өрүгүн эл аралык базарга алып чыгуу аракетин баштап, өрүктү сактоочу кампасын куруп баштаган.

Ал эми Баткен районунун КараБак айылындагы “Алтын аймак” ЖЧКнын бул ишканасы (сүрөттө) кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө багытталган. Учурда бул жерде өрүктү, алма какты жана кара өрүктү Орусия, Түркия жана Америкага чейин экспорттошууда.

Эске сала кетчү нерсе, Баткенде өрүк май айынын акырында бышат, августтун 10-15теринде баары толук жыйналат. Баткендин жалпы мектеп окуучулары үчүн үч айлык эс алуу – өрүк мезгили болуп эсептелет, башкача айтканда, мезгил ичиндеги мезгил.