Электрондук кезек – ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарт

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


19-июнга карата алынган маалымат боюнча, бүгүнкү күндө 14, 652 бала мектепке электрондук кезекке турду. Алардын 12, 558и каттоодон өтүп, мектепке кабыл алынды. Ал эми калган өтүнмөлөр каралууда.

Эске салсак, “Бишкек шаарынын мектептерине электрондук кезекке туруу” пилоттук долбоору — үстүбүздөгү жылдын 15-февралында ишке кирген. Бул долбоор – мектеп жашына жеткен балдарды 1-класска киргизүүдө, мыйзамсыз төлөмдөрдүн алдын алууга жана ар кандай сынактарды жүргүзүүгө жол бербөө максатында иштелип чыккан. Мыйзам боюнча, баланы 1-класска кабыл алууда алардан экзамен же тест алып, сынак жүргүзүп, билим деңгээлин текшерүүгө жол берилбейт. Ошондуктан, балдарын 1-класска бере турган атаэнелердин бардыгы милдеттүү түрдө электрондук кезекке турушу керек. Электрондук кезекке турбаган бала мектепке кабыл алынбайт. Ал эми кезеги келген баланы директор мектепке кабыл алууга тийиш.

Азыркы учурда электрондук кезекке туруунун экинчи этабы жүрүп жатат. Ага ылайык, ата-энелер балдарын өздөрү каалаган мектебине берүү үчүн кезекке тура алышат. Экинчи этаптын мөөнөтү 15-августта аяктайт. Буга чейин ички аймактар боюнча өтүнмөлөр кабыл алынган. Башкача айтканда, балдарын өздөрү жашаган аймактагы мектептерге берем деген атаэнелер 15-февралдан 15-майга чейин катталышкан болчу.

Аталган долбоорду жактырган атаэнелердин бири журналист, Динар Турдугулова: “Мурда бир баланы мектепке киргизүү үчүн кеминде 400-500 АКШ доллары берилчү. Мен муну өз тажрыйбамдан улам билем. Быйыл мектепке электрондук кезекке туруу системасы ишке кирип, энеаталар балдарын 1-класска оңой киргизүүдө. Мисалы, КРнын билим берүү жана илим министрлигинин сайтына кирип кезекке турсаң, ал жерде бардыгы бакыйып көрүнүп турат экен. Тааныш-билишчиликтин да кажети жок. Бирок, электрондук кезекке туруу системасы ишке киргени коррупция биротоло жоюлду деп айтууга болбойт. Айрым учурлар тууралуу угуп калып жатам. Документтери дал келбей калган балдардын ата-энелери мектептин кайсы бир өкүлү менен сүйлөшүп, келишип алып кайрадан тапшырып жатышыптыр. Негизинен балдарды мектепке киргизүүдө, электрондук каттоо киргизилгени абалды жеңилдетти”,-дейт.

Ал эми Дилбар Алимова электрондук кезек аркылуу мектепке кирүү абдан ыңгайлуу экенин айтат: “Уулум быйыл 1-класска барат. Мен баламды ушул жол менен Т. Сатылганов атындагы №69 гимназияга киргизе алдым. Кезекке турууга 5 мүнөт эле убакыт кетти. Эртеси күнү өтүнүчүм кабыл алынгандыгы жана 2 жуманын ичинде документтерибизди алып баруум керектиги тууралуу кат алдым. Керектүү кагаздарды тапшырган соң, бир күндөн кийин эле мектепке киргенибизди билдик. Буга чейин жакшы мектептерге акча бермейинче киргизе албайсың деп укчубуз. Электрондук кезек аркылуу бирөөгө бир тыйын бербей, алдыңкы мектепке киргенибизге кубанып отурабыз”, — деди Д.Алимова.

“Бул долбоор ата-энелер үчүн абдан ыңгайлуу шарт түзүп берди. Бир гана атаэнелер үчүн эмес, мектептин жетекчилиги үчүн дагы десек болот. Себеп дегенде, мурда кайсы мектепте канча бош орун бар, кайсы мектепте орун жок экенин эч ким билчү эмес. Кайсы мектеп жакшы болду экен, алат болду бекен деген бүдөмүк ой менен барышчу. Айласы кеткенде таанышын ортого салып, жең ичинен сүйлөшүшчү. Бул эч кимге деле жашыруун эмес. Ошондой эле, мурда бош орун калбай калды десек, бизди калпычыдай көрүп, ишенишчү эмес. Азыр баары ачыкайкын. Балдарын азыркы шартта мектепке киргизүүдө ата-энелердин гана аракети керек. Алар өз убагында кезекке турса эле эч кандай маселе жаралбайт”,-дейт №69 мектеп гимназиянын директору Сайрагүл Атаева. Анын айтымында, аталган пилоттук долбоор өз учурунда ишке ашып жатат. “Бирок, жаңы башталган иш болгондуктан, анча-мынча мүчүлүштүктөр дагы бар. Аларды оңдосо, жасаса болот”, -деди мектеп директору.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы эки мектеп электрондук кезеги жок кабыл ала алышат. Алардын бири №5 улуттук компьютердик мектеп-гимназия болсо, экинчиси №61 физика-математикалык мектеп-лицейи.