Экс-президентти макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө токтом долбоору кабыл алынды

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


13-июнда, «КР Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесине, «КР ЖК Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине таянуу менен Жогорку Кеңештин атайын убактылуу комиссиясы түзүлүп, комиссияга 7 күн ичинде А.Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси милдеттендирилген болчу.

Бул маселе жөн-жай жерден эле чыга калган жок. Экс-президент А.Атамбаев ушул жылдын 17-мартындагы митинг-реквиемде Жогорку Кеңештин депутаттарын чимкирикке салыштырып, мыскылдай сүйлөгөн. Башкаларды мыскылдап каймана атоо А.Атамбаевге мүнөздүү дештиби, депутаттар сабырдуулук кылып, анда унчугушкан эмес. Экс-президент болбой эле, 8-июнда “Медиа-форумда” өткөн митингде дагы бир ирет Жогорку Кеңештин депутаттарын чимкирикке салыштырган. Атайылап эле, булардын колунан эмне келет деген маанидей айткан.

Экс-президент менен Жогорку Кеңештин ортосундагы карама-каршылыктан улам түзүлгөн комиссиянын 17-июндагы экинчи отурумунда экс-президентке карата 9 айып тагылды: Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда, Россиянын 123 жаранына ок атуучу куралдарды тартуулаган. Анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү болгон. “КРнын өнүгүүсүнө салым кошкон” деген негиз менен берилген россиялык жарандардын 99%ы Кыргызстанда бир да ирет болгон эмес. Мындай жосундар улуттук мыйзамдардын жоболоруна кайчы келет. Кой-Таш айылындагы экс-президент Атамбаевдин үйү турган участок мыйзамсыз алынган. “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жиберүү ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көзөмөл жана уюштуруусунун негизинде ишке ашышы толук ыктымал; Өкмөттүн 2011-жылдын августундагы токтомуна ылайык, Чүй облусунун Байтик айылындагы 35,65 гектар жер айыл чарба багытындагы жер макамынан курулуш багытына өтүп кеткен. Бул учурда жер тилкелерин трансформациялоого мораторий жарыяланган эле. Азыркы учурда Бишкек райондор аралык сотунда Башкы прокуратуранын өкмөттүн 2011-жылдын 1-августтагы токтомун жокко чыгарып берүү арызы каралып жатат. «Дастан» ишканасынын айрым жетекчилеринин көмөгү менен Кой-Таш айылынын аймагынан жер сатып алып, анда жеке турак жай салган.

А.Атамбаевдин 2017-жылдагы кирешелери менен чыгашалары жөнүндөгү декларациясында “Форум” имаратын сатуу боюнча 54 млн. сомдук киреше чагылдырылган эмес. Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо жүрүшүндө өлкөгө ири көлөмдөгү зыян келтирилгени тууралуу бир топ маалыматтар камтылган.

А.Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча документте жазылган айыптоолордо: Кыргызстандагы кен иштетүү менен алектенген бир нече ири компаниялар А.Атамбаевдин карамагында иштеши мүмкүндүгү; экс-президенттин Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу, Тарых музейин оңдоодогу, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун куруу жана «Датка-Кемин» долбоорундагы коррупциялык иштерге тиешеси бар экени жазылган.

Комиссиянын отуруму кийинки күнү уланып, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн сунушталган тогуз айып алтыга чейин кыскартылганы тууралуу билдирди.

Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы тарабынан мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн сунушталган алты айып булар: Бишкек ЖЭБин модернациялоо жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, Тарых музейин оңдоодогу мыйзам бузуулар, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер участкасын сатып алуу маселеси, ЫсыкКөл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына чыгарып бериши; анын бир участогун өзү пайдаланышы.

Ошол эле күнү, 18-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн экс-президент А. Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн түзүлгөн КРнын Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясынын маалыматы угулганы белгилүү болду.

Кыргыз парламенти КМШ өлкөлөрүндө алгачкы болуп экс-президентти статусунан ажыратуу жөнүндө маселе демилгелегенин белгилеген комиссия төрагасы, депутат Каныбек Иманалиев экс-президентти статусунан ажыратуу процедурасы 8 стадиядан турарын, атайын комиссиянын ишине 12 депутаттын 11и катышып, комиссия отурумунда демилгечи топ тарабынан көтөрүлгөн 9 пункттан турган айыптоолор каралып, алардын 6 пунктунда мыйзам бузуулар бар деген тыянак чыгарылганын» билдирди.

Комитетте экс-президентти статусунан ажыратуу үчүн экс-президент А.Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча атайын комиссиянын корутундусун эске алуу тууралуу чечим кабыл алынып, маселе Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

Кечээ, Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтом долбоору каралды. Адегенде экс-президент статусунан ажыратуу үчүн А.Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин баяндамасы угулду.

Бир күн бою парламентте болгон талкуудан кийин, жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору 100 добуш менен кабыл алынды.