Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 000 сомго чейин берүү сунушталууда

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги КРнын Өкмөтүнүн «Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Чечим долбоорунда жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үйбүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө убактылуу Жобону (мындан ары – Убактылуу жобо) бекитүү каралган, ал Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын 1-августунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин иштейт. Убактылуу жобону ишке ашырууга жыл сайын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетинен 300 млн. сом каралат.

Долбоордун алкагында бул жардамды алууну каалаган жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бир үй-бүлөгө 100 000 сомго чейин бир жолку социалдык жардам алышат. Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эмгекке жарамдуу жарандары үчүн жаңы жумуш орундарын (же өз алдынча иштөө шарттарын) түзүүнү каалаган ишкерлерге бир жолку кайтарымсыз сумма берилет.

Жакыр жашаган жана (же) аз камсыз болгон үй-бүлө жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги социалдык келишимге кол коюшат, анын алкагында үй-бүлө белгилүү бир милдеттенмелерди өзүнө алып, ал эми мамлекет ага жардам берет.

Мисалы, үй-бүлө жеке чарбасында ишин жөнгө салууга же чакан бизнес ачууга, же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири кайра окутуудан өтүп, ишке орношууга жана үй-бүлөнү туруктуу киреше менен камсыздоого милдеттенет. Акча үй-бүлөнүн активдүү аракеттери үчүн берилет.

Бир жолку жардам алуунун милдеттүү шарты – өтүнмө ээси тарабынан айыл чарбасын же ишкерлигин өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларынын аткарылышы милдеттендирет.Убактылуу жобону ишке ашыруу өз алдынча иштөөгө аракет кылуу максатында төмөнкү көрсөткүчтөргө жетүүнү шарттайт: оор турмуштук кырдаалдан чыккан жарандардын санынын алардын келишим аяктаган мөөнөттөгү жан башына орточо кирешесинин социалдык келишимдин башталышына салыштырмалуу өсүүсү; «Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпул алуучулардан чыккан социалдык келишим түзгөн үйбүлөлөрдүн санынын азаюсу; туруктуу иши бар жарандардын санынын өсүүсү.

С.ОРОЗОБЕКОВ