Астанада ШКУ өлкөлөрүнүн координаторлорунун жыйыны өттү

5-7-июнда Казакстандын борбору Астанада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлор кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматы билдиргендей, анда Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Кыргызстан, Россия Федерациясы, Тажикстан, Өзбекстандан келген өкүлдөр 8-июнда Астанада өтө турган ШКУ саммитине даярдыктарды талкуулашып, саммиттин акыркы документтерин макулдашышты.

Эскерте кетсек, ШКУ уюмуна Индия жана Пакистан өлкөлөрүнүн кошулуусу күтүлүүдө.