Жерден чыккан күйүт, өзүн өрттөгөн жигит

Илгертеден эл оозунда айтылып келаткан: “Чыр — жер менен аялдан чыгат” деген лакап бар. Айдың сөздүн бекеринен чыкпаганын Түп аймагындагы Жылуу-Булак айылында болуп өткөн окуя далилдеп койгондой болду. Кайра-кайра кайрылуудан Абдышов Нурлан жер боюнча мүдөөсү оң чечилбегендиктен, Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев Сейиттин катышуусунда өзүн-өзү өрттөгөнгө чейин барган экен.

Албетте, али толук коларага жарай элек үч баласы менен төртүнчүсү боюнда бар жаш колуктусунун эртеңки жашоосун ойлобостон, жердин күйүтү үчүн жанын кыюуга чейин барган акыл-эстүү жигиттин азгырык апааттан аман калышы өзү менен үй-бүлөсү үчүн баа жетпеген чоң олжо болду дейли. Буга, жергиликтүү жетекчилер, канчадан бери кайрылып келаткан суроомүдөөсүн өз убагында, так, туура чечип бере албаган адистер эмне деген жоопту беришээр экен?

Ушул сыяктуу жер боюнча маселе өз убагында чечилбей, улам жылдан-жылга өтүп, өзгөчө, колдорунда тиешелүү каражаты жок карапайымдардын көкүрөгүн өйүгөн көйгөйлөр облустун бардык шаар-аймактарында, ал эмес Каракол шаарында да бар. Жерди бизнеске айландырган аткаминерлер иштен алынганы менен, кылмыш жообуна тартылбайт экен. Учурда “Жер тилкеси сатылат” деген жарнамалар, ар бир 4,5 соткасын 3000ден 6000- 9000 долларга чейин баалагандар улам чыгып турат. Түпкү тегин сурай келгенде, түбү – архитектурага, жергиликтүү кеңешке, жер боюнча туруктуу комиссияларга барып такалганы менен оңой олжо тапканга жедеп кыныгып, жер алып сатканга каныккан “бизнесмендерди” кылмыш жообуна тарта турган тиешелүү укук коргоо органдарынын азырынча кулактары керең, көздөрү азиз. Борбордук аянтта өзүңдү-өзүң өрттөсөң да “быш” деп коюшпайт.