Аракеттерден улам оор жана өтө оор кылмыштар азайган

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан киши өлтүрүү, каракчылык, зордуктоо, адам сатуу, денеге оор жаракаттарды келтирүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштарды каттоо жана ачуу маселесине өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.

Натыйжада, райондун аймагында өткөн жылдын биринчи кварталына (24 кылмыш жасалган) салыштырмалуу быйылкы жылдын ушул мезгилинде мындай кылмыштар азайган (18 кылмыш). Алардын 16сы ачылган, а өткөн жылы катталган 24 кылмыштан 18и ачылган.

Алар кайсы кылмыштар? Адам өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө далалат боюнча 2 факт катталып, экөөсү тең ачылган, атайылап денеге оор жаракат келтирүү фактылары боюнча 4 кылмыш катталып, үчөө ачылган. Зордуктоо боюнча 3 факты катталып, алардын экөө ачылган. Каракчылык боюнча 8 факт катталып, баары ачылган.

Буларды кеңири айтып жатканым, кылмыштуулук менен күрөшүүдө кылмыштардын ачылышы жана кылмышкерлердин сот тарабынан жасаган кылмышына жана мыйзамга ылайык жазаланышы баа жеткис роль ойнойт. Анткени, мына ушул ар бир кылмышка тете жаза алуу гана айрым адамдарды кылмыш жасоодон ооздуктайт.

Биринчи май району Бишкектин борбордук бөлүгүн камтыйт. Мында көптөгөн көңүл ачуучу жайлар, сейил бактар бар. Бул дагы кылмыштуулуктун өсүшүн шарттоодо. Анткени, аларда адамдар көп топтолушат.

Биздин талдоо көрсөткөндөй, биз сөз кылып жаткан кылмыштардын көпчүлүгү түнкүсүн батирлерде, кафе-ресторандарда, скверлерде жасалган. Кылмыштарды жасагандардын жаш курагы 20дан 35ке чейин жана алар дээрлик эркектер, негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккандар, жумушсуздар жана социалдык аярлуу катмардын өкүлдөрү.

Акыркы кезде мурда кылмыш жасагандардын кайталап кылмыш жасоо фактыларынын өсүшү байкалган. Алардын көбү мурдагы жоруктарынын кесепеттеринен сабак алышпагандай.

Мына ушул статистикадан улам, кылмыштарды болтурбоо жана алдын-алуу иштери уюштурулууга тийиш. Бул өңүттө прокуратура тарабынан прокурордук көзөмөл каражаттары менен тиешелүү иш жүргүзүлүүдө жана оперативдүү бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатууга, оперативдүү иликтөө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн органдардын прокурордун жана тергөөчүнүн тапшырмаларын аткаруусуна көзөмөл жүргүзүүгө, тергөөчүлөрдүн жана оперативдүү кызматкерлердин мыйзамга ылайык тыгыз процессуалдык өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүгө жетишилүүдө. Жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөр берилип, аларды иликтөөнүн толуктугу жана сапаты үзгүлтүксүз текшерилүүдө.

Элизбар ДАНАПИЯЕВ, Биринчи май районунун прокурорунун улук жардамчысы