Үнүн Кочкордун кара шамалына учурбай сактаган Какен эже…

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Билим берүүнүн жана маданияттын мыктысы, ырчы Какен ТЫНЫБЕКОВА менен маек. Маектешибиз 1958-жылы Кочкор районунун Кара-Суу айылында туулган. Фрунзедеги В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун бүтүрүп, кырк жылдан бери Кочкор районундагы Балдардын музыкалык мектебинде мугалим болуп эмгектенет.

– Какен эже, редакциябызга куш келипсиз. Кырк жыл бою элетте жашасаңыз да сахнага болгон ышкыңызды жоготпой ырдап келүүңүздүн сыры эмнеде? –

Сыры ушул эле – Кудай берген талантты колдон келишинче барктап, таптаганга аракет кылам. Чыгармачыл адамдар менен дайыма кызматташып келем. Анын үстүнө, өнөргө шыктуу балдар менен иштегеним да менин бир бактым болду.

– Таланттуу жаштар окуу жайдан кийин шаарда калууну каалашат го, сиз эмнеге айылга барып иштеп калдыңыз?

– Анткени, акыркы курста окуп жүрүп турмушка чыгып, кайнене-кайнатанын колуна бардым. Жаш келин болсом, чыгармачылыкка баш-отум менен аралашуудан айбыктым, өз апам да каршы болуп койду. Бирок музыкалык мектепте жаш муундарга сабак бергендиктен, кыйналган деле жокмун. Андан сырткары, райондук иш-чараларда Жумамүдүн Шералиевдин “Кыштак четинде” деген ырын ырдап жүрдүм. Деги эле мен чыгармачылыкка Жумамүдүн Шералиевдин, Рыспай Абдыкадыровдун ырлары менен келдим.

– Айыл аймагынан сыртка алып чыгуучу жолду кантип таптыңыз?

– 1980-жылдары Таластан чыккан “Жылдыз”, Ысык-Көлдөн чыккан “Ак куу”, “Боз салкын”, Жумгалдан чыккан “Бек-Бекей”, Кочкордон чыккан “Шаттык” ыр-бий ансамблдери бири-бири менен ат салышып, доору жүрүп турган убак болчу. Менин ырчы катары жолум ушул “Шаттыктан” башталды. Концерт коюп, борборго бат-бат келип жүрдүк.

Бир жолу да филармонияда концерт коюп, кетели деп жатсак бөлүм башчыбыз Сапар Алиев агай: “Жүрү, сени чакырып жатышат“, – деп калды. Жолдо келе жатып: “Эми сага чакыруулар болуп жатат. Бирок бул жакка келсең квартирадан кыйналып каласың. “Дарак бир жерден көгөрөт” дейт, мугалим болуп иштеп жатасың, ырдап жатасың. “Келе албайм, айылда эле иштегим келет” деп кой,” – деди. Келдик. Бизди Төлөгөн Томотоев агай күтүп жатыптыр. “Сенин үнүң оркестрге абдан жакшы отурат экен. Филармонияга солистка кылып алып калалы”, – деди. “Макул, калам”, – дегим келип, бирок Сапар агайымдын жанагы сөзүн эстеп токтоп калдым. “Мен анан каякта жашайм, үйүм жок, мен жалгыз эмесмин, жолдошум бар”, – дедим. “Үй жагын да чечип беребиз. Сен айылда калсаң, үнүң Кочкордун шамалы менен учуп жоголот. Бул үндү эл угуш керек! Жолдошуңа да иш таап беребиз”, – деди. Экөөнү алмак-салмак карайм. “Ойлонуп, жообун айт”, – деди. Сыртка чыкканда Сапар агайым: “Азаматсың!” – деди кубаттап. Үйгө келсем, баары тең жабыла каршы болушту.

– Бир жакшы мүмкүнчүлүктү колдон учурупсуз да?

– Андай мүмкүнчүлүк кийин да болду. Туш-туштан бизди – Шахра Талипованы, Нурак Абдрахманов агайды, мени, Саламат Садыкованы чакырып, бир жума концерт койдурушту. Саламат экөөбүз бир жума бир бөлмөдө жатып жүрдүк. Кетерибизде: ”Камбаркан” аттуу этно-фольклордук ансамбль түзүп, ошого сиздерди чакырып жатабыз, келиңиздер”, – деп сунуш кылышты. Үйгө сүйүнгөн боюнча келдим. Бирок бу жолу да жиберишкен жок.

– Ортодо тыныгуу болуп, азыр эми чыгармачылыгыңыз кайра жандана баштагандай?

– Ооба. Жумамүдүн агабыздын 2013-жылдагы 100 жылдыгы менин чыгармачылыгыма кайрадан жашоо берди. Улуу залкардын “Кыштак четинде” деген ырын Бакыт Тилегеновдун көркөм жетекчилиги менен оркестрде ырдап, баш байге утуп алдым. Жумамүдүн Шералиев жана Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктардын лауреаты болдум. Ошондон кийин Мира Токтогонова аттуу айым: “Стамбулда өтө турган этно фестивалга катышып келбейсизби?” – деп калды. Ошентип, үч жыл катары менен Түркияга барып ырдап келдим.

Азыр болсо репертуарымды жаңыртып жатам. Түгөлбай Казаковдун аккордеондо коштоосу менен Зайнидин Курмановдун “Көңүл арманы” жана Качкын Усупбаевдин “Ак сүйүү, сенин көзүң жок” деген ырын, Курманбек Жапаровдун “Таң тосуу кандай керемет”, “Айтчы, курбум”, “Делбирим”, Асек Момгазиевдин “Таппадым, кайда жүрөсүң?” деген ырларын жаздырдым.