“Көл үстүндө тойлойлу…”, көлдүн ыйыктыгын ойлойбу?!

Жээннбай Түрк, «Кыргыз Туусу»


Жылыга ушул маалда Ысык-Көлдө жайкы эс алуу сезону ачылып, сырттан да, ичтен да туристтер агылып келе баштайт. Көлгө чайынып, ысык кумга оронуп эс алышат, ажайып кооз жаратылышыбыздан рахат алышат. Жергиликтүү калк, анын ичинде пансионаттар менен ден соолукту чыңдоочу жайлары кирешеге марышат. Бирок чокусу асман тиреген ак карлуу, көк муздуу Ала-Тообуздун, карагай-черлүү токоюбуздун, байыртадан бери ата-бабабыз ыйык туткан көлүбүздүн тазалыгына көңүл бургандар бар болду бекен деген көйгөйлүү суроого аргасыздан такалат экенсиң.

Албетте, Ысык-Көлдү кагаз жүзүндө “коргогон” ар кандай уюмдар, Кудайга шүгүр, жок эмес, бар. Аларды тизмелеп отурбай эле, азыркы көлдүн чыныгы абалын айтсак, кандай жол менен болсо да киреше алганга ооп калганыбызданбы, өрөөндүн тазалыгына эч бир көңүл бурбай калдык. Меймандарыбыз көлгө ала келген иттерин да жуунтушат, сууга түшкөндөр заара ушаткандан да тартынышпайт. Көл үстүндө кардарларды тейлеген моторлуу кеме-кайыктардан чыккан мунай заттары суу бетинде калат. Ал эми көл түбүндө эмнелер гана бар?! Буга чейин окумуштуу археологдор суу түбүнөн байыркы шаардын имарат калдыктарын, колдонгон буюм-тайымдарын таап чыгышса, кийинки бир катар жылдардан бери, өткөн совет доорун солкулдатпай бир колдо кармаган В.И.Ленин менен И.В.Сталиндин таш моло айкел эстеликтери баш болгон, азыркы замандаштарыбыздан чыккан ар кандай акыр-чикирлерди суучулдарыбыз алып чыгууда. Чынында андай таштандылардын чети да оюла элек дешет. Жээктеги, чычырканак чертокойлордун ичинде калган көп таштандылардан демилгечи жаштар топтору анда-санда келип арылтып турушат.

Былтыр бирөө көл жээгине суу үстүнө мончо сала коюп көп акчага марыйм деп, элдик кабарчылардын сынынан соң, акчалай жазанага кабылган. Эми Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынан 67 жаштагы В.Литвиненко көл үстүнө бийиктиги төрт кабаттуу үйгө тең барабар 11 метр, узун-туурасы 80 чарчы метр келген, асты толук айнектелген эс алуу пирамидасын кура турган болуптур. Анын айтымында, астында понтону бар, кубаттуу 4 парус ары бери айдап жүрүүчү пирамиданын 2-кабаты эс алуучу жай катары ар бири 4 кишилик 10 каюта, ажаткана жана башка бардык керектүү жайлары бар, жылуулук, тамак-аш даярдоо күн батареясынын кубаты менен ишке ашырылат экен.