Мамлекет бизнеске өнөктөш болууга тийиш

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү. Анда өнөр жайды, жеңил өнөр жайды, айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү келечеги жана азыркы абалы талкууланды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн ишкердик коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Комитет инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекет жана бизнескоомчулуктун ортосунда пикир алмашуу аянтчасы болууга багытталган.

Комитеттин алдында кандай максаттар коюлган?

— Мамлекет тарабынан жасалып жаткан аракеттерге карабастан, өнөр жайды өнүктүрүү боюнча реалдуу жыйынтыктар болбой жатканы баарыбызга маалым, — деп сын пикирин билдирди мамлекет башчы С.Жээнбеков. — Мамлекеттик органдардын отчетторун анализдеп көрсөк, алардын ою боюнча, өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул отчетторго ылайык, бизнестин өзү өнөр жай менен алектенгиси келбегендей пикир жаралат. Ошол эле убакта, биздин ишкерлерге жана чет элдик инвесторлорго жаңы өндүрүштөрдү ачууга, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө эмне тоскоол болуп жатканын сурамжылоо болду. Анда бизнесмендер жана ишкерлер, мамлекеттик органдардын пикирине дал келбеген көз караштарын билдирип жатышат. Ошондуктан, бизнес менен мамлекеттин ортосунда чыныгы диалог түзүлбөй жатат. Мамлекет бизнестин реалдуу өнөктөшү болушуна аракет жасоо зарыл.

Ал эми бизнес болсо өнүгүү процессинин тең укуктуу катышуучусу болушу керек. Өнөр жай тармагын өнүктүрбөй туруп, өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эместиги талашсыз. Биз келечекте өнөр жайды узак мөөнөттүү өнүктүрүү боюнча көз карашты калыптандырган жана аны жүзөгө ашыруу жолдорун аныктаган аянтча түзүүбүз керек болду. Ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бизнес менен мамлекеттин ортосундагы атайын диалог аянтчасын түздүк.

Бул комитеттин негизги максаттары биринчиден, Өнөр жайды өнүктүрүү жана модернизациялоо максатында жагымдуу бизнес чөйрөнү калыптандыруу боюнча туруктуу негизде талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу.

Экинчиден, мамлекет менен бирдикте Кыргызстандын өнүгүү келечегин аныктаган ишкерлердин реалдуу катмарын түзүү.

Маанилүү чечим кабыл алуу процессине тең укуктуу деңгээлде катышкан, өнүгүүнүн субъектиси болгон өнөр жайчылардын статусун калыптандыруу. Ишкерлер мамлекеттин жөн гана өнөктөшү болбостон, экономика чөйрөсүндөгү саясатка катышып, ага таасирин тийгизишин камсыз кылуу.

Үчүнчүдөн, ата мекендик жана чет элдик өнөр жайчыларга жагымдуу шарттарды түзүү менен экономиканын структурасын жаңы чакырыктарга ылайык өзгөртүү.

 Комитет алдында кандай милдеттер турат?

Президенттин пикиринде, комитеттин милдеттери төмөнкүлөр: өлкөдөгү өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган стимулдардын эффективдүүлүгүн талдоо; Өнөр жай тармагына багытталган инвестициялык программаларды сунуштоо; Өнөр жай тармагына зарыл болгон заманбап адистерди даярдоо жолдорун иштеп чыгуу; Өнөр жай тармагын тейлеген инфраструктураны жакшыртуу жолдорун сунуштоо; Соода жана мамлекеттик сатып алуулар саясатын өзгөртүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу.

Өнөр жайды өнүктүрүү — учур маселеси

— Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын азыркы учурдагы абалы аябай көйгөйлүү экендигин мойнубузга алышыбыз керек, — деди мамлекет башчы. — Бүгүнкү күнү бул тармактын алдында турган чакырыктар абдан орчундуу. Дүйнөдөгү технологиялык өнүгүү бизнес чөйрөнүн ылдам өзгөрүшүнө алып келүүдө. Өнөр жай ишканаларындагы технологиялык процесстер санариптешип, иштөө принциптери ыкчам өзгөрүүдө. Арзан жумушчу күчтүн ордуна жогорку квалификациясы бар адистерге басым жасалып, өндүрүлгөн продукция керектөөчүлөрдүн жеке талабына жараша чыгарылууда. Санарип технологияларды киргизүүнүн эсебинен экономиканын структурасы өзгөрүп, жаңы товарлар гана эмес, таптакыр жаңы экономиканын тармактары пайда болууда. Электрондук соода жана акылдуу логистика аркылуу чыгарылган продукциянын наркы кыйла төмөндөөдө. Жаңы композиттик материалдарды колдонуу аркылуу арзан жана жогорку сапаттуу продукцияны чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болууда. Дүйнөдөгү алдыңкы компаниялар өндүрүш тармагына гана эмес, изилдөө жана технологияларды иштеп чыгаруу тармагына да басым жасоодо. Эл аралык деңгээлдеги өнөр жай компаниялары өздөрүнүн өндүрүшүн инновацияларга жана илимий изилдөөлөргө ачык, жагымдуу шарт түзүп берген өлкөлөрдө жайгаштырууда. Бул жагдайлар глобалдык деңгээлде гана эмес, регионалдык деңгээлде дагы конкуренцияны күчөтүүдө.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден баштап бизнестин конкуренттүүлүгүнө өзгөчө маани берилүүдө. Өндүрүлгөн продукцияны Бирликтин техникалык регламенттерине дал келтирүү иштери уланууда. Жаңы талаптарга ылайык товарларды маркирлөө жана көзөмөлдөө системаларын киргизүү боюнча иш жүрүп жатат. Ишкерлерибиз Бирликтин товар өндүрүүчүлөрү менен кооперация түзүп, теңата болуп иштөөгө тийиш.

Аталган чакырыктарга жооп берүү үчүн, мамлекеттин негизги милдети — бул өнөр жай тармагынын конкуренттүүлүгүн кескин түрдө күчөтүү керек. Негизги аракет — өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркын азайтууга жана өндүрүш ишканаларына инновацияларды тартууга жумшалышы абзел.

Бүгүнкү күндө, өнөр жайдын абалы алтынды өндүрүүгө жана экспорттоого көз каранды болуп калды. Алтын казуудагы өзгөрүүлөр, мисалы, алтынга болгон баа, өндүрүү технологиялары, саясий процесстер, табигый катаклизмдер — биздин өнөр жайды дароо артка тартат. Ошондуктан Өкмөт, өлкөнү алтын казуудан түздөн түз көз каранды болуп калуу тобокелдигинен арылта турган концепцияга өтүүсү керек. Жалпы эле өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл. Ресурстар чектелген шарттарда мамлекет өнөр жайдын бардык тармактарына бир убакта бирдей өлчөмдө колдоо көрсөтө албайт. Ошондуктан келечектеги приоритеттерди так аныктап, мамлекет кайсы тармактарга жана кантип жардам берерин тактап алышыбыз керек.

Биз өнөр жай тармагындагы азыркы потенциалды максималдуу түрдө колдонуубуз зарыл.

Экспортко эшик ачылды

С.Жээнбековдун пикиринде, ЕАЭБдин гана эмес, Кытайдын, Индиянын, Пакистандын, Ирандын эбегейсиз рыногуна мөмө-жемиштерди, сүттү, балды экспорттоо мүмкүндүгү жаралды. Тери менен жүндү кайра иштетүү боюнча долбоорлор приоритет катары каралып жатат. Ошондуктан, Өкмөттүн башкы милдети — инвесторго Кыргызстанда пайда табуу мүмкүнчүлүгү жана өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү болушу керек. Өнөр жай өндүрүшүнүн жаңы деңгээлине өтүү менен бирге, азыркы күндө Статистика комитетинин маалыматы боюнча дээрлик 24%ды, ал эми эксперттердин баалоосунда 29%ды түзгөн көмүскө экономиканы мыйзам жолуна түшүрө алабыз.

Т.ИСХАКОВ