Нарын: Улуу дайрага тоң моюн мамиле

Күмөндөр УСУПТЕГИН, «Кыргыз Туусу»


Нарын дайрасынын башатында жашаган калк сууну анча деле барктабайт. Ал эми төмөнкү агымынын жээгинде тиричилик кылгандар ыйык тутуп, суунун үстүнө малын мууздап түлөө өткөрүшөт. Мындай пикир Борбор Азия университетинин Нарын шаарындагы кесиптик мектебинде болуп өткөн атайын жыйында билдирилди.

Көрсө, төрт жылдан бери Нарын дайрасынын этнографиясын Германиянын Тюбинген университетинин илимий кызматкери, антрополог, этнограф доктор Жан Фо де ла Круа жетектеген жаш аалымдар тобу изилдөө жүргүзгөн экен. Алар “Дарыянын социалдык жашоосу: НарынСыр-Дарыя алабынын айлана-чөйрөсүнүн тарыхы, социалдык ааламы жана дайрадан чыккан чыр-чатактарды алдын алуу” долбоорунун алкагында мерчемдүү беш жерде, же болбосо Казалы (Казакстан), Нарын менен Шамалдуу-Сай (Кыргызстан), Фергана (Өзбекстан) жана Худжанд (Тажикстан) шаарларынын аймактарында эмгектенишкен. Жыйынтыгында Нарын суусунун жогорку агымынын өйүз-бүйүзүндө жашаган жергиликтүү эл ага маани беришпейт деген тыянакка келишкен.

— Мисалы Нарын жерин ак мөңгү курчаган, кымыз жыттанган алтын бешигим деп гимн ырдашат. Бирок Нарын дайрасы тууралуу эч бир сөз жок, — дейт европалык окумуштуу.

Тюбинген университетинин аспиранты Айбек Самаков Нарын суусунун төмөнкү агымында жашагандар, дайраны ыйык тутуп, жыл сайын апрель айынын башында түлөө өткөрүшүп, малды көпүрөлөрдөн сууга мууздап турушаарын билдирди.

-Алар суу соолубасын, агып турсун дешип малдын канын жерге эмес, сууга арнашат, — деп кеп кылды.

Ошондой эле облустук тарыхый-этнографиялык музейде долбоор алкагында атайын сүрөт көргөзмө жана тасма тартууланды.