«Азиз Батукаев болгусу келген…» муун өсүп жетилдиби?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз туусу”


Мындан 15-20 жыл мурда мектеп окуучуларынын арасында “Келечекте ким болгуң келет” деген темада сочинение жаздырса, айрым окуучулар балалык баёо сезим менен: “Болочокто Азиз Батукаевдей мыйзамдагы ууру болгум келет” деп жазган учур болгон. Бүгүн ошол мектеп окуучулары эр жетип, алды 25-30га келип калышты. Ошол “Болочокто Азиз Батукаевдей “мыйзамдагы ууру” болгум келет” дегендердин канчасы ал баёо оюнан кайтты экен, канчасы “мыйзамдагы уурунун” жолоюна түштү, биздин колубузда андай статистика жок.

Арийне, бизде ал статистика жок болгону менен ачуу чындык бар. 10-15 жыл мурда Батукаевдин ысымы жүздөгөн мектеп окуучуларынын арасында сүймөнчүк менен аталса, акыл-эси токтоло элек, жаманжакшыны түшүнө элек балакайлар түптүз эле “мыйзамдагы уурунун” жанына барып отургусу келсе, Атамбаев бийлигинин тушунда А.Батукаевдин ысымы мамлекеттик деңгээлде сүймөнчүк менен аталды. Аны “идеал туткандар” “мыйзамдагы ууруга” жалган диагноздорду коюп, жалган справкаларды толтуруп, колуна паспорт жасап карматып, аэропорттун эң сыйлуу меймандар басчу килем төшөлгөн колидору аркылуу чартердик самолет менен учуруп ийишти. Мектеп окуучуларын айтабыз, “мыйзамдагы уурулар” Гиппократтын антын алган медиктер, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн прокурорлор, жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери, мыйзам адилеттигин бийик койгон соттор, укук коргоочулар, вице-премьер-министрлер коргогон кол тийбестикке айланды. Бул тарых чындыгы.

Парадокстар көп. Мындан бир ай мурда, Интернетте “кримтоптун өкүлдөрү “спецназдын” баштагы кызматкерин сабап жатат” деген аталышта бирөөнү сабап жаткан видео тарап, социалдык түйүндөгүлөрдүн ызы-чуусун жаратты. ИИМ ошондо барып араң ойгонуп, окуя кайда болгону, шектүүлөрдүн кимдер экени аныкталганы тууралуу кабар тарады. Окуя Жалал-Абадда болуптур. Жабырланган “спецназчы” Жалал-Абад ОИИБсында 15 жыл иштеген экен. Айрым маалымат булактарында эмнегедир “спецназдын” мурдагы кызматкеринин иштен кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн кеткени да эскерилип кетти. Мүмкүн, бир кездерде иштен “айдалса” айдалган чыгар, бирок, бул жолу ал жабырлануучу да, андай болгондо окуя боюнча териштирүүнү ИИМ министри жеке өзү көзөмөлүнө алып, окуяга комментарийди да жеке өзү берүүгө тийиш болчу. Себеби, күч органдарында “честь мундира” деген түшүнүк бар. Жалал-Абадда болгон окуяда кимдин күнөөсү канчалык болбосун, мундирдин ар-намысынын чегинде сөз болушу керек эмеспи. Адатта, атайын кызматтарда, анын ичинде “спецназчыларда” “мурдагы кызматкер” деген түшүнүк болбойт. Алар өз адамдарын акыр аягына чейин коргошот.

Андыктан, бул окуяны мыйзам сыйлаган, укуктук мамлекет курабыз деген өлкөнүн турмушунда эч качан кездешпей турган окуя деп бааласак болот. ИИМ кылмыш дүйнөсүнүн чакырыгына жооп кайтарыш керек болчу, бирок алардын жооп кайтарайын эмес, ойгоноюн деген түрү жок.

Жыл башынан бери өлкө аймагында өспүрүмдөр жана жаштар катышкан массалык мушташтар көп катталып жатат. Бирок, эмнегедир, министр Кашкар Жунушалиев, жалпы эле министрлик эч нерсе көрбөгөндөй, эч нерсе укпагандай түр көрсөткөнү кызык. Бир бечараны көргөндө баса калган укук коргоо орган кызматкерлери кылмыш дүйнөсүнүн, кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн айтпайлы, минтип жаш балдар мушташып жатканда баштарын этектерине катканы жакшы деле көрүнүш эмес.

Көрсө, коомдук тартиптин көзөмөлүндө тургандар өзүлөрү четинен булгана баштаптыр. Алыс барбай айтсак, 30-майда УКМК кызматкерлери Москва районунун ИИБсынын кылмыш иликтөө кызматынын оперкызматкери кичи лейтенант Калыс Казаков менен Чүй облусунун ИИБсынын начальник орун басары подполковник Расул Казаковду 12–калибрлүү сыйда милтелүү мылтыкты жана патрондорун берип, ошондой эле жасалма мамномерлерди жатканда колго түшүрүштү. “Иликтөө иштери жүрүп жатат” деп угабыз, акыры не менен бүтөт көрө жатарбыз.

Опузалап пара алуу, коркутуп-үркүтүп акча тоноочулук милиция кызматкерлери үчүн катардагы нерсеге айланган. 15-апрелде УКМК кызматкерлери Чүй облусунун Жайыл райондук ИИБсынын ыкчам иштер боюнча начальник орун басарын 35 миң сом пара алып жаткан жеринен кармашты. ИИМ буга деле комментарий бербеди.

ИИМ жетекчилиги антип көрсө да көрмөксөн болсо, ага баш ийишкен күч түзүмдөр кыйраткан иш кылмак беле. Буга “Kaktus.media” сайтына Аламүдүн райондук ИИБсынын өз ишине кайдыгер кызматкерлерине нааразы болуп кайрылган Б.Тентимишеванын окуясы күбө. Ал аталган ИИБга 2019-жылдын мартында өзү теңдүү курдаштарын, анын ичинде анын небересин коркутуп-үркүтүп, уруп-соккон мектеп окуучуларынын үстүнөн арызданып, окуучулар жана ата-энелер менен тартиптик аңгеме жүргүзүүнү суранган. “Токмок жеген окуучулардын төрт түшүндүрмөсү тергөөчүнүн колунда турат, анда алардын мектебинде рэкет системалуу экени айтылат. Бирок милицияга баары бир экен” дейт кейиген чоң эне. Тергөөчүнүн болсо, “эртеңи” бүтпөйт экен. Чоң эне Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнө, райондук прокуратурага да кайрылган, бирок эч ким мектеп рэкети коркунучуна көңүл буруп койгон эмес. “Эки бала урушат эси кеткен болушат” дегендей кабыл алышкан. Ушул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Мында чырылдаган чындык ким тарапта? Өсүп келаткан балдардын келечегинен чочулаган чоң энедеби же “баары көзөмөлдө” деп, балдардын мушташын кылмыштар жана жоруктар реестринде катталган кадыресе көрүнүштөй кабыл алган ИИБнын кызматкерлериндеби?

Биерде, 66 жаштагы чоң эне редакцияга милиция кызматкерлерине нааразы болгондой эле бар. ИИМдин КЖБРи өлкө боюнча бардык кыбыр эткен окуяларды, фактыларды, маалыматтарды каттап тим болгон статистикалык кызмат эмес, кандайдыр бир маалымат катталса күнбү-түнбү артынан жүрүп, аны акырына чыгаруу керек. Негизи укук коргоо органдарында кылмыштын алдын алуу деген түшүнүк бар. Эмне үчүн милиция кызматкерлери кылмыштын алдын алуу үчүн аракет кылышпайт? Бизде, кылмыштын алдын албай, анын артынан кубалагандыктан, кылмыштар өсүп жатат.

Акыркы жылдарда өспүрүмдөр арасында массалык мушташ көп катталып жатат. Чүй облусунун Чалдовар айылында 16-июнь түнүндө массалык мушташ катталып, аймактык ооруканага бир нече өспүрүм: 18 жаштагы К.А., 17 жаштагы А.Н., 17 жаштагы А.А., 18 жаштагы К.Н. жана 18 жаштагы А.С. ар кандай дене жаракаттары менен кайрылышкан. Алардын баары Чалдовар айылынын тургундары. Түнкү 00.30да бир нече жаш жигит сөздөн сөз чыгып отуруп, мушташып кеткен. Натыйжасы тигил.

Бул факт кылмыштар жана жоруктар реестрине «ээнбаштык» жана «денеге оор залака келтирүү» беренелери боюнча каттоого алынып, мушташты уюштурду деген 19 жаштагы Т.Б. жана Б.Д. кармалды.

Мындай массалык мушташта бирин бири аямак беле?!. Бирин бири аябай эле жанчышкан экен. Дээрлик баарынын мээси козголуп, биринин баш сөөгүнөн жарака кетсе, экөөнүн жаак сөөктөрү сынып, жабык баш сөөк-мээ жаракатын алыптыр. Бири санавиация менен Бишкекке жөнөтүлүптүр.

Чындыгында, 17-19 жаштагы жигиттерди өспүрүм деп айтканда болбойт. Бул курак — капкачан эле жин-шайтаны кагылып, акыл-эси токтолуп, бир үйдүн эмес, бүтүндөй мекендин жүгүн көтөрүп кала турган курак. Арийне, кримдүйнө лидерлеринин доорону жүрүп, криминалдар “авторитетке” айланган коомдо, минтип мекен коргой турган курактагы жигиттер бири-бири менен мушташып, бири-бирин койдой сабап таңгалычтуу нерсе болбой калды.

Жакында эле Бишкектеги кичи райондордо жаштар мушташып кетип, бирин бири эсин оодара койгон видео таркады. Ал видеону карап отуруп жандан түңүлөсүң. Жаштар өздөрүнүн моралга, адепке жана мыйзамга жатпаган жоруктарын видеого тартып, интернетке жүктөп, өздөрүнүн билеги жоон экенин көрсөтүп, мактанып жатышат.

Быйыл Токмокто жергиликтүү кеңештин депутатын өлтүрүп кетишти. Бул 17-марттын түнүндө Токмоктогу “Космос” кинотеатрынын жанында болгон. Кинотеатрдын жанында турган үч эркек (алардын бири Тилек аттуу депутат болгон) менен алардын жанынан өтүп бараткан он чакты жигит айтыша кетип, сөз талаш мушташка айланып, үчөөнүн экөө бычак жеп, депутат алган жаратынан улам көз жумган. Айта берсе төбө чачты тик тургузган мындай окуялар толтура.

Келгиле, баарылап ойлонолу, кылмыштуулукту болтурбоо үчүн колдон келген аракеттердин баарын жасайлы. Болбосо, кылмыштар өсө берет.