Кризистик борборлор ассоциациясынын аткаруучу директору Толкун ТЮЛЕКОВА: «Жумушсуздуктан биринчи кезекте аялдар жабыр тартат»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Жакында Араван райондук соту ичимдик ичип алып аялын сабаган адамга кылмыш ишин козгоду. Буга себеп аялы уруксат сурабай көчөгө чыккандыгы болгон. Натыйжада аялы 20 күн ооруканада дарыланган. Дагы бир төбө чачты тик тургузган окуя жакында Бишкекте болду. Бул окуядагы калаа тургуну акча уурдап алды деген шек менен жээнин BMW үлгүсүндөгү автоунаасы менен 20 метрге чейин сүйрөткөн. Ошондой эле өз кызын зордуктаган адам 12,5 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Сузакта 2 жаштагы баланы уруп-сабаган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Сабалгандан бир нече күндөн кийин ал бала көз жумган. Тилекке каршы, мындай окуялар жашоодо көп кездешет. Мына ушул багытта Кризистик борборлор ассоциациясынын аткаруучу директору, гендердик мамилелер жаатындагы эксперт Толкун Тюлекова менен маек курдук.

– Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп бара жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Жубайларына, балдарына болгон мыкаачылык мамиле эчак эле белгилүү чектен ашкан. Мисалы, 2018-жыл ичинде Бишкекте жаш өспүрүмдөр тарабынан 322 кылмыш иши жасалса, 2019-жылдын биринчи чейрегинде мындай кылмыш иштердин 295 учуру аныкталган. Алардын ичинен үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 7 факт катталган. Бул сандар айсбергдин чокусу гана, башкача айтканда, укук коргоо органдарына кайрылгандардын саны. Ал эми үй-бүлөлүк зулумдарды жазалаганга, өзүнүн укугун коргогонго күчү жетпей ыза болуп, басмырланып жүргөндөр канча!

 – Сиздин оюңуз боюнча жабырлануучулар эмне себептен жардам сурап кайрылышпайт? Бул жабырланган адамдын чечкинсиздигиби, коркоктугубу, же башка дагы себептер барбы?

– Булардан сырткары объективдүү жана субъективдүү себептер бар. Алардын бири каныбызга сиңген патриархалдык салт. Ал аялдардын үй-бүлөгө жана коомго баш ийүүсүн талап кылат. Ошол эле учурда эркектердин гендердик стереотиби физикалык жана психологиялык артыкчылыгын да камтып, аялга өз менчигиндей мамиле кылуусуна жол берет.

Кичинесинен атасынын апасына жана балдарына физикалык жана моралдык жактан басым жасаганын көргөн кыз балада өзүн курмандыкка чалган сезим калыптанат. Чоңойгондо алар жубайлардын ортосундагы бурмаланган үлгүнү өз үй-бүлөсүнө алып келип, үй-бүлөлүк зомбулукка баш ийип, үйбүлө ичиндеги ар кандай чыр-чатактарды зомбулук жолу менен гана чечүүгө болоорун кабылдашат.

Коомдо үй-бүлөлүк зомбулукка болгон чыдамкайлык жашап жана гүлдөп жатканы тынчсыздандырат. Жабырлануучунун шек жараткан жүрүм-туруму үчүн күнөөсүн моюнун алдыруу максатында күйөөсү тарабынан жасалган мыкаачылык аракет өөрчүп баратканы өкүндүрөт. Сөзүмдү тастыктоо үчүн жакында болуп өткөн бир окуяны мисал кылып берейин. Күйөөсүнөн токмок жеген аял милицияга кайрылууну чечет. Тергөөчү ал аял менен күйөөсүнүн көз алдында маек өткөргөн. Ал аз келгенсип маектешүү убагында аялдын ур-соккуга кабылганына өзү күнөөлүү экендигин айткан. Тергөөчүнүн мындай ойлонбой жасаган ишинин жыйынтыгы белгилүү: үйүнө келгенден кийин бийлик өкүлүнүн сөзүнө эргиген күйөөсү аялын ого бетер сабап, натыйжада аялы алган оор жаракатынын кесепетинен узак убакытка чейин ооруканада дарыланууга туура келген. Эң эле коркунучтуусу Бурулай менен болгон чуулгандуу окуядан кийин да укук коргоочулар тарабынан жабырлануучуларга карата көрсөтүлгөн коопсуздук стандарттары сакталбай келет. Көп жылдардан бери, БУУнун өнүктүрүү программасынын, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосу менен калк арасында, ошондой эле милициянын аймактык инспекторлорунун жана үйбүлөлүк зомбулук боюнча иш алып барган нөөмөттүк бөлүктөрдүн кызматкерлеринин арасында окутуулар өткөрүлгөн.

Бирок бүгүнкү күндө тергөө кызматкерлери өз ишинде үй-бүлөлүк зомбулуктун көп маанилүү жагдайларын эске албай жатканына күбө болуудабыз. Ошол эле учурда биз алардын ишиндеги оң өзгөрүүлөрдү да көрө алдык. Бирок бүгүн жаңы мыйзам иштелип чыгып аткандыгына байланыштуу мындай иштер тергөөчүлөр үчүн да өткөрүлүүсү абзел.

– Жаңы кабыл алынган Жоруктар кодексинин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча беренелерине берген сиздин эксперттик бааңыз?

– Жоруктар кодексинде үй-бүлөлүк кылмыштуулук жасаган адамдарга айып пул төлөтүү же болбосо коомдук иштерге тартуу административдик чаралары каралган. Эгерде мындай чараларды чындап карасак абал үмүттөндүрөөрлүк эмес. Жумушсуздук күчөп жаткан шартта жана көп үй-бүлөлөр, айрыкча балдар камсыздандырылбагандыктан 30-60 миң сом өлчөмүндөгү айып пул өтө эле көп. Мындай көлөмдөгү акчаны эч жерден алуу мүмкүн эмес. Себеби мындай үй-бүлөдө аялы иштебей, үй-бүлөнү багуучу жалгыз ошол зулум болуп жатпайбы.

Жазаны коомдук жумуш менен өтөөдө да кыйынчылыктар бар. Мисалы таштанды жыйноо же болбосо жашылдандыруу жумуштарын жасоо чоң шаарларда гана аткарылышы мүмкүн. Мындан сырткары жаңы мыйзам мас абалындагы же агрессивдүү абалда үй-бүлөлүк зулумдук жасаганга мурда колдонулгандай административдик кармоого жол бербейт. Мындай шартта милиция кызматкери жабырлануучуну зордукчудан кантип коргой алат жана зордукчуну кантип камай алат? Жоруктар кодексинде камтылган аспектилер кайра иштеп чыгууну жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына максималдуу адаптацияны талап кылат.

Мындай кырдаалда зомбулуктан жабырланган аялды чөйрөсү, жакын туугандары анын милицияга кайрылып, үйдүн жалгыз табышкеринен, тирөөчүнөн ажыраткандыгы үчүн күнөөлөшөт. Жабырлануучу бул абалдан да стресс алат. Мындай оор кырдаалдарда кризистик борборлордун орду чоң. Азыр өлкө боюнча алардын саны 14кө жетет. Анын үстүнө ар бир эле жабырлануучу үйдөн сырткары баш калкалоочу жай тапканга батынбайт.

Статистика боюнча кризистик борборлорго кайрылгандардын саны 7 миңден ашкан. Бул борборлор азыркы учурда бир гана сырткы каржылоонун эсебинен жана бир аз мамлекеттик заказ программасы менен каржыланат. Ошондуктан жабырлануучулар үчүн ал жерлер зомбулуктан коргонуу үчүн милицияга кайрылуунун альтернативдүү жолу болуп саналат. Биринчи кезекте мамлекет тарабынан адистештирилген кризистик борборлорду куруу, аларды колдоо жана көңүл буруу зарыл.

Жабырлануучуну зордукчудан коргой турган дагы бир ыкма – бул коргоочу ордер. Статистика боюнча, аз убакыт ичинде коргоочу ордерлердин берилүүсү 3000ден 7000ге чейин өскөн.

 – Мындай мыкаачылыктын коомдо тарашынын дагы кандай себептери бар?

– Алгач эле мен социалдыкэкономикалык факторлорду белгилеп кетейин. Жумушсуздуктан биринчи кезекте аял жабыр тартат. Билиминин жетишсиздиги жана кесибине болгон суроо-талаптын жоктугу аны ар дайым күйөөсүнөн көз каранды кылат. Ал эми мындай учурда баланын пайда болушу аягына чейин буттан тайдырат. Биздин коомдун дагы бир көйгөйү атайын катталбаган, дин жолу менен кыйылган жарандык “никелер” аялды укуксуз абалга коюп койгондугунда.

Кабатыр кылган нерсе – интернет тармактарында, кинолордо көрсөтүлүп жаткан мыкаачылыктын үлгүлөрү. Мындай нерселер кааласа каалабаса дагы өзүнүн күчтүүлүгүн алсыз адамдан чыгаруу жоруктарын пайда кылат. А өз ара жана үй-бүлө ичиндеги чыр-чатакты чече албастыкка адамдардын билиминин жетишсиздиги, руханий жана интеллектуалдык маданиятынын төмөндүгү себеп болот.