Жеке ишкер, Муратбек МУРЗАКУЛОВ: «Бут тосуулар эле болбосо, адырды да бакка айландырам»

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Баткенден Лейлекке бараткан кан жолдогу “Жумуртка сатылат” деген жарнакты көпчүлүк жүргүнчүлөр жакшы билип калышты. Бул жерде даанасы 6 сомдон жайдары жумуртка сатылат. Арзандыгына да сапатына да кызыккан жолоочулар өйдө-төмөн өткөндө Мураттын жумурткасынан “дүңүнөн” алышып, ар дайым ага чын дилден рахматын айтып турушат.

Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаты, жеке ишкер Муратбек Мурзакулов Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Кара участогунан 2 гектарга жакын жер аянтын 9 жылга өздөштүрүүгө ижарага алган. Жеке ишкердин айтымында, чек арада жайгашкан бул аймактагы адырды өздөштүрүүдө көп кыйынчылыктар, бут тосуулар болгон. Бирок, ошого карабастан какыраган таштак адырды бакка айлантып, учурда бир жылдык көчөттөрүнөн алгачкы түшүмдү алуунун алдында турат. Аталган аянтта өткөн жылдын сентябрь айында тоок фермасын да куруп, эми киреше таап жаткан учуру.

-Биздин үй-бүлө, өзү атам баш болуп жеке ишкердик менен алектенебиз, — дейт жеке ишкер. — Атам Абди Мирзакулов Баткен шаарында ашкана иштетип келет. Жеке ишкердикти 2000-жылдары баштаган. Мен да орто мектепти бүткөндөн соң, билимимди жогорулатууга деле кызыккан жокмун. Бала кезимден тоокторго жакын болуп, жөжө ачтырып, аларды багып, өстүрүп, көбөйтүү аракеттерин көрчүмүн. Ошондуктан, тоок фермасын ачуума, менин балалык кыялым себеп болду.

Алгач 330 тоок менен жумушту баштадым. 20 күндөн кийин эле дагы 470 тоок алып келдим. Тоокторго күнүнө 65 кг жем берем. Алардан күнүнө 400дөн ашуун жумуртка алып, бир жумуртканы 6 сомдон сатабыз. Менин кардарларым ушул жол боюнан эле келип сатып алып кетишет.

М.Мурзакулов бул адырга өткөн жылы 1500 түп тал-терек, арча, жаңгак, мисте, бадам көчөттөрүн олтургузган, быйылкы жылы алардан алгачкы түшүмүн алганы турат. Быйыл дагы 700 түп кут дарагын, ж.б. көчөттөрдү отургузган.

-Өзүңүздөр көрдүңүздөр бул тигилген бактар чоңойсо, бул аянт келечекте элдердин чоң, заманбап эс алуучу жайына айланат, — дейт ал. Кут дарагы 1 жылда 7 метр өсөт экен. Ал эми биздин Баткен жергесинде 1 жылда 3 метрге чейин өсөт дешет адистер. Бак-дарактарды тамчылатуу жолу менен сугарабыз. Ал үчүн 300 куб суу бата турган чоң темир бачок орнотконбуз. Буюрса, өткөн жылы эккен жаңгак көчөттөрүнөн быйыл алгачкы түшүмдү алганы турабыз.

Бул жер аянтка 150дөн ашуун орунга ылайыкташкан, заманбап ашкана куруп жатам, буюрса, бут тосуулар болбосо ушул жылдын соңуна чейин пайдаланууга берем. Мындан сырткары, ушул адырды сүрдүртүп тегиздетип жатам, келечекте элдердин ден соолугун чыңдоочу заманбап клиника, санатория, же эс алуучу жайга айландыруу максатым бар.