Бишкекте «Автомото-2017» фестивалы өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу “Автомото-2017» аталышындагы чоң фестиваль уюштурулат. Бул тууралуу  уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чара 17-июнда Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында өтөт.

Ага Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын өкүлдөрү катышат. Программада автошоу, дербишоу, согуш автоунаалары, «Мисс Autofest -2017» сынагы жана башка оюндарды өткөрүү каралган.

Мындан сырткары, күйөрмандарга эң мыкты автомобилдик долбоорлор тартууланып, ал шоу программалар менен коштолот.