Кыргыз акындарынын ырлары азербайжан тилинде

Маектешкен Шабдан Абылгазы уулу, «Кыргыз Туусу»


Жакында кыргыз акындарынын ырлары азербайжан тилинде антология болуп чыкты. Ага 40 жашка чейинки 35 акындын ыры кирди. Аталган антологиянын редактору Азербайжанда Ататүрк борборунун бөлүм башчысы, Түрк дүйнөсүнүн жаш калемгерлер бирлигинин негиздөөчүсү, акын жана публицист Акбар Гошалы менен маектештик.

– Кыргыздын жаш акындарынын антологиясынын чыгышы менен куттуктайбыз. Бул тууралуу кеңири айта кетсеңиз?

– Антология – бул жалгыз адамдын эмгеги эмес, бул бүтүндөй бир адабий муундун ырларын камтыган поэзия дестеси. “Жаштардын келечегинде, улуулардын өтмүшү бар” – деген макал жөн айтылбаса керек. Бул жаатынан алып караганда “Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы” бүгүнкүнүн жана келечектин китеби.

Антологияны түзүү идеясы кайдан чыкканына токтолсом, биздин 20 жылдык тарыхы бар Түрк дүйнөсүнүн жаш калемгерлер бирлиги (ТДЖКБ) өз милдетин мыкты аткарып жатканын белгилей кетсек болот. Буга чейин “Жаңы татар поэзиясынын антологиясын”, “Жаңы казак поэзиясынын антологиясын”, “Өзбек поэзия дестесин”, “Туран жолу”, “Түрк үнү” китептерин чыгарып келген.

Өткөн жылы биздин иштерибиз менен жакындан тааныш болгон депутатыбыз, түрколог-окумуштуу Жеваншир Фейзиев: “Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясын даярдай аласыңарбы?” – деп сурап калды. Биз бул суроону сунуш катары кабыл алдык дагы дароо макул болдук. Себеби, буга чейин Кыргызстандагы ТДЖКБнин мүчөлөрү, досторубуз менен бул жаатында акылдашып жургөн элек. Мындай китепти даярдоо биз көптөн күткөн максатыбыз, каалообуз эле.

Биз өзгөчө которуу технологиясын тандап алдык: ырларды бир котормочуга эмес, бир нече котормочуга сунуштадык. Мунун негизинде акындар бири-бирин билип, туугандашып, жаштар арасында байланыш жаралып, авторлор жакындан тааныша алышат, ортолорунда адабий алака түзүлөт. Мунун артынан жаңы идеялар, мамилелер, кызматташуулар жаралат. Мен муну көпүрө салгандарга салыштыргым келет. Бирок, бул кадимки физикалык параметрлүү көпүрө эмес, руханияттык параметрлер менен өлчөнгөн “көңүл көпүрөсү”, башкача айтканда, бир туугандык, кандаштык көпүрө дээр элем. Антологияга 35 кыргыз жаш акындарынын ырлары топтолду. Ырларды 18 азербайжандык ага-карындаштарыбыз которду. Ал 18 котормочунун эң улуусу 56 жашта, эн кенжеси 26 жашта. Алардын арасында үч окумуштуу, кай бирлери эл аралык, республикалык адабий конкурстардын жеңүүчүсү, жаштар сыйлыгынын ээси, президенттик стипендиянын ээси. Коомдо өздөрүнүн китептери менен көпчүлүктүн арзуусуна татышкан.

Антология 500 нуска менен чыгып, китепканаларга, маданий окуу жайларга таратылды. Жана электрондук версиясы kitabxana. net порталында жайгаштырылды.

 – СССР кулагандан кийин адабий, маданий байланыш бир аз солгундап кеткендей болду эле. Азыр боордош элдердин ортосундагы маданий байланыш кайрадан жанданып жаткандайбы?

– СССРдин учурунда боордош элдердин арасында укмуштуудай жакын алака болбосо дагы, Москванын буйругу аркылуу соцреализм инерциясынын негизинде мамилелер болуп келген. Советтер Союзунун өзүнүн адабий-идеологиялык канондору, чектери бар эле, жана эч бир адам ал чектен чыга алчу эмес. Бирок, басмаканаларда, китепканаларда атайы бир чектөөлөр болсо да, адамдардын көңүлүнө, жүрөгүнө чек коюп, баарын бир түскө боеп, манкуртташтыруу мүмкүн эмес. СССРдин кулашы менен жаңыдан өсүп-өнүү, жашылдануу, гүлдөө процесстери башталды. Бул учурда эски система, эски адабият жокко чыгып, жаңысы али жарала элек эле. Ал учурду кайрадан жаратуу, өзгөрүү, өзүн-өзү издөө-изденүү жылдары деп айтсак да болот. Дал ошол кездерде ТҮРКСОЙ идеясы пайда болду. Анын артынан дагы бир топ өнөктөш долбоорлор, анын ичинде биздин ТДЖКБ дагы бир социалдык платформа катары өз ордун таап калды. Боордош элдердин ортосундагы адабий алаканы түзүү, маданий байланышты жандардыруу идеялары бир канча мыкты эркиндикти суйгөн, репрессиянын курмандыктары болгон жазуучуларыбыздын, акындарыбыздын чыгармаларында жазылган. Биз бул идеяны улантууга аракет кылуудабыз.

– “Тил жакын болсо, дил жакын”- дешет. Балким, дал ушул антология акындар үчүн достук көпүрөсү болоттур?

– Акындын, жазуучунун куралы анын сөзү, тили. Тилге жаңы сөздөрдү, жаңы түшүндүрмөлөрдү киргизгендер дагы чыгармачыл инсандар. Илимий-техника, технология терминдери, албетте, жат тилден. Ал эми акындар элдин арзуу-мүдөөсүн жеткирүүчү, айтуучу болгондуктан, алар калктын сөзүн жаза алат, өлүп-жоголуп бара жаткан сөздөрүн тирилтип, ага өмүр берет. Жана да аларда орток тарыхыбыз, орток сөздөрүбүз жашайт. Бул рух- улуттун руху, боордоштук рух деп ишенем. “Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы” биздин дагы да жакындашуубузга себепчи боло алат деп ишенем. Кыргыз адабияты дегенде «Манастан» жана Айтматовдон башка да авторлордун аттары аталышын, окулушун, эстелишин, изилденилишин каалайт элек.

 – Китептин редактору катары айта кетсеңиз, кыргыз поэзиясы азербайжан поэзиясынан эмнеси менен айырмаланат экен?

– Сиздердин поэзия, ырдын түзүлүшү, маңызы жалпысынан алып айтканда эски түрк поэзиясына жакыныраак. Жаңы кыргыз поэзиясы жаңы доордо өз нугун, ордун табуу аракетинде жүргөндөй сезилет. Дүйнөнүн эң чоң эпопеясы «Манас», тирүүсүндө классикке айланган улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун дагы чыгармалары ушул жолдон алыстаган эмес. Дал ушул эки чоң адабий эстелик кыргыз поэзиясынын өзөгү, маңызы, булагы десек да болот. Албетте, ар бир жаңы калем дагы өз жолун таап, өзүнчө бир дүйнөнү ачышы керек. Бирок, ушул чоң адабий эки эстеликтин таасирлерин кыргыз поэзиясынан да байкоого болот. Бул жаман эмес. Суу өз нугун табат деген сөз бар эмеспи.

Поэзия сапарына чыккан жаш кыргыз акындары бийик тоолордун кучагында, ата-мекендин койнунда, деңизден узак, талаалардын курчоосунда ыр жаратышат. А биз кавказдыктарбыз. Биздин борборубуз дүйнөнүн эң чоң көлү аталган Каспий деңизинин боюнда жайгашкан. Биздин адабиятыбыздын жадында фарси тилинде жазган Низами, фарси, араб, түрк тилдеринде жазган Физули, эки дүйнөнүн арасында жашап, болгону 47 жыл өмүр сүргөн “Менин эки ааламым бар, Бул мүрзөгө сыйбасмын” – деген улуу Несминин жана андан кийин чыккан чыгаан калемгерлерибиздин чыгармалары бар. Мейли бир канча жыл адабиятыбыз совет идеологиясынын үстөмдүгү алдында болсун, баары бир биз боордош элбиз, сезимдерибиз бир. Биз бир булактан суу ичип, бир аттын жалында жүргөндүктөн, табигый окшоштуктарыбыз арбын.

 – Китепти чыгарууда, ырларды топтоодо, которууда кыйынчылыктар болдубу?

– Кандай десем, ырларды түп нускадан которууда бир аз көйгөйлөр болот. Биз, албетте, муну тектеш тилдерден жасалган «котормо» дейбизби, «оодаруу» дейбизби, бирок негизги белгилей кетчү факт бул, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 28-жылында гана орток тил аркылуу оргиналдан которуу максатыбызга бир аз жакындаштык. Айтайын дегеним, Түркстандагы Ахмад Ясаби атындагы Казак-түрк университети, сиздердин Манас университети орток тарыхыбыздан, орток келечегибизге карай кетчү жолду салууга аракет жасап, ТҮРКСОЙ, Түрк Академиясы сыяктуу уюмдар алгылыктуу иштерди алып барышууда.

 – Дагы кандай пландарыңыздар бар? Антологиянын ачылыш аземи качан өтөт?

– Кыргыз досторубуздун жардамы аркылуу келечекте Азербайжан чыгармаларын Бишкекте, кыргыз чыгармаларын Бакуда жана бул антологияны Анкарада тааныта алабыз деген үмүтүм бар. Ага чейин, азыркы антологиябыздын бет ачаарын Азербайжанда өткөрүүгө даярданып жатабыз. Ал эми күзүндө ушул эле китептин бет ачаарын Бишкекте өткөрүү планыбыз бар.