Жазуучу Жумабек ТОКТОГАЗИЕВ: «Айтматовдун каармандарынын көбү менен аралашып калдым»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Жазуучу Жумабек Токтогазиев 1948-жылы 19-мартта Кара-Буура районунун Шекер айылында туулган. КМУнун филология факультетинин тил жана адабият бөлүмүн аяктаган. Республикалык теле көрсөтүү жана радио уктуруу комитетинде, Талас облустук телерадио комитетинде, Кара-Буура райондук «Октябрь таңы» гезитинде, республикалык «Ак Бата», «Эркин-Тоо», «Кыргыз Руху», «Кыргыз адабияты» гезиттеринде иштеген. Чыгармачылык шыгы мектепте окуп жүргөн мезгилинде башталган. «Куштар таңга жуук ойгонушат» аттуу көлөмдүү аңгемеси 1975-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине басылган. «Чагылгандын жарыгы» аттуу аңгемелер жыйнагы 2007-жылы жарык көргөн. «Жетөөнүн баяны» аттуу төрт көшөгө, сегиз сүрөттүү желелеш-бир тутумдагы чакан новеллалардан турган драмасы Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналып, Шекер айылындагы элдик театрдын жамааты тарабынан коюлган. 1996-жылдан КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

– Жумабек байке, сиздин бактыңыз тоодой десек болот, киндик каныңыз тамган Шекер айылынан не бир залкар таланттар чыккан. Чыңгыз Айтматов, Ашым Жакыпбеков, СССРдин эл артисти Капар Медетбеков… Ошондо Шекер айылы таланттардын уюткусу десек болобу?

– Айтканыңдын калети жок. Шекер айылы – таланттардын бешиги. Мен да ошол айылда төрөлүп, өскөнүм чын. Ал эми менин жазуучулугумдун жөнү башка.

Мына бүгүн Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдугун чыгарып жатышат. Чыңгыз аба мамлекеттик, коомдук иштерден колу бошобосо да, ушунча эмгекти элине мурастап кетиптир. Ашыке андан кем жазган жок. Онго жакын китептери чыкты. М.Лермонтовдун, С.Цвейгдин чыгармаларын которду. Айтматовду кыргызча сүйлөттү. Аларды айтпаганда да, “Теңири Манас” эмне деген керемет эмгек. Ашыке менен ара-чолодо сүйлөшүп калганда, “Семетей” менен “Сейтек” бышып жетилип калды, бир отурсам эле жазып коем” дечү. Ал кишинин ой жүгүртүүсү кенен, акылы терең эле, көрбөй туруп көргөндөй айтчу. Болгонун болгондой айткан, уңгулуу сөздөн тайбаган керемет адам эле. Ашыкени эстеген сайын, “Ашыкедей асыл адам эми кайра төрөлөр бекен?” деп, каңырыгым түтөйт. Кайран асыл киши Коңурбай менен АбыкеКөбөштөрдүн таландысында калып, көздөгөн максатына жетпей кете берди. Капар абамды айтсам, ал не деген гана керемет ролдорду жаратпады. Анын жараткан «Король Лири» эле анын канчалык залкар адам экенинен кабарлап турбайбы. Мына ушул залкар айылдаштарыма салыштырмалуу мен чоң эмгек жасай алган жокмун.

– Антсе да, сиз жараткан образдар Гоголь, Сервантес жараткан образдарды эске салып турат. Анүстүнө сиздин чыгармачылыктын гүлдөп турган мезгили көпчүлүк эл китеп окубай калган мезгилге туш келди. Адабий сын да мурдагыдай болбой калды. Болбосо, “Бүкүрдүн үйлөнүшү”, “Ибилистин кызы”, “Чагылгандын жарыгы” сиздин калемиңиздин чоктой күйүп, оттой ысып турганынан кабарлап турбайбы?

– Жылуу сөзүңө рахмат. Бирок, учурунда “ойноп кетип” жазыла турган чыгармалар жазылбай калды. “Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дейт. Анүстүнө айылдаштарым Чыңгыз ага, Ашыкеге окшогон залкарлар болгон соң, менде жоопкерчилик да чоң болду окшойт. Далайларын жазбай ак койдум. Жазгандарымы болсо, абай салып, жаңылып калбайын, улуу жазуучулар чыккан айылдан эптеп калем кармаган бирөө чыгыптыр деген сөз болбосун” деп отуруп, убакытты өткөрүп ийдим көрүнөт. Менин “жалкоолугумдун” сыры ушунда. Анүстүнө мен жай жазам. Бир кыска эле аңгемени жарым жыл, кээде бир жыл жазам. Эң башкысы, “өлүү” эмес, тирүү чыгарма жаратканга аракет кылам. Кеп чыгарманын санында же көлөмүндө эмес, анын көтөргөн жүгүндө эмеспи.

– Чыке менен Ашыкенин каармандарын өз көзүңүз менен көрүп, мүнөздөрүн, кылык-жоруктарын билип калгандырсыз. Мүмкүн, анын өзү сиздин чыгармачылыкка бел байлашыңызга түрткү болгондур?

– Чыңгыз аганын каармандарын көбүн көрүп-билип калдым. Алар менен аралашып жүрүп, сүйлөшкөн да күндөрүм көп болгон. Ал каармандардын баарысы өтүп кетишти. Жазуучунун “Эрте жаздагы турналар” повестиндеги Инкамал апай – “Кыргыз Туусунун” (мурдагы “Советтик Кыргызстан”) гезитинин ошол учурдагы кызматкери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Махмудбек Гапаровдун апасы болгон. Повесттеги Ажымурат Султанмураттын иниси эмес, агасы эле.

Султанмураттын, Ажымураттын атасы – Сатыбалды бизге жакын тууган болот. Ажымурат 75 жыл жашап, 1999-жылы февраль айында дүйнөдөн өттү. Иниси Султанмурат 78 жыл өмүр сүрүп, 2003-жылы апрель айында кайтыш болду. Ал комуз черткен, жамактап ырдаган, элдик ырлардан машына келтирип обон созгон киши эле. Айтылуу “Гүлсарыны” көлөмдүү дастанга айлантып, жоролордо өзүнө тиешелүү обон чыгарып, ырдап жүргөнүн уккам. Кийин-кийин Султан акеме: “Гүлсаратты” көлөмдүү дастан кылып жазып, ырдап жүргөн экенсиз. Ошол кол жазмаңыз калды беле?” – десем. “Ар жерде калып, жоголуп кеткен” – деп койду.

“Саманчынын жолу” повестиндеги Алиман – Чыңгыз аганын жакын жээндеринин бири Күрүчбектин зайыбы болчу, аты Алима эле. Алима өндүү-түстүү адам болчу. Субанкул дагы эң жакын туугандарынын бири. Масалбек жана башкалар жазуучунун кыялынан жаралган. Жамийла Шекерге коңшулаш жайгашкан Бакайыр айылында жашаган колунда бар жылкычынын кызы болгон дешет. Күйөөсү аскерде болгонуна карабай, ал Даниярды ээрчип кетип калганын да айылдыктар айтышат. Бул чындык.

Мен Чыңгыз аганын, Ашыкенин каармандарынын таасиринде калганым, мен да алардай жазуучу болсом деп кыялданганымды танбайм. А менден кандай калемгер чыкты, ага окурмандар баа беришсин.

– Эми мынча болду, өзүңүздүн залкар жердештериңиз тууралуу сөз учугун уласак. Кыргыз бири-бири менен сураша келсе, тууган болуп чыгат дейт, Чыңгыз Айтматовдун уруусу эмне деп аталат?

– Адегенде Шекер уруусу жөнүндө кеп кылалы. Санжыра боюнча “оңдон”, “солдон” кубалап келгенде “солдун” ичинде шекер уруусу кутай уруусуна (кытай) кирет. Андан – Төңтөгөр, Төңтөгөрдөн – Шекер. Ошол Төңтөгөр – Ажы жана Шекер аттуу эки уулдуу болот. Биринчисинин аялы жети бала төрөп, экинчисинин – Шекердин зайыбы төрөбөйт. Ошондо Шекерге аялынын үстүнө аял алып беришип, андан тарагандар Шекер уруусу деп аталып калат. Шекер Төңтөгөрдүн баласы болуп жатпайбы. Шекер уруусу үч атадан тараган. Демек, Чыңгыз Айтматовдун түпкү уруусу – Кытай.

– Чыңгыз Айтматов Султанмурат (Сатыбалдиев), Мырзагүл (Орозгүл Үсүбалы кызы) менен бир класста окуганы ыраспы?

– Ырас!

– Султанмурат менен чогуу окуса, “Эрте жаздагы турналардагы” Султанмурат менен Мырзагүлдүн ортосундагы сүйүүгө күбө болгон тура?

– Ооба да. Чыңгыз аганын телитеңтуштарынын айтымында, Султанмурат менен Мырзагүл бир класста окушканы ырас. Мырзагүл –Тыналиев Үсүбалы молдонун кызы. Чын аты – Орозгүл. Классташым Үсүбалиев Кубанычбектин бир тууган эжеси. Айылдаштарыбыздын айтуусуна караганда, кара-торунун сулуусу экен. Узун бойлуу, мектепте да жакшы окуган…

Кийин-кийин, бир жылы Султан акемден Мырзагүл (Орозгүл) туурасында сурап калганымда, ал күлүп тим болгон. Мырзагүл (Орозгүл) айылыбызга жакын Куру-Маймак деген жердеги, Сатыкей айылындагы Жумадил Тургунбаевге турмушка чыгып, он бир бала төрөп, очор-бачар болгон. 1992-жылы дүйнө салды. Балдарынын баары жогорку билимдүү. Азыркы күндө Сатыкей айылындагы орто мектеп Орозгүл эженин ысымында.

 – Ашыке көп жылдар балалуу болбой жүрүп, анан Чыңгыз Айтматов бата берип, уулдуу болгон деп уктум эле?..

– Ал ырас. Ашыке элдик каада-салтты мыкты билген, салт сыйлаган адам эмес беле. Чыңгыз аганы үйүнө мейманга чакырат. Улуу жазуучу сыйлуу устукандагы чүкөнү алып, аны тазалап, үстөл үстүнө өкчөгөндө, айкүр конот. Көрсө, ал ырым кылган экен. “Ашым иним, эркек балалуу боло албай жүргөнүңү билем, минтип ырымдап өкчөгөн чүкөм алчы турду. Келин баланын этегинен жалгап, эмки жылы ушул убакта эркек балалуу болгула. Биз жентек тойго келели” деп бата тартат. Чыңгыз ага айткандай, кийинки жылы Ашыке балалуу болуп, уулунун ысымын Улан коет.

– Бир жылдары Чыңгыз Айтматов туурасында драма жазып жүрөт элеңиз, тагдыры не болду?

– Аны Чыңгыз аганын карындашы Люсянын баласы Асан Ахматов, жазуучу жана котормочу Афина Абдылдаева жана мен болуп, үчөөлөп жаздык. Драма “Апаат жана акыл балладасы” деп аталып, 3 көшөгө 12 көрүнүштөн турат. Анын жазылганына көп жыл болуп, маданият министрлигинин алдында атайын КЭКтен (Көркөм эксперименталдык комиссия деп коёт) өткөн. Кытай Эл Республикасынын “Шиңжаң кыргыз адабияты” журналынын 2014-2019-жылдарындагы эки санына басылып чыгып кеткен.