Балдар — келечегибиз, а келечекке олуттуу мамиле керек

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Президент Сооронбай Жээнбеков 25-июнда Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргызстан бул конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган улуттук форумда “балдардын гармониялуу өнүгүүсү— мамлекеттин артыкчылыктуу багыты” экенин айтты.

Ал эми экс-президент Роза Отунбаева биздин өлкөдө ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашай турганына, андыктан бул маселеге кайдыгер кароого мүмкүн эмес экенине жана кыргызстандык балдардын экинчи мууну кедейликте өсүп жатканына токтолду. Айтымында, кедейлик – баланын ден соолугунун бузулушуна, сабактагы жетишүүсүнүн начарлоосуна жана өзүнө ишенбөөсүнө алып келет.

Иш-чарага өлкөнүн президенти жана экс-президентинен сырткары БУУ балдардын укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Рената Винтер, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо, мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык корпустун, жергиликтүү бийлик, өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков форумда сүйлөгөн сөзүндө, кыргыздар илгертеден эле балага байланыштуу баалуулуктарды аздектеген коом болуп эсептелерин айтып, Кыргызстандын балдарды коргоо боюнча азыркы учурдагы көрсөткүчтөрүнө баам жасады. «Кичинекей балдардын өнүгүү көрсөткүчү 72 пайыздан ашты. Мектепке чейин, 5 жаштан ылдый окутулуп жаткан балдардын саны 64 пайызды түздү. Мектепке кирүү алдындагы билим 91 пайыз балдар үчүн жеткиликтүү болуп калды. Биздин өлкөдө балдардын укуктук негиздери жетиштүү деңгээлде камсыз болгон. Конституциянын ченемдери үй-бүлөнү жана балдарды коргоонун атайын кепилдиктерин карайт. Эч ким жынысы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, жаш курагы, саясий ынанымдары, билими, мүлктүк же башка абалына карата басмырлоого алынышы мүмкүн эмес экендиги каралган. Балдардын ар бири — дене боюнун, акыл-эсинин, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл жашоо деңгээлине укуктуу», — деди С.Жээнбеков. Президент мамлекеттик органдардын жана уюмдардын милдеттери кодексте так аныкталганы менен баары бир кемчиликтер бар экенин кошумчалады. «Интернат мекемелерине жөнөтүлгөн балдардын саны азайган жок. Жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөр жетишсиз экени белгилүү. Социалдык коргоо, асыроо, камкордук жана көзөмөл системасында кемчиликтер жана коррупциялык элементтер дале жоюла элек. Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө», — деди өлкө башчы.

Ошондой эле өлкө башчы мамлекеттик саясатыбызда өзгөчө эске алуучу дагы үч чакырык бар экенин сөз кылды. “Биринчиси, 2030-жылдан баштап Кыргызстанда калктын картаюсу башталат, башкача айтканда, улгайгандардын саны 10 пайыздан аша баштайт. Ошол эле убакта 18 жашка чейинки балдардын саны азыркы 33 пайыздан азайып, 29 пайызга чейин төмөндөйт. Экинчиси, биз региондогу эмгек өндүрүмдүүлүгү эң төмөн өлкө болуп жатабыз. Төмөнкү квалификацилуу адамдар талап кылынган экономиканын структурасы — бул 30 жыл мурдагы саясаттын кесепети. Үчүнчүсү, келе жаткан санарип жана инновациялык технологиялардын заманы жогорку квалификациялуу кызматкерлерди талап кылат. Бирок бүгүн 7 жаштан 14 жашка чейинки балдардын ичинен 51 пайызы гана эсептөө жөндөмүнө ээ болушкан», — деди С.Жээнбеков.

Президент аталган чакырыктарга туруштук берүү үчүн аткарыла турган ишчаралардын комплексин да санап өттү. Анын айтымында, балдардын саламаттыгы, эрте жашында өнүгүүсү, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапатына көңүл буруу, эртеңки күндүн талабына жооп берген инновациялык мектептер жана программаларды ишке киргизүү приоритеттүү багыттар болуп саналат.

Муну менен бирге атаэнесинин камкордугусуз калган балдардын тагдыры, алардын укуктарын коргоо жана адамдык кадыр-баркын сактоо — мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктары экени айтылды. Президент ошондой эле турмуштук оор кырдаалда калган балдарды коргоо, анын ичинде зордук-зомбулуктан сактоо, өспүрүмдөрдү коомго интеграциялоо өкмөт жана жергиликтүү бийликтин негизги милдети экенин кошумчалады. Ал эми БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Рената Винтер балдар укугу тууралуу бул форумга КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышып жатканы ал үчүн жана жалпы коомчулук үчүн абдан маанилүү экенине жана көп мамлекеттерде президенттер көбүнчө саясий, экономикалык, бизнес иштери боюнча ж.б. ишчараларга көп маани беришерин айтты. “Ал эми балдар маселесине атайын көңүл буруп, өзү катышкан Президентти кезиктире элек болчумун. Демек, бул иштер өз максатына сөзсүз жетет деп ишенем”, — деди ал.

Ошондой эле ал балдар укуктарынын бузулушу сыяктуу ж.б. көйгөйлөр Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө бар экенине токтолду. Айтымында, балдар укуктарын коргоо боюнча конвенцияда балдардын жаркын жашоосуна арналган 40тан ашуун пункт бар. Алардын эң өзөгү – балдар ата-энелери менен үй-бүлөдө жана барчылыкта, мээрим менен чоңоюшуна, татыктуу билим, тарбия алуусуна арналган жана балдар жабык мекемелерде тарбияланбашы керек. Ошондой эле Рената Винтердин байкоосу жана баалоо­су боюнча, бул багытта Кыргызстан жакшы иштерди алып барууда.

Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укугу жөнүндөгү конвенциясы 1989-жылы кабыл алынып, буга Кыргызстан 1994-жылы кошулган.