Экспортко жол ачык. Ага эмне чыгарабыз?

Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчы белгилегендей, Кыргызстанда айыл чарба өлкө экономикасынын реалдуу секторунун артыкчылыктуу тармагы болуп саналат. Агрардык тармакты өнүктүрүү аймактарды жана жалпы ата-мекендик экономиканын өнүгүүсү менен түздөн-түз байланыштуу.

Ал аталган министрлик жөн гана статистикалык орган болбой, агрардык тармактагы реформаларды алдыга жылдырган аракеттердин локомотиви болушу керектигин да баса белгиледи.

«Жер-жерлерде айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл, ар дайым турмуштун күрөө тамырын кол менен кармап, аймактарга тез-тез каттоо керек. Негизги максат — айыл чарба продукцияларынын экспортунун көлөмүн арттыруу. Айыл чарба тармагына республикалык бюджеттен, КыргызРоссия өнүктүрүү фондунан жана башка финансы институттары тарабынан жетиштүү каражаттар бөлүнүүдө, ошондуктан аларды натыйжалуу пайдалануунун үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү зарыл», — деди С.Жээнбеков.

Мамлекет башчы айыл чарбасын өнүктүрүүнүн мыйзамдык базасын жакшыртып, кошумча инвестицияларды тартуу жана илимий методдорду пайдалануунун маанилүү экенин баса белгиледи.

«Аймактарда айыл чарба продукцияларын сатуудагы кырдаал мага жакшы тааныш. Алдын ала пландаштыруу боюнча иштерди күчөтүү зарыл, так эмес божомолдор кандай кырдаалга алып келерин көрдүк. Дыйкандар өздөрүнүн продукцияларын сатуу учурунда зыян тартпагандай болушу керек», — деди Президент.

С.Жээнбеков ата мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүү жана алыскы чет өлкөлөргө, анын ичинде ЕАЭБ жана ВСП+ макамынын алкагындагы экспорттук потенциалды колдонуу боюнча иштерди күчөтүүнү сунуштады. Эт-сүт продукцияларын, мөмө жана жашылча-жемиштерди, жүн жана башка айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоону көбөйтүү боюнча кайра иштетүүчү ишканалар менен иштерди жүргүзүүнү сунуштады.

Мамлекет башчы аймактарды сугат суусу менен өз убагында камсыз кылуунун зарылдыгын жана ирригациялык инфраструктураны куруу боюнча иштерди активдештирүүнү да белгиледи. Ошондой эле айыл чарбасында «акылдуу чечимдерди» жана процесстерди санариптештирүүнү киргизүүгө, министрликтин тутумун оптималдаштырып, аны ийкемдүү жана азыркы талаптарга жооп бере тургандай кылууга көңүл бурду.

Министр Э.Чодуев бүгүнкү күнгө карата министрликтин ишиндеги негизги артыкчылыктар катары үч багыт аныкталганын билдирди.

Биринчиси — бул экспортту колдоо жана ата мекендик айыл чарба продукцияларын тышкы рыноктордо илгерилетүү. Бул маселе боюнча айыл чарба ассоциациялары жана ишке тартылган мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырыла турган иш-чаралардын планы түзүлгөн.

«Биз 18 ассоциация менен меморандум түздүк, бул 400 миңден ашык фермерлер менен түз иштөөгө мүмкүндүк берет. Министрликтин курамында ата мекендик продукцияларды чет элдик рынокторго чыгаруу боюнча ишти күчөтүү үчүн экспортту илгерилетүү боюнча жаңы бөлүм түзүлдү», — деди министр.

Экинчиси — тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү. Министр Мамлекет башчысына региондордо кайда жана кандай айыл чарба ишканалары артыкчылык тартипте ишке киргизиле турганы белгиленген картаны көрсөттү. Бул багытта Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду, «Айыл банк», «РСК Банк» жана «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомдору менен активдүү иш жүргүзүлүүдө. Э.Чодуев министрликтин жаңы тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча ишмердиги даректүү жана так жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Үчүнчүсү — региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында «Айыл маалымат» мамлекеттик ишканасынын базасында жаңы мамлекеттик ишкана — «Санарип айыл чарбасы» түзүлөт. Анын негизги максаты — агрардык тармактагы процесстерди санариптештирүү.

Министр белгилегендей, жогоруда айтылгандардан тышкары, кооперативдик чарбалардын тармагын кеңейтүүгө, үрөнчүлүк ишканаларды, асыл тукум мал чарбачылыгын жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө басым жасалат. Бул да агрардык сектордун комплекстүү өнүгүшүнө кызмат кылмакчы.

Т.ИСХАКОВ