Абылгазиев: «Өкмөт инвестициялык климатты жакшыртат»

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда республикадагы инвестициялык ишмердүүлүктүн абалы жөнүндө жыйын болуп өттү.

Өкмөт башчынын айтымында, 2018-жылга карата чет элдик түз инвестициялардын агымы 851,7 млн. долларды түзгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 38,1% өскөн.

«2018-жылы чет элдик түз инвестициялардын глобалдык агымы 13% кыскарганын эске алганда, суммалык көрсөткүчтө 1,3 триллион долларга кыскарган. Ошол эле учурда өзгөчө белгилей кетсек, дагы бир оңдуу факт тенденциянын сакталышы, тагыраагы 2019-жылдын биринчи кварталында чет элдик түз инвестициялардын агымы 176,7 млн. долларды түзгөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,9% көп. Ошону менен бирге чыккан агым 31,3% кыскарган», – деди Премьер-министр.

М. Абылгазиев Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иштердин жыйынтыгы катары төмөнкүлөрдү белгиледи: 2019-жылдын 1-январынан тартып ишкердик субъекттерин мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө мораторий киргизүү; 2019-2022-жылдарга карата Ишкерлерди тейлөө борборлорунун ишмердүүлүгүн түзүү жана уюштуруу Концепциясын бекитүү (2019-жылдын 1-мартынан); Туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо фондун түзүү; «Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана жактыруу; «Преференциалдык калктуу аймактар жөнүндө» токтомду кабыл алуу (салыктын 4 түрүнөн: сатуу салыгынан, киреше салыгынан, жер салыгынан жана кыймылсыз мүлк салыгынан 5 жылдан 10 жылга чейин бошотуу); Өкмөттүн «Иштетүүчү ишканаларды жана багбанчылыкты өнүктүрүүнү каржылоо» буйругун иштеп чыгуу кабыл алынды.

Мындан тышкары Бизнес-омбудсмен институту түзүлүп, учурда Бизнес-омбудсменди жана анын орун басарларын тандоо сынагы жүрүүдө; «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамдын редакциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленди; инфратүзүмдүк долбоорлорду өнүктүрүүнү колдоо жана тездетүү үчүн Мамлекеттикжеке өнөктөштүк борборун түзүү иштери уланууда, тигүү жана текстилдик өндүрүштү өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мыйзам долбоорун илгерилетүү жүрүүдө, анда юридикалык жактардын социалдык чегерүүлөрүн жана салыктык жүктөмүн кыскартуу каралган.

«Ишкерлик субъекттерин текшерүүгө 2 жылдык мораторийге карабастан, бизнести текшерүү фактылары бар. Мен ишкерлерди жана инвесторлорду бул өңдүү фактылар боюнча өз укугуңарды коргоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга, тескөөчү вице-премьер-министрлерге кайрылууну сунуштайм. Биз Кыргызстандын ишкерлерин колдоо иштерин, инвестициялардын агымын өбөлгөлөө жана инвестицияларды колдоо боюнча мындан аркы чараларды улантып, мамлекеттик мүлк натыйжалуу менеджментин жакшыртып, МЖӨнү өнүктүрүүгө тийишпиз»,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга инвестициялык долбоорлорду сапаттуу түзүүнү жана ишке ашырууну, келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнү тапшырды. Муну менен катар 1992-жылдан 2019-жылга чейин түз инестициялардын агымын талдоо, ошондой эле чет элдик түз инвестициялардын катышуусунда МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууну талдоо сунушталды. Мындан тышкары инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана инвесторлор туш болгон тоскоолдуктарга өз убагында жооп кайтаруу үчүн жаңы маанилүү механизмди киргизүү маселеси талкууланды. Бул механизмдин алкагында тескөөчү вицепремьер-министрлерден, мамлекеттик органдардын жетекчилеринен, Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн ири инвестициялык долбоорлор боюнча кураторлор аныкталды.