Акча төлөй келгенде тизмеде бар, суу түтүктү алмаштырарга келгенде тизмеде жок болуп калабызбы?

Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматовго

Урматтуу Азиз Эмилбекович!

Борбор калаада ары кубанычтуу, ары жөрөлгөлүү жакшы иштер болууда. Бишкек мэриясы борбор калаанын жолдорун оңдоонун жана реконструкциялоонун кийинки этабына өттү. «Бишкек шаарынын көчө-жол түйүндөрүн өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында 2019-2020-жылдарда оңдоо иштери (асфальт төшөлө турган) боло турган көчөлөрдүн тизмесине шаардын 60 көчөсү кирген. Бул тизмеде Бишкек шаарынын Ленин районунун АрчаБешик конушундагы Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейинки Эр Тайлак көчөсү да бар. Эр Тайлак көчөсүндөгү оңдоо, же тагыраагы жолго асфальт төшөлүү иштерине байланыштуу мэрияга караштуу «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан Эр Тайлак көчөсүнүн аталган бөлүгүндө жашаган ар бир жашоочуга көчөдөн өткөн жүздүк суу түйүнүнөн үйүйгө кеткен бөлүгүн оңдоону жана мамлекеттик стандарттарга ылайык кудукча жасоону милдеттендирген билдирме келген. Биз, Эр Тайлак көчөсүнүн жашоочулары, көчөдө асфальт төшөлөрүн кубануу менен кабыл алдык жана бул ишке кол кабыш кылганга, анын ичинде суу түтүкчөлөрүн тартипке келтирип, кудукча орнотууга бүгүн болсо бүгүн, эртең болсо эртең даяр экенибизди билдиребиз. Бирок да, бизди түйшөлткөн бир гана маселе бар. Ал Эр Тайлак көчөсүндөгү жүздүк суу түтүктү алмаштыруу маселеси. Себеби, ал маселе суу түтүгүн алып өтүүнү мамлекеттик стандарттарга жараша долбоорлоо жана каржы маселесине такалат, ошондой эле бул ишти “Бишкексууканал” ишканасы аткаруу керек. Көчөдөн өткөн жүздүк суу түтүгүнө 20-25 жыл болуп калды, эскирип, суу түтүктүн темири чирип, улам бир жеринен суу атып, авариялык абал жаралып келет. Эр Тайлак көчөсүнүн Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейинки аралыгы 400 метрди түзөт жана бул суу түтүгүнөн 65-70 түтүн үй (480-500 киши, же 240-250 шайлоочу) пайдаланат. Суу түтүгүн алмаштыруу биринчиден, долбоор иштерин талап кылары, экинчиден, бөдрөтчик уюмду жалдоого туура келери айтпаса да түшүнүктүү. Себеби, көчө жолуна асфальт төшөлө турган болгон соң, аны «кыргызча», эптеп-септеп бүткөрүп салганга болбойт. Эгер, биз аталган көчөнүн жашоочулары суу түтүгүн ашар жолу менен алмаштырып, кокус эртең жарылып кетсе, анда бул үчүн ким жоопкерчилик тартат? Кийин иче турган суу түтүгүн калыбына келтирүү үчүн миллиондорго бүткөн асфальтты талкалайбызбы? Ушул себептен, биз, Эр Тайлак көчөсүнүн тургундары, июнь айынын башында «Бишкексууканал» ишканасына кайрылган элек. Башкармалыктын башчысы Б.Дүйшөмбиев бизди жакшы кабыл алды, жүздүк суу түтүгүн алмаштырып берүүгө макулдук берди. Бирок, ал тапшырма берген кызматкерлер бизге «Эр Тайлак көчөсүнүн суу түтүгү биздин баланста эмес, андыктан биз суу түтүгүн алмаштыруу милдетин албайбыз» деп жооп беришти. Начальниги макул, аткаруучулары макул эмес.

Ооба, биздин көчөдөгү жүздүк суу түтүгү «Бишкексууканалдын» балансында жок экени ырас. Анткени, суу түтүгүн биз, Эр Тайлак көчөсүнүн жашоочулары, 1997-2000-жылдары акча чогултуп, ашар жолу менен салганбыз. Акчабыз тартыш болуп, аргасыз мурда колдонулган жүздүк түтүк коюлуп калган. Биз ошого да шүгүр кылып, ошондон бери пайдаланып, суусун ичип келебиз. Ошону менен бирге, ошол жылдардан бери таза ичүүчү суу пайдаланганыбыз үчүн тийиштүү төлөмдү ай сайын «Бишкексууканалга» төлөп жатканыбызды да айта кетели. Ар бирибиздин колубузда аны тастыктаган эсеп дүмүрчөктөрү бар. Ал эми Эр Тайлак көчөсүнүн Арча-Бешик көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейинки бөлүгү эмне үчүн «Бишкексууканалдын» балансына кирбей калганы, ал биздин эмес, аталган ишкананын маселеси. Биз, Эр Тайлак көчөсүнүн жашоочулары, “Бишкексууканалдан” келген тийиштүү төлөмдү ай сайын абийирдүүлүк менен төлөп жатсак, ишкана ушул кезге чейин эмне үчүн өз балансына алган эмес? Чоң көчөдөн өткөн жүздүк суу түтүгү баланска алынбаса, ошол эле учурда ичүүчү суу үчүн тиешелүү төлөм төлөнгөн болсо, өз балансында жок суу түтүктөн пайдаланганы үчүн акы алган жана тийиштүү кызматкерлерине айлык акы төлөгөн «Бишкексууканал» жооп бериши керек го. Бул барып-келип укук маселеси.

Азыр ал маселе биз үчүн анча деле маанилүү эмес. Болгону, Эр Тайлак көчөсүнө асфальт төшөлүп жаткандыгына байланыштуу, биздин көчөдөгү суу түтүктү да шаардын балансына алып, мамлекеттик стандартка жараша долбоорлоп, жүздүк суу түтүгүн алмаштырып берүүнү суранабыз. Ичүүчү суу түтүгүн алмаштырууга кетүүчү каражаттын кайсы бир бөлүгүн, 20-30% өз мойнубузга алууга даяр экенибизди да билдиребиз. Кантип эле шаардан жардамыбызды аяйлы. Буга чейин деле ошол эле жүздүк суу түтүгүн өз каражатыбызга коюп, өз көчөбүзгө өзүбүз жол салып, көрктөндүрүү-жашылдандыруу ж.б. иштерди жасап келгенбиз. Болгону бул жолу көчөгө асфальт төшөлгөнү жаткан соң, жүздүк суу түтүгү мамлекеттик стандартка жараша алмаштырылып, жарым кылым, бир кылым биздин көчөнүн элине кызмат кылса деген эле ой.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Арча-Бешик конушунун Эр Тайлак көчөсүнүн (Арча-Бешик көчөсү менен Чортеков көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү) тургундары: ДОРДОГОЕВ Ж.А., ПАЙЗИЛЛАЕВ Р.А., БЕКТАШЕВ Ж.И., ЖАНЫБЕКОВ А.Ж., БЕЙШЕМБИЕВА С., СУЛАЙМАНОВА Г.А. ж.б.
бардыгы 39 киши кол койгон