Дүйнөгө кыргыз туусун желбиреткен кыз бүгүнкүнүн курмандыгына айландыбы?..

Быйыл март айында Кыргызстандан Аскат Акибаев башында турган 2000дей катышуучу Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында “Camel Fest” эл аралык фестивалына барышкан. Ал жерде өлкөбүздү “Көчмөндөр ааламы” улуттук маданий программасы аркылуу көрсөтүү максаты каралган. Этнофестивалдын катышуучусу, каскадер Асланайым (Светлана) Аширова ат үстүндө жаа атууга; бүркүттөрдүн катышуусу менен бийлөөгө; өзүнүн жеке коюусундагы “Салбуурун” федерациясынын жаа атуучуларынын шоу программасына; каскадёрлор менен кыз-куумай оюнуна катышып, фестивалдын ачылышы жана жабылышындагы жалпы программаларда оюн көрсөтүүгө тийиш болчу.

Тилекке каршы, фестивалга даярдык учурунда буту сынган, бүгүнкү күнгө чейин жаны кыйналып жаткан Асланайым адилетсиздикке да кабылды. Буга күнөөлүү адамдардын үстүнөн Асланайым арыз менен тиешелүү органдарга кайрылды.

Ал эми, фестивалдагы ДКОнун (Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын) уюштуруу комитети түздөн-түз жооптуу болсо да, азыркыга чейин Асланайымдын дарылануусуна жардам бермек тургай, абалын сурап да коюшкан эмес. Алар тескерисинче, “бутунун сынышына өзү себепкер” деп жабыркаган катышуучуну күнөөлөп жатышат. Фестивалга катышуучуларды уюштуруучулардын бири Айнура Темирбекова алгач ошол уюштуруу комитетинин атынан: “Бул кыз атка өзү эле минип алган, катышуучу деле эмес болчу” – деген. Жазаарын жазып алып, кайра өзү эл алдында уят болгон!

А.Ашированын расмий катышуучу экендигин тастыктаган документтер бар. Алсак, 08.02.2019-жылы А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Ф.Бекмаматовго Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын вице-президенти М.Каиповдун колу коюлган кат жөнөтүлүп, анда төмөнкүдөй жазылган:

“Урматтуу Фархад Шаршенович!

Этнооюндардын Дүйнөлүк конфедерациясы… 2019-жылдын 9-мартынан 10-мартына чейинки мезгил ичинде Сауд Арабиясынын Королдугунун аймагында король Абдул Азиз бин Салман атындагы жыл сайын өтүүчү эл аралык “Camel Fest” фестивалынын алкагында Кыргыз Республикасынын атынан көрсөтмөлүү жана мелдештик оюндарда жети жүздөн ашык спортчу, каскадер жана акробаттар катыша тургандыгын билдирет. Албетте, ушул фестивалдын көрүнүктүү окуясы — биздин атактуу жаачы-каскадёрлорубуздун оюндары болмокчу. Жогоруда жазылгандарды эске алуу менен сизден Аширова Светлана Адыловнаны 2019-жылдын 1-мартынан 25-мартына чейин командировкага жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карооңузду өтүнөбүз. Оң жагына чечилген учурда визаны толтуруу жана билеттерди сатып алуу менен байланышкан маселелерди иштеп чыгуу үчүн +996700573745 телефону аркылуу байланышууңузду өтүнөбүз.

Урматым менен, Вице-президент Кайыпов Н.М.”.

Бул каттан баары ачык-айкын түшүнүктүү болуп турат. Демек, А.Ашированын аталган фестивалга катышуусуна уюштуруу комитети кызыкдар болуп, суранганын ушул кат тастыктап турат.

Азыр уюштуруу комитети тарабынан жаракат алган Асланайымга карата ар кандай ыплас айыптоолор коюлууда. Ар кайсы ЖМКларга Асланайымды өзүн жамандаган, анын ар намысына, абийирине жана ишкер беделине шек келтирген материалдар жарыяланууда. Албетте, бул жоопкерчиликтен качуунун ыңгайлуу жолу. Бирок, талкаланып сынган бут, коляскадагы оор күндөр, жан чыдагыс оорудан улам келип чыккан уйкусуз түндөр үчүн, кайрадан алдыда болуучу операцияга сарпталуучу чыгымдар үчүн ким жооп берет? Бул жерде башкысы – акча эмес, а адам тагдыры турбайбы!

Убактысы келгенде, бул Асланайымды каралоо фактылары боюнча соттук териштирүүлөр боло тургандыгын Асланайымдын жактоочусу билдирди.

2000дей катышуучуну эч кандай келишимсиз, медициналык камсыздандыруусуз фестивалга алып барган уюштуруу комитети эми бүгүн гана мыйзамдуулук жөнүндө сөз козгоп калабы?

Баса, ошол адамдардын баарысынын мыйзамдуу барганы, алар медициналык камсыздандырылганы, аларга бөлүнгөн каражат уюштуруучулар тарабынан максаттуу пайдаланылганы дагы укук коргоо органдары тарабынан тыкан иликтенүүгө тийиш. Медициналык камсыздандыруусу жок болгондугу үчүн Саудияда Асланайым үч күн бою дарыланбай, оор абалда жаткан.

Кандай болсо да, А.Аширова катышуучу катары фестивалга барганы чындык. Даярдык убагында ат чаап бара жатып, оор жаракат алганы да чындык. Анда эмне үчүн уюштуруу комитети жооп бербеши керек? Деги аларда (уюштуруу комитетинин курамындагыларда) уят болбосо да, жүрөк барбы?

Алар жоопкерчиликтен качышпай, адамгерчилик менен мамиле жасашканда, бул маселе ырбабай эле эбак чечилмек. Оор жаракат алган адамды колдоп, камкордукка алып, көмөктөшүп коюуга неге болбосун! Же спортчулар Кыргызстандын желегин желбиреткенде гана керек болуп, кыйын абалга кабылганда, кырсыктаганда таштап кое беребизби?

Зарыл кошумча

Бул боюнча соцтармакта да катуу талаш жүрүп кетти. Мына ошондон улам Асланайым мындай деп жазыптыр: “Урматтуу байкелер, эжелер, урушпаңыздар. Силерден сураныч – менин аброюма шек келтирген жалган сөздөрдү жазбаңыздар.

Саудияда мага арабдар чоң жардам беришти, аларга ыраазымын. Алар: “Кыргызстанга барганда силер кызды таштабагыла, дарыдармектерге жана реабилитацияга жардам бергиле, анткени абдан эле кыйналып калды, карап коюңуздарды суранабыз”, – дешкен. Биздин уюштуруу комитетиндегилер убада беришкен, бирок…

Бүгүнкү күндө алар кайра мага жалаа жаап, “квартира сурап жатат” деген сөздү чыгарышууда, бул – карандай калп! Башында А.Темирбекова мени “өз алдынча барган” деген сөз чыгарган, кийин “жөн эле бийчи болчу” дешти, ал эми бүгүнкү күнү “волонтер болчу, расмий катышуучу эмес” деп жатышат. Муну менен мени элге жаман көргөзүп, аброюма шек келтиришүүдө.

Тизмеде жок болсом, анда эмнеге мага виза ачтырдыңыздар, эмнеге билет сатып алдыңыздар?

Экинчиден, ал жерде күнү-түнү королдук полиция көзөмөлдөйт, эч ким атты өз алдынча мине албайт!

Госпиталда жатканымда мага Елена Соклакова келип: “Конфедерация этноигр не несет отвественности за твою ногу” деп баракка жазып алып, кол кой деп канча саат кыйнады. Мен кол койгон эмесмин.

Ошондуктан мен укук коргоо органдарына расмий кайрылып, ошол барган катышуучулардын баары расмий түрдө барганбы, катышуучулар үчүн берилген акчалар туура жумшалганбы, ушуларды текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылып жатам. Эгерде укук коргоо органдары бул ишти адилет жана мыйзамдуу иликтеп чыгышса, уюштуруучулардын көптөгөн былыктары чыкмак.

 Адели БЕРДИБАЕВА

 P.S. Бул окуядагы дагы бир өкүндүрүүчү нерсе – Светлананын арызы футбол тобундай эле Президенттин администрациясынан КРнын Коопсуздук кеңешине, андан ИИМге, кийин Бишкек ШИИББга, ал жактан Свердлов РИИБга жөнөтүлгөнү. Ал РИИБнын тергөөчүсү Кангелди Батырбеков өзгөчө оор кесепеттерге алып келген окуя экендигине карабастан, бүгүнкү күнгө чейин эч аракет жасаган жок. Болгону КЖБРга катталды деп кол куушуруп отурат…