Кыргызстан жана Тажикстандагы Орусиянын аскер базалары күчтөндүрүлүүдө

Орусия Кыргызстан жана Тажикстандагы аскердик базаларын аскердик куралдандыруу жаатындагы иштерин өркүндөтүүнү улантат. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун Кахакстанда өтүп жаткан саммитинде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин Орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Сергей Шойгу Орусия террордук аракеттерди Ооганстанда Борбордук Азияга өтүүсүнө каршы аракеттерди көрүп жатканын, бул максатта Кыргыз мамлекетиндеги жана Тажикстандагы Орусиянын аскердик базалары жаңы аскердик техникалары менен камсыз болгонун белгилеген.

Министр Ислам мамлекети (ИГИЛ) террордук уюмунун бир ганан Сирия жана Ирак менен чектелбегенин, аталган уюмдун согушкерлери Ооганстанда дагы бар экенин айткан.«Ооганстандагы кырдаал начарлап жатат. АКШ баш болгон эл аралык коалициясынын операциясы өлкөгө тынчтыкты алып келген жок», — дейт Сергей Шойгу.

Шойгу Ооганстанда Ислам мамлекетинин согушкерлеринин саны 3 жарым миңден ашып жатканы коңшу мамлекеттер үчүн өзгөчө кооптондурууну жаратарын кошумчалаган.