Кол коюлган келишимдер ишке ашат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапары боюнча кеңешме өткөрдү. Анда буга чейин болуп өткөн VIII кыргыз-россия аймактар аралык конференциясынын алкагында кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Маалым болгондой, VIII кыргызроссия аймактар аралык конференциясынын жыйынтыгында, жалпы суммасы 6 млрд. 134 млн. 860 миң доллардык 53 макулдашуу, меморандум жана соода келишимдерине кол коюлган. Анын ичинде инвестиция тармагында 5 млрд. 514,7 млн. долларды, соода жаатында 620 млн. долларды түзөт. Мындан тышкары конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын аймактарынын ортосунда өкмөттөр аралык 4 келишимге кол коюлган.

КРнын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча жетишилген экспорттук макулдашуулардын алкагында жеке сектор менен соода келишимдер ишке ашырылууда. Ал эми тийиштүү мамлекеттик органдар инвестициялык келишимдерди аткаруу боюнча «жол картасын» деталдуу түзөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бардык документтер эки өлкөнүн кызыкчылыгында ишке ашырылуусу үчүн россиялык өнөктөштөр менен уюшкандыкта жана так иштөө керектигин белгиледи. Ошондой эле, Өкмөт башчы: «Келишимдерди толук кандуу аткарууга жооптууларды аныктап, коюлган максаттарга жетүү үчүн эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда толук көлөмдүү жана сапаттуу кызматташууну камсыздаган иштин так механизмдерин иштеп чыгуу керек»,-деди.

А.Акимбаева