Коррупция. 988 кылмыш иши

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


27-июнь күнү “Ала-Арча” резиденциясында укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү. Ага, вице-премьер-министр Замирбек Аскарбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Координациялык кеңешке Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев төрагалык кылды.

Күн тартибинде Өкмөт аппаратында, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаардык мэриялардын аппараттарында коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамдарынын аткарылышы; укук коргоо органдарынын кызматтык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштер боюнча, анын катарында сот тарабынан тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн кайтарылган кылмыш иштеринин, өндүрүштөн токтотулган жана реабилитациялоочу негиздер менен кыскартылган, ошондой эле актоо өкүмдөрү кабыл алынган кылмыш иштер боюнча аткарылып жаткан иштердин абалы; Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун коррупцияга каршы тармагында ишке ашырылып жаткан, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн Стамбулдук планынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин 4-раундунун алкагында берилген сунуштардын аткарылышы; жана Координациялык кеңешменин 2018-жылдын 18-декабрындагы чечиминин аткарылышы каралды. Кеңешменин жүрүшүндө бул маселелер боюнча докладдар окулду. Мисалы, прокуратура органдарынын 2018-жылы жана 2019-жылдын беш айында коррупциялык жана кызматтык кылмыш иштеринин абалы боюнча изин суутпай издөө жана тергөөнү көзөмөлдөө багытында аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеевдин маалыматына ылайык, коррупциялык жана кызматтык кылмыштарды аныктоо жана козгоо ишмердүүлүгүнө байланыштуу 2018-жылы республиканын аймагында жалпысынан 988 (2017-жылы 1037) кылмыш иши козголуп, 2017-жылга салыштырмалуу 9,8%га аз козголгон. Бул көрсөткүчтү органдарга бөлсөк төмөндөгүчө: прокуратура органдары тарабынан — 962 (704); улуттук коопсуздук органдары тарабынан — 7 (42); экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органдары тарабынан — 19 (49) кылмыш иши козголуп, ал эми ички иштер органдары тарабынан бул багытта кылмыш иштер козголгон эмес (242). Ал эми 2019-жылдын беш айында жалпысынан КЖБРге 1382 билдирүү жана маалыматтар катталып сотко чейинки өндүрүштөрү башталган, анын ичинен: прокуратура органдары тарабынан 1254; ички иштер органдары 16; улуттук коопсуздук органдары 25 жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органдары тарабынан 87 материал катталган. Башталган сотко чейинки өндүрүштөр боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 70 963 125 сомду түзүп, анын ичинен 8 773 597 сом мамлекеттин эсебине кайтарылган.

Кылмыштуулуктун абалы жана анын бетин ачуу боюнча аткарылган иштер тууралуу дагы маалымат берген Замир Бейшекеев: “2018-жыл ичинде республиканын тергөө органдарынын өндүрүшүндө коррупциялык жана кызматтык кылмыштарга байланыштуу 2778 кылмыш иши болуп, алардын 669 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, 93 кылмыш иши башка иштерге бириктирилип, 685 кылмыш иши өндүрүштөн токтотулган. Тергөө мезгилинде мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 3 490 113 269 сом аныкталып, анын ичинен 184 406 724 сому мамлекеттин эсебине кайтарылган, б.а. бул көрсөткүч 5,3%ды гана түзөт”, — деп билдирди.

Беш ай аралыгында тергөө органдарынын өндүрүшүндө коррупциялык жана кызматтык кылмыштарга байланыштуу 3131 сотко чейинки өндүрүштөрү болуп, алардын 298 кылмыш ишинин сотко чейинки өндүрүшү аяктап, 19 кылмыш иши башка иштерге бириктирилип, 10 иш өндүрүштө токтотулуп, калган иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштөр жүргүзүлүүдө. Тергөө мезгилинде мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 70 963 125 сомду түзүп, тергөө аракеттеринин натыйжасында 8 773 597 сом мамлекеттин эсебине кайтарылган, б.а. 12,4%ды түзөт.

Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Залкар Акназаров прокуратура органдары тарабынан пландык 54 текшерүү жүргүзүлүп, 189 прокурордук көңүл буруу актылары киргизилгенин билдирди.