«Эски ырлардын деңгээлиндеги ырлар жаралбай жатат»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын Элдик ырдоо кафедрасынын доценти, улуттук көркөм баалуулуктар боюнча 60тан ашуун илимий-методикалык китептин автору, ырчы Мурат КАСЕЙ менен маек.

– Сиз элдик музыка боюнча жыйырмадан ашуун окуу китептин авторусуз. Анын ичинде үч китебиңиз 60 миң нусканын тегерегинде жарык көрүшү таң каларлык көрүнүш?

– Билим берүү жана илим министрлиги менен Мамтил боюнча улуттук комиссия тарабынан ЖОЖдордо, мектептерде кыргызча окуу китептерин чыгаруу боюнча долбоор иштеп, чоң суммадагы каражат каралган. Ошонун негизинде, мектепке тиешелүү китептин баарын министрлик каржылап, таратууну дагы өздөрү колго алышты. Ал китептерде элдик ырлардын тарыхы, бул өнөрдүн жаратуучулары жана улуттук музыканын маанимаңызы, ошондой эле элдик ырларды ырдоонун, окутуунун ыкмалары жөнүндө баяндалган. Мындан сырткары, элдик аспаптардын түрлөрү, алардын ар биринин тарыхы жана ал кантип ойнолот, алардын ар бирин ансамблде жана оркестрде кандай колдонуш керек, булардан сырткары, кыргыздын элдик өнөр чеберлери – ырчылар, дирижерлор, ж.б. тууралуу кеңири маалыматтар бар.

– Азыркыдай консерваториялар, атайын окуулар жок кезде илгерки ырчылар ырдоонун эрежелерин билишкенби?

– Билген. Ал кезде деле “устат – шакирт” деген мамиле болгон. Мисалы, залкарлардын артында колуна суу куюп, атын токуп, жүгүн көтөрүп ээрчиген шакирттери болгон. Көп учурда баланын талантшыгын байкаган ата-энелер устатка ишенип, кошуп берчү экен. Устатын ээрчип жүргөн шакирттер андан сабак алышкан.

– Сизди сүйүнткөн шакирттериңиз барбы?

– Бар. Мисалы, Асылбек Маратов деген төкмө акын консерваторияда менден билим алган. Кадырбек Бейшенов деген көрүнүп калган шакиртим бар. Бек Медетканов деген шакиртим элдик ырларды ырдоо боюнча Москвада өткөн эл аралык сынакта жакында эле баш байгени утуп келди.

– Элдик ырларды бүгүнкү күндө аткарып жүргөн ырчылардан купулуңузга толгондору кимдер?

– Төкмө акын Элмирбек Иманалиев үн жагынан, чыгармачылык изденүү жана табылгалары, акындык өнөрү, төкмөлүгү, устаттык жагынан да бүгүнкү күндүн залкары болуп калды десек болот. Ошондой эле Жеңишбек Жумакадыров, Аалы Туткучов сыяктуу, дагы бир топ жаштар жакшы чыгып келатат. Ырчылардан Токтобек Асаналиев, Кенже Кубатова, Кундуз Таштаналиева – булар да бизден окуп, билим алышкан.

– Элдик ырларды эстрада менен ырдоо чыгарманын нукуралуулугун бузбайбы?

– Эстрада жанры менен элдик ырлар эки башка мүнөзгө ээ. Ошондуктан, эстрада менен ырдоодо нукуралуулук бурмаланып кеткен учурлар көп. Айрыкча, музыкалык аспаптар менен шөкөттөөдө билим жетишпей жатат. Эгерде ошол эстраданы дагы элдик колорит менен айкалыштырып, тембрин жакшылап коюп, жандуу аспаптарды колдонуп жазса, эч кандай коркунуч болбойт. Анткени, эстраданын мүмкүнчүлүгү кенен, болгону жакшы колдоно албай жатабыз.

– Элдик ырлар дегенде эле биз улуу муундардан калган ырларды түшүнөбүз. Ал эми азыркы учурда элдик ырлар жаралып жатабы?

– Өкүнүчтүүсү, жаралбай жатат. Аракеттер бар, бирок баары бир оригиналдуулук, салттуулук болбой жатат. Обончулар тиги элдин ырынан бир кайрык алып, мунун ырынан бир кайрык алып, чапташтырып койгон учурлар абдан көп.

– Эмнеге ушундай болуп жатат деп ойлойсуз?

– Жогоруда кеп кылып кетпедикпи, жаштардын батыштын маданиятына көбүрөөк кызыгып, айрыкча, шайкелең музыкага таасирленип кетүүсү алардын ойлонуусуна, аңдоосуна, психологиясына тескери таасирин тийгизип жатат.

– Шайкелең музыка деп кайсы жанр тууралуу айтып жатасыз?

– Ошол эле рок, рэп, джаз сыяктуу ызы-чуу музыка, ошолордон таасирленип, ошолорду туурап чыккан чакчалекей музыкалар, өзгөчө, таанып-туюу сезими жаңыдан калыптанып келе жаткан жаш муундардын мээ системасынын өрчүп-өнүгүшүнө, калыптанышына өтө тескери таасирин тийгизет. Бул илимий жактан көп эле иликтенип, айтылып жүрөт. Элдик, эски ырлардын деңгээлине тете жаңы ырлардын чыкпай жатышынын да бирден-бир себеби ушул чакчалекейлик.