Инвестиция тартуунун ийгиликтери арбын

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Президент С.Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылык берген жарлыгын эки жыл катары менен чыгарып келүүдө. Экономиканы көтөрүүдө чет элдик инвестициянын орду опол тоодой экенин өнүккөн мамлекеттердин кечээки тарыхы, өнүгүү тажрыйбасы тастыктап жатат. Ушундан алганда кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы жагдайы тууралуу Экономика министрлигинин региондор аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиевдин кабарчыбызга берген маегин сунуш кылабыз.

– Зайнидин Калидинович, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин расмий иш сапарынын алкагында өлкөбүзгө Кытай инвестициясынын тартылышы боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Сиз менен ушул жагдайда кененирээк сөз кылалы дедик.

– Кыргызстан менен Кытай мамлекетинин соода алакасы абдан жакшы жолго коюлуп жатат. Сөзүмдү сандар менен салыштырайын. Мисалы, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2004-жылы 300-400 млн. доллардын тегерегинде болсо, 2018-жылдын жыйынтыгы менен ал 2 млрд. долларга чыккан. Кытайдан 1 млрд. 950 млн. доллар көлөмүндөгү товарлар ташылып келип жатат. Биз болгону ал жакка 60 млн. доллар көлөмүндөгү товарларды экспорттойбуз. Кытайдын компаниялары улам барган сайын заманбап технологиялар менен жабдылып, экономикасы дүйнөгө күчтүү таасирин тийгизүүдө. Бизге Кытайдан тиричилик товарлардан баштап, түрдүү тармактар үчүн көптөгөн техникалык жабдуулар ташылып келип колдонулуп жатат. Сүттү, жашылчаларды, этти ж.б. айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө Кытайдын жабдуулары орнотулууда. Себеби, аларга чек арабыз жакын, баасы жагынан да ишкерлерибизге ылайыктуу. Азыркы учурда ал жакка фермерлерибиз бал, алча ж.б. сыяктуу айыл чарба азыктарынын бир нече түрүн экспорттошууда. Бул абдан аз. Көптөн бери кургак сүттү иштетип экспорттоо боюнча аракеттер болуп келүүдө. Бул боюнча заманбап технологиядагы жабдууларды тартып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Унду Кытай рыногуна алып чыга турган мүмкүнчүлүктөр бар. Жыл сайын кыргыз фермерлери 500 миң тоннага жакын картошканы экспорттошот. Бирок, айрым учурда Өзбекстанга, Казакстанга чыгара албай чыгым тартып калган учурлар болуп жатат. Ошондуктан Кытай биз үчүн алтернативдүү рынок болушу керек. Эки өлкөнүн ортосундагы Торугарт жана Эркештам көзөмөл өткөрүү пункттарын толук пайдаланууга жетишүүбүз кажет. Биз алардын 1,5 млрд. калктуу рыногуна чыгаруу үчүн ири көлөмдүү товарыбыз жок. Бирок алар Кыргызстандын экологиялык таза продукцияларына кызыгып жатышат. КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин Бишкекке расмий сапарынын алкагында эки мамлекет башчысынын катышуусунда 19 документке кол коюлду. Кытай тарап Кыргызстандын органикалык жашылча-жемиштери ден соолукка абдан пайдалуу экенин айтышууда.

– Кытай тарап Нарын облусуна ири логистикалык борбор курат деген сөз жүрүп келе жатат. Иш жүзүндө жылыш барбы?

– Ат-Башы районунан 200 гектар жер логистикалык борборду курууга бөлүнүп берилди. Инвестициянын жалпы көлөмү 150 млн. долларга барат. Ал жакка Си Цзиньпиндин иш сапарынын алдында Кытайдын инвесторлору бир топ адистери менен барышып көрүп кетишти. Бир эсептен логистикалык борбор Торугарт тарапка жакын болгондугуна байланыштуу биз сыяктуу эле кытайлар да анын курулушуна абдан кызыкдар. Мына ушул ири долбоор өлкө экономикасынын көтөрүлүшүнө сезилерлик таасир тийгизе турганы айдан ачык. Азыркы күндө кыргыз ишкерлери Казакстандын “Хоргосунан” биздин “Дордойго” товар ташып келүүгө өтө башташты. Ал эми Ат-Башыдагы логистикалык борбор үч чоң тармактуу бөлүккө бөлүнүп курулат. Ал курулуп калса ишкерлерибиз Кытайдын товарларын түз ташып келүүгө зор мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андан элибиз өз бизнесин өнүктүрөт, жүздөгөн жумуш орундары түзүлүп, салыктар түшөт. Мисалы, тигүү тармагы үчүн кездеме жана фурнитураларды, жабдууларды ж.б. ташып келип иштетсе болот. Анын дагы бир бөлүгү өндүрүштү түптөөгө берилет. Ошондой эле ал жерде айыл чарба азыктарын кайра иштетип, даяр азыктарды Кытайга экспорттоого жол ачылат. Дагы бир зонасында экспортко чыгара турган жашылча-жемиштер үчүн чоң-чоң муздаткыч кампалар курулат. Мисалы картошканы ал жерге Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын фермерлери ташып барууга ыңгайлуу болуп калат. Ошондуктан ал жерде фитосанитардык лабораториясы менен кошо куруп, өз ордунда текшерип, документтерин берип сатыкка ташып кетүүгө шарт түзүлөт. Биз Кытайдан келген айыл чарба продукцияларын дагы ошол лабораториядан өткөрүп туруп ичкери киргизсек болот.

Логистикалык борбордо заманбап дүң базар курулат. Ал жерден башка аймактарга товарлар ташылып кетет. Анткени Торугарттан Кытайдын Кашкар аймагына чейин 160 километр болуп жатпайбы. Бул боюнча алдыда иштиктүү жолугушуулар өткөнү жатат. Эң ири комплексти куруп, анын ишке кириши үчүн жакшы инфраструктура керек эмеспи. Андай инфраструктуранын башкы этабынын ишке ашырылышы — Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун салынышы болду. Эми элибиз анын артыкчылыктуу пайдасын да көрүшү керек. Бул логистикалык борборду курууга кытай инвесторлору менен кыргыз тараптын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлуп, ага Кыргызстандын компанияларынын бири өнөктөш болуп кирүүдө. Ушул ири долбоордун ишке ашырыла башташы үчүн мамлекет Нарын эркин экономикалык аймагынан жер бөлүп берди. Ушундай эле долбоорду Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Таш айылында ишке ашыруу каралууда. Ал жакта Эркештам көзөмөл өткөрүү пункту бар. Логистикалык борбор үчүн айылдык кеңеш 250 гектар жерди бөлүү боюнча уруксатын берди. Эми бул маселени жогорку мамлекеттик органдар карап чыгуулары керек. Ал жер транзиттик логистикалык борбор болот. Ал жакта дагы заманбап жол курулган. Товарларды Кытайдан ташып келип же алып барып соодалоого өбөлгө түзүлүп калат. Быйылкы жылдын май айында КЭР менен Кыргызстандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында Кыргызстан тарап ушул маселени көтөрдү.

– Чет элдик инвестор менен жергиликтүү элдин бири-бирин түшүнүшүп, ынтымактуу иштөөсү кыргыз коомчулугу үчүн орчундуу маселе болуп калды…

– Ооба, инвесторлордун ишканасына жергиликтүү элден 80 пайыз жумушка алып, ынтымак-ырашкерликте кызматташуулары боюнча биз тараптын жетекчилери дайыма айтып келе жатышат. Ошондой болсо да эң алдыңкы технологиялар менен жабдылган ишканаларды жаңыдан ишке бергенде кытайлар өз адистерин иштетип, кийин алардын ордуна жергиликтүү жаштарды үйрөтүп ишке тарткан учурлары аз эмес. Мисалы, КараБалтадагы мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводуна алгач 1000ге жакын адис Кытайдан келип иштеген. Кийин анда 700гө жакын жергиликтүүлөр иштеп калды. 100 жараныбызды Кытайдан окутуп беришти. А чынында Кытай инвестору үчүн бул жакка өздөрүнүн адистерин алып келип иштетүү өтө чыгымдуу. Инвесторлор: “Кытайдан алып келген адамдарга жашаган жерин, жол киресин, тамакашын ж.б. баарын төлөп берүүгө караганда жергиликтүү элди жумушка алганыбыз жакшы”, деп айтып жатышат. Азыр ошол заводдун жетекчилеринин дээрлик баары кыргыздар. Жылына 400 миң тонна мунайды кайра иштетип чыгарып, 2,5 млрд. сом көлөмүндө салыктарды төлөйт.

– Президент С.Жээнбеков ШКУнун жыйыны учурунда КытайКыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну тездетүү боюнча оюн айтты. Ушул долбоор боюнча пикириңиз кандай?

– Темир жолдун курулушу өлкө экономикасынын өнүгүшүнө абдан чоң утуш алып келе турган ири долбоор болот. Кыргызстан — деңиз порту менен чектешпеген өлкө. Анын үстүнө поезд менен товар ташуу эң арзан болуп жатпайбы. Эгер темир жол салынып калса, жогоруда биз сөз кылган логистикалык борбор анын бир станциясы болуп калат. Темир жол үчүн бир нече туннелдер салынат. Биздин территориябыз аркылуу өткөн транзиттик каттам үчүн бюджетке кошумча каражат тартылат. Айтор, бул долбоордун экономикабыз үчүн өзү менен кошо ээрчитип келе турган киреше булагы абдан көп.

– 13-июнда Бишкекте өткөн кыргызкытай бизнес форумунда 24 документке кол коюлду. Бул документтердин турмушка ашырылуусу кандай болот?

– Бизнес форумда кыргыз-кытай тарабы 7828,5 млн. доллар көлөмүндөгү инвестициялык долбоорлордун документтерине кол коюшту. Айрымдары азыркы күндө деле иштеп жатат. Мисалы, Кытай инвестициясы менен иштеп жаткан Токмоктогу канаттуулар фабрикасын дагы кеңейтип, ал жерге даяр продукция чыгаруу үчүн кайра иштетүүчү ишкана курулат. Жем чыгаруу ишканасы кошо салынып, чоң айыл чарба комплексине айланышы керек жана ага ири көлөмдөгү инвестиция тартылганы жатат. Андан тышкары, Токмокту мунай иштетүүчү заводду модернизациялоого 100 млн. доллар көлөмүндөгү инвестиция тартылат. Анткени, 2019-жылдын 12-августунан баштап, Кыргызстандагы мунай иштетүүчү ишканаларды ЕАЭСтин техникалык регламентине ылайык келтирүү талабы бар. Мунай продукциясынын сапаты евро 4, евро 5 стандартына жооп бериши кажет. Ушундай эле модернизациялоо иштери Кара-Балтадагы мунай ишканасында жүргүзүлүп, ага дагы инвестиция тартылганы жатат. Албетте, ЕАЭС мамлекеттери бизге бул үчүн дагы эки жылдык каникул мөөнөтүн узартып бериши зарыл. Ошондуктан Кытай инвесторлорунун бул тармакка каражат салышы өз убагында көрүлүп жаткан өтө зарыл жардам болууда.

Бүгүнкү күндө Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо мамлекеттик агенттиги бул боюнча ийгиликтүү иштеп жатканын баса белгилегим келет. Ошол эле кыргыз-кытай бизнес форумунун алкагында аталган агенттик менен “Мега инвест” өндүрүш компаниясынын ортосунда алтын, күмүш, коло жана сымап сыяктуу баалуу металлдарды иштетүүчү заводду, “Люсин групп” компаниясы менен турак жай комплексин куруу ж.б. документтерге кол коюлду.