Кожомкул – 130: Ал — кыргыз алптарынын соңкусу

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргыз алпы Кожомкул Каба уулунун мааракеси Суусамырдын Каракол жайлоосунда өттү. Гезитибиздин өткөн санында жазганыбыздай салтанаттуу мааракеге Президент Сооронбай Жээнбеков өзү катышып Кожомкул Каба уулунун кыргыз маданиятындагы жана мамлекеттик башкаруусундагы орду тууралуу кеңири сөз сүйлөп, өзгөчө анын адамдык бийик сапатына басым жасады.

Алп — Кожомкул Каба уулу Осмонкул төкмө айткандай эки доорду көргөн инсан. Башкача айтканда революцияга чейинки жана андан кийинки кыргыз турмушун көргөн. Совет мезгилине чейинки жигиттик доорунда балбандык даңкы таш жарып чыкса, совет бийлигинде Суусамырдагы кедейлер комитетин жетектеп, Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы, Көкөмерен айылдык кеңешинин төрагасы өңдүү кызматтарды аркалап, кези келгенде балбандык тамашасын көрсөтүп, эл көзүндө жүргөн. Ал өз доорунун алдыңкы адамдары, кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү менен сабакташ, табакташ болгон. Тубаса көкүрөгү тунук кайран киши 8-Март айылына өз демилгеси менен мектеп салдырган. Тири карак, илим-билимге умтулган жаштарды окууга жибергенге куштар болгон. Кадимки, Мыскал Өмүрканованын өнөрүн көрө билип, филармонияга жөнөткөн да ушул Кожомкул болгон. Айтылуу, Калык, Осмонкул, Алымкул, Коргоол, Куйручук Кожомкулдун үзөңгүлөш замандаштары болушкан, алар ага арнап өлбөс-өчпөс ырларын, улуу сөздөрүн арнаган, суктанышкан. Кожокең борборго келип калган маалында Калыктын үйүнө кайрылбай кетчү эмес экен. Алар дагы Кожокеңдин кайра жаралбас алптыгын даңазалап жүрүп өтүшкөн.

Өкүнүчтүүсү, кыргызда илим-техника, радио-теле көрсөтүү, киноматография гүлдөп өнүгүп калган мезгилде эле көзү өткөн (1955-жылы) Кожомкул тууралуу анча-мынча фотосүрөттөрдөн башка документалдуу маалыматтар калган эмес. Бул дагы да болсо өз маданиятыбызга маани бербеген, күнү-бүгүн шалаакылыктан, кайдыгерлигибизден арыла албаган эски оорубуз болуп саналат. Кыргызстандын кайсы бир мааракесинде, бир жылкыны көтөрүп алып чогулган элди бир айланып чыкканын жазып да, айтып да жүрүшөт. Ошондо киного тартылып калганда, жок дегенде сүрөткө тартып калышканда эмне деген гана маданий мурас болоор эле.

Эми балбандыгына келсек Кожомкул кыргыз элинде боло келген алптардын үй-бүлөсүнөн чыккан. Чоң атасы Самак, өз атасы Каба алп адамдар болушкан. Кожомкул өзүнөн мурда атасы Кабанын балбандыгын жогору койгон. Элдин баасы да ошондой болуп, Кабаны төө көтөргөн балбан болгондугун аңыз кылышат. Суусамырда Кабанын балбандыгына тиешелүү таштардын сакталып калышы биз үчүн табылгыс таберик. Кожомкулдун энеси да жолборс чапкан аялдын сырттаны болгон. Кожомкул мына ушундай адамдардын бизге калтырган мурасы. Анын келбети, турган-турушу боюнча документалдуу жазылып калган маалыматтарга көз жүгүртсөк, 47 жашында салмагы 165 кг., боюнун узундугу 2 м.36 см. болгон. Колдору күрөктөй болуп, манжаларынын узундугу 25 см., баш бармагынын жоондугу 4 см. же жаш баланын бутундай эле.

Кожомкулдун алптыгын тандырбай турган тарыхый далилдер бул анын таштары. Иликтенген, такталган маалыматтарга таянсак, Суусамырдын Жоо-Жүрөк жайлоосунда жолду бөгөгөн, салмагы 1247 кг.келген ташты тээп чыгарган. Ошондо кайран кишинин  атайы өзүнө чактап ултарткан өтүгүнүн таманы таш менен кошо кетиптир дейт. Кожомкулдун атын көтөрүп Төө-Ашууну ашканы, аттын такаларын бир кармап кабыштырып салганы өңдүү аңыздар элдин кулагында. Бул эми аңыз деле эмес. Көргөн, билген, күбө болгон адамдардын айтуусу боюнча сакталып калган. Ошондой эле ага арналган китептерде кеңири чагылдырылган.

Кожомкулдун 130 жылдык мааракелик тоюна келсек, мурда ойнолуп жүргөн улуттук ат оюндарынан тышкары (эр эңиш, улак тартыш, ошондой эле салттуу “Салбуурун” оюндары) таш көтөрүү, ат көтөрүү оюндарынын киргизилиши чоң жаңылык болду. Баарыдан мурда Кожомкул күчү ташып турган, жалындаган 22 жашында курагында Арамза жайлоосунан колтуктап көтөрүп алып, 100 кадамдай басып барып, жерге уруп киргизген салмагы 635 кг.дык ташын “көтөрүп көргүлө деп” ортого коюп коюшканы абдан кызыктуу кызыктуу болду. Гезиттин өткөн санында учкай кеп кылганымдай бул ташты Кожомкулдун иниси Мокотой балбандын уулу, азыр 72 жаштагы Чапырашты аксакал жашыраак кезинде Арамза жайлоосунан унаага жүктөп, алып келиптир. “Ошондо анча-мынча балдардын жардамы менен өзүм эле унаага жүктөп койдум. Жаш экемин, каруум бар экен”,- дейт Кожомкулдун оозунан түшкөндөй окшош, чымыр денелүү, бүткөн бою тарамыш экени байкалып турган Чапырашты акскал. Кантсе да балбандардын тукуму да азыр деле демдүү экен. Мааракенин өтүп жатканына жетине албай, сүйүнүп турганы сезилип турду.

Ошону менен таш көтөрүү мелдеши башталып, шарт боюнча таштын бир эле башын канчалык бийик көтөрө алса ошого байге берилмей болду. Ал үчүн таштын ортосуна жыгач коюлуп ыңгайлаштырылды. Бирок, жети дубандан келген мен деген балбандар таштын бир эле башын көтөрө алышпай, тырмалаңдап жатышты. Айрымдары, 1-2 см. көтөрүмүш болушту. Акырында, 5 см.көтөргөн Тогуз-Торолук балбан Атайбек уулу Келдибек баш байгени жеңип, машина утту. Неси болсо да таш көтөрүү сынагы мындан ары улуттук оюндарыбызга кире турган окшоп калды.

Ал эми ат көтөрүүдө – атты каягынан, кантип көтөрүүнү деле билбейт экенбиз, адегенде, аттын буту-колун тыбыратпай байламыш болгондору менен эч кимиси ыгын келтире албай койду. Аягында Бишкектен барган Күрүчбек уулу Уларбек аттын ичине кире калып, жерден 20 см.дей көтөрүп, баш байгени илип кетти.

Байдылда Сарногоев

 Кожомкулга

Булчуңу буура санындай,
Байыркы Манас атанын,
Бар жагын тарткан жаңылбай.
Кабанын уулу Кожомкул,
Калды бейм эми табылбай…

Кызыкты кыйла салчу экен,
Кыргыздан чыккан алп экен.
Тулкусу турна тарамыш,
Түйүлсө зорго жанчу экен.
Ашуудан аты чарчаса,
Көтөрүп өзү алчу экен.

Москва, Париж, Лондондо,
Балбанга байге койгондо.
Бардыгын жыгат эле деп,
Батамын түрдүү ойлорго…

Айта кетүүчү нерсе Кожомкулдун тоюнда баш байгеге машина коюлуп, андан кийинкилерге – жылкы, акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Төмөндө,  Кожомкулдун 130 жылдык мааракесинде ойнолгон оюндардын жыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматтарын бердик:

 Кыргыз күрөш

70кг.дык салмак боюнча:

1-орун, Муратбек уулу Нурмат

2-орун, Нуркасым уулу Асан

3-орун, Бахтиёров Муслим, Өзбекстан

 70 кг.дан жогорку оор салмакта:

1- орун Кожобеков Нурбек

2- орун Кожомуратов Бектур

3-орун Турлыбеков Жамбыл, Казакстан

3-орун Барпыбеков Адилет

Эр эңиш

75 кг. салмакта:

1- орун, Бузурманкул уулу Калыбек,  Чүй облусу,

2 – орун, Сагынбеков Акыл,  Талас облусу,

3 – орун, Канатбек уулу Бек, Суусамыр,

4-  орун, Айдарбек уулу Балбай,  Нарын облусу

 75 кг дан жогорку салмакта:

1- орун Кыдыралиев Кумушбек, Талас облусу

2- орун Султан уулу Кубан, Суусамыр,

3-орун Мамбеталиев Нуркан, Талас облусу,

4-орун Токтоналы уулу Жекшенбек, Нарын облусу

Салбуурун

Бүркүт салуу:

1-орун, Исмаилов Аман

2-орун, Асылбеков Айдар

3-орун, Кожогулов Нурбек

Далба ойнотуу:

1-орун, Камилов Мирлан

2-орун, Абдыкадыров Түгөлбай

3-орун, Бейшебеков Нурсейит

Тайган жарыш:

1-орун, Карабаев Мухидин

2-орун, Исмаилов Улан

3-орун,  Сүйүнтбек уулу М.

Жаа атуу:

1-орун, Ногойбаев Рустам

2-орун, Мурадил уулу Ынтымак

3-орун,  Суеркулов Алманбет

 Көк бөрү:

1-орун, Талас

2-орун, Чүй

3-орун, Суусамыр

4-орун, Нарын

Таш көтөрүү

1 –орун, Атайбек уулу Келдибек

2- орун, Нураков Равиль

3-орун, Курманкулов Нияз

4-орун, Кеңешбаев Бектур

Ат көтөрүү

1-орун Күрүчбек уулу Уларбек

2-орун, Жумабеков Байыш

3-орун Курманкулов Нияз

4-орун, Молдокулов Руслан

Кожомкулдун ташын көрүп таңгалгандар…

 

 Кожомкулдун небереси Каба уулу Чапырашты

Редакциядан: Сүрөттөрү  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаеваныкы жана «Анадолу» маалымат агенттигинин, ошондой эле Президенттин расмий сайтынын сүрөттөрү пайдаланылды.