Кытайда окуу кызыктуу

Менин аты-жөнүм – Нуркадыр уулу Тынчтыкбек. Бишкектен болом. Биринчи классымдан бери илимге-билимге жакын өстүм. Бүгүнкү күндө Кытайда билим алып, керектүү тажрыйба топтоп жүрөм. Оюмда, бул өнүккөн мамлекеттен азыркы замандын талабына, чакырыктарына жооп берчү билим алып келип, өз мекениме кызмат кылсам дейм.

Биз окуган шаар абдан кооз

Кытай – акыркы жылдары илим-технология жагынан дүйнөнүн алдыңкы саптарына чыкты. Кытайдын билим берүү системасы да абдан өнүккөн. Мен Кытайдын “Ички Монголия» университетинде окуйм. Биз жашап, окуган Хух-Хот шаары – Ички Монголиянын борбору.

Шаар ичи абдан таза жана кооз. Көчөлөрү, сейил бакчалары монгол улутуна тиешелүү улуттук колориттеги оюмдар менен кооздолгон. Түрлүү бак дарактар шаардын көркүн гана ачпастан, адамдын да көңүлүн сергитет. Сейил бакчаларында атайын колго жасалма көлчөлөрү көргөн көздү сүйүнтсө, тегерегиндеги машыктыруучу жасалгалары дене-бойду чыйралтып, ден соолукту чыңдайт. Жолдордун үстү жөө жүргүнчү жана машинадан тышкары, коомдук автобустарга жана веложолго деп төрт тилкеде салынган. Башкы максаты жолдогу кырсыкты азайтуу…Бул шаарда Кыргызстанда көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан коомдук даараткана жөнгө салынган. Баса белгилеп кетсек, шаардын дээрлик бардык жеринде камера коюлган, бири-биринен алыс эмес аралыкта полициянын посттору бар. Айтор, шаар тургундарынын жүрүм-туруму, ден соолукка кам көрүшү, уурулуктун жокко эсе болгону мени суктандырды.

 Студенттерге талап катуу

Өзүм окуган университетте билимге болгон талап катуу. Бул жакта Кыргызстандагыдай чейрек аягында келип, сүйлөшүп бүтүрүп кетмей жок. Окуу жайда студентке керектүү бардык шарттар түзүлгөн. Жатакана бекер, стипендия бир айда бир берилет. Тамак-аштан тышкары өзүңдүн турмуштук муктаждыктарына кенен жетет. Чынында, бул жакта студенттерге окууда жеңилдиктер жана эркиндик берилген – өзүнө жаккан сабакты же спортту тандасаң болот. Ошондой эле көп түрдөгү маданий ишчараларга катышса да болот. Университет көп тармакта билим берет – гуманитардык, лингвистика, химия жана физика факультеттери. Учурдун талаптарына ылайык жасалгаланган лабораторияларда сабактар өтүлөт. Юриспруденция, экономика факультеттеринде чектөө киргизилгендиктен, ал факультеттерде биздегидей көп сандагы студенттер окуй алышпайт.

Мугалимдердин иштеп чыккан окутуу программасы кызыктуу. Ал студенттердин эртеден кечке окуунун үстүндө талыкпай билим алышына багытталган. Дагы бир кызык жагдай, Кытай мамлекети жылына мамлекеттик жумушка ачык сынак жарыялайт. Ким көп балл топтосо, жумушка алынат. Бул жактагы мугалимдердин айтымында, кээде бир орунга жүз, миңдеген талапкерлер катышкан күндөр болот. Ушундан уламбы, окуу жайдын китепканасынан бош орун таппай каласың. Ошондой эле, окуу жайдын айланасында топтошкон кыз балдарды көрө албайсың. Кытайдын өнүгүп жаткандыгынын бирден-бир себеби, билими мыктылардын мыктысы гана мамлекеттик жумуштарда иштегени деп ойлойм. Сүйүктүү Кыргызстаныбызга салам айтам.

Тынчтыкбек НУРКАДЫР уулу,

Кытай Эл Республикасы,

“Ички Монголия” университети