Карповдун кубогу ойнотулат

29-июндан 8-августка чейин Чолпон-Ата шаарында белгилүү шахматчы Анатолий Карповдун кубогу ойнотулат. Ага 6 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр катыша алат.

Мелдешке КМШ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн спортчулары келери күтүлүүдө. Иш-чара быйыл экинчи ирет өткөнү турат. Кубокту Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен КРнын шахмат федерациясы биргелешип уюштурууда.

А. АКИМБАЕВА