Султай Америкадагы шахматчылардан сабак алууда

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу


Максим Галкиндин “Лучше всех” программасына катышкан кыргызстандык таланттардын катары жакында эле Чыңгыз уулу Султайдын ысымы менен толукталды. Ал учурда 8 жашта. Бирок, аталган шоуга 6 жашында тартылган. Эки жыл мурун тартылган программа 16-июнда эфирге берилип, Султай көпчүлүктүн мактоосуна татыды. Султайдын үй-бүлөсү менен байланышканыбызда, апасы Самара Турганбаева төмөндөгүлөрдү айтып берди.

4 жашында күмүш медаль уткан

Султайдын шахматка болгон кызыгуусу 3 жашынан башталган. Уулунун шыгын, жөндөмүн байкаган ата, дароо шахмат клубдарга алып барып, кызыгуусун күчөткөн. Ата-бала күн сайын ойноп, машыгышкан. 4 жашында Президенттин кубогуна катышып, күмүш медаль утуп алган…

 “Лучше всех” долбооруна чакыруу

Ал эми аталган программага катышуу боюнча сунуш, Султай мектеп окуучуларынын арасында өткөн шахмат боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алгандан кийин түшкөн. “Биз дароо эле макул болгонбуз. Москвага атасы экөө барып тартылып келишкен. Келишим боюнча, биз шоуну видеого же сүрөткө тартып, алдын-ала маалымат таратууга тыюу салынган болчу. Ошол себептен, эч кимге эч нерсе айткан эмеспиз. Эки жылдан бери күтө берип, үмүтүбүздү үзүп койгонбуз. Бирок, программаны эфирге берерден мурун, бизге телефон чалып, Султайдын видеосу көрсөтүлөрүн айтышты. Кубанганыбызды сурабаңыз”, – дейт Султайдан апасы Самара.

5 жашынан бери лыжа тебет

Султай азыркы тапта, Американын Вирджиния штатында жашап, 3-класста окуп жатат. “АКШга жаңыдан келгенибизге карабастан, тилди өздөштүргөнгө аракет кылып, сабактарын жакшы окуп жатат”, – дейт апасы кубана. Анын айтымына караганда, Султай математика сабагынан алдына эч кимди салдырбайт. Ошондой эле, 5 жашынан бери лыжа тепкенди билет.

Үч бир туугандын улуусу

Султай үч бир тууган. Амира жана Аделиа аттуу карындаштары бар. Атасы Чыңгыз Абылкасымов бизнес жаатында иш алып барат. Ал эми апасы Самара Турганбаева кесиби боюнча бухгалтер. Америкага баргандарына 8 ай болгон. Айтымдарында, “грин-карта” утуп алышкан. “Уулумдун атын атасы койгон. Курсакта жаткан кезинде: “Султай деп коелу”, – дей берчү. Бул ысым мага да жаккан”, – дейт Самара.

 

 Атанын эмгеги

“Султайдын жетишкендиктерине атасынын эмгеги аябагандай чоң. Ар бир мелдешке кошо барып, колдоо көрсөтөт. Султайдын шахматты өздөштүрүп, азыркыдай даражага жеткирген атасы. Андан кийин устатыбыз Азиз Умарбековдун эмгегин айтпай коюу мүмкүн эмес”, – дейт шахматчынын апасы.

Султайдын жеңиштери

Жаш шахматчынын буга чейинки жараткан ийгиликтери арбын. Атап айтсак, Президенттин кубогунда күмүш медаль утса, Румынияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль алган. Андан сырткары, өткөн жылы Ысык-Көлдө өткөн Карповдун кубогунда жеңишке жетишкен. Султай азыр Америкада дагы мыкты деген гроссмейстерлерден сабак алууда. Алдыда анын көптөгөн мелдештерге катышуу максаттары бар.