Мас бол, таз бол, элди уятка калтырба, башкаларга жамандыгың тийгизбе

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Жакында эле Москва шаарынын “Электрозаводская” станциясындагы метрополитенде кыргызстандыктар мушташып кетип, алардын арасынан бирөө бычактан алган жаратынан улам каза болду. Үчөө Москванын аймактык ооруканасына жаткырылды.

Көрсө, иштесе ишке, ичсе ашка тойбогон курактагы (20-22 жаштагы) жигиттер Большая Семеновскаядагы “Ысык-Көл” кафе-ресторанда түнү менен ичип отурушуп, таң ата (саат 5.30дарда) андан чыгышкан да, мушташып кетишкен. Натыйжасы тигил. Учурда Москва шаарынын полициясы териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Каза болгон он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жигиттин сөөгү “жүк200” менен киндик кан тамган жерине жөнөтүлүп, ата-энесинин, бир туугандарынын, досторунун сайсөөгү сыздап турат.

Бир эле алардын эмес, бул кайгылуу кабардан бүтүндөй кыргызстандыктардын жүрөгү ооруп, кабыргасы кайышып турганы ырас.

Ким кандай кабыл алат, билбейбиз, Кыргызстанга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келип жаткан “жүк-200дү” Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы кара кагаздар менен салыштырууга болот. Ал эми сыртта жүргөн мекендештер тууралуу кабарлар фронттор келген кат-кабарлардай туюлат. Бирине күйүнөсүң. Бирине кайгырасың. Айтор, кубаныч азыраак.

Адатта, өз жеринен, өз элинен сыртта жүргөндө адам, ал кайсы улут болбосун, иралды өз элин уят Мас бол, таз бол, элди уятка калтырба, башкаларга жамандыгың тийгизбе кылбайын деп, өз улутунун намысын коргойт, өз улуту үчүн сыймыктанат, өз туусун бийик кармап жүрөт. Кимде ким Советтик Армиянын катарында кызмат кылса муну жакшы билет. “Манаста” “бири миңге татыган” деп коет го, турмушта башыңды бийик көтөрүп жүрсөң, өз араңда бир туугандай ынтымак болсо, башкалар да сени сыйлайт экен. Советтик Армиянын катарында кызмат кылган кыргыздардын арасынан бирди-жарымы өз элин уятка калтырды дегенди уккан эмеспиз. Эсимде, биздин аскердик бөлүктө көп улут өкүлдөрү бар эле, грузини да, чечени да, черкеси да, карачайы да, балкары да, авары да, армяны да, калмыгы да, украини да, орусу да, еврейи да, татары да, казагы да, өзбеги да бизди сыйлачу. Төбөйлөр, шорлор менен туугандашып, калмыктар менен ага-инидей элек. Бизди аскердик тартип эмес, адамдык мамилелер бириктирген.

Анан бүгүн кыргызстандыктар өз жеринен сыртта жүрүп, бирибири менен мушташып, бирин-бири өлтүрүп жатканын укканда жүрөк сыздабай койбойт. Аттигиниң, кыргыз жигиттери “кыргыз” деген атты бийик алып жүрсө дейсиң. Бирок, сыртта жүргөн мекендештер болбой эле бири-бири менен мушташып, бири-бирин атып жатат. Өткөн жылдын сентябрь айында ушул эле Ысык-Көл ресторанында болсо керек, кыргызстандык мигранттар арасында мушташ чыгып, бири пневматикалык куралын алып, чыгып каршылашын көзгө атып салган.

Мекендештерибиз жыргаганынан улам Москвада жүргөн жок. Бул жакта жумуш жогунан улам, ал жакка барып, жан багуунун айласын кылып жүрөт. Көчө шыпырганы бар, курулушта иштегени бар… Андайда бири-бирин колдоп, бири-биринин жеңилин жерден, оорун колдон алса эмне? Жок, антүүнүн ордуна бирибирине зомбулук көрсөтүп, бирибирин тоногон фактыларды угуп жакаңды кармайсың. ИИМдин маалымат порталын ачсаңыз, андай фактылардын жүзүн табасыз. Мындан үч жыл мурда Москва шаарында өзүнүн мекендештеринин ишеничине кирип, алардын батирине кирип, талап-тоноочулук кылгандар кармалышкан. Ал да эч нерсе эмес, Кыргызстандагы кримавторитеттердин атынан Россиядагы кыргыз мигранттарына “салык” салып, акча чогулткан фактылар да жок эмес.

Кылмыш дүйнөсүндөгү айрымдар өздөрүн “Робин Гудга” салыштырышат. Арийне, Робин Гуд эч качан жалгыз-жарымдарды, жетим-жесирлерди тоногон эмес, карапайым адамдарды тоноо – бул көркоолук, каракчылык.

Ушул жазда эле Саха Республикасында жоболоңдуу жорук болду. Белгисиз үчөө бир аялды зордуктап, бир адам окуяга шектүү катары кармалып, ал кармалган кыргызстандык болуп чыкты. Ачуусу келген якуттар Якутскиде жашаган кыргызстандыктардын чаңын асманга сапыра берип барып токтоду. “Бир кумалак бир карын майды чиритет” дейт го, куду дал ошондой окуя болду. Якутскинин тургундары эмгек мигранттарына каршы митингге чыгып, Якутияда туташ текшерүү башталганы, мигранттарды депортациялоо маселеси тууралуу кабар тарап, араң-араң бас болду.

Бул окуяга кандайдыр бир комментарий бергибиз келбейт, болгону ушуга окшогон кыргыз эмгек мигранттарынын адамдык аброюна көлөкө түшүрүп, көө жаба турган окуялар кайталанбаса деген эле ой.

Кыргызстандын Россиядагы өкүлчүлүгү да акча табалы деп жүргөн мекендештерге, эмгек мигранттарына кайрылып, ошол иштеп жана жашап жаткан өлкөсүнүн этикетин жана норма талаптарын сыйлоого, коомдук жерлердеги адеп-ахлах жүрүм-турумун сактоого жана Россия Федерациясынын мыйзамдарын бузбоого чакырып келет. Коомчулуктун сынына кабылуу өз өлкөсүнүн имиджине терс таасир берерин, башкалар ал өлкөнүн жарандары тууралуу туура эмес ойлоп каларын, өзгөчө башка өлкөнүн аймагында биздин жарандардын катышуусу менен болгон укуктук тартип бузуулардын арты чоң кесепетке апкелерин эскертип келишет.

Сыртта жүргөн мекендештер, мас болобу, тас болобу, эси кетип жаш болобу, элди уятка калтырбаса, башкаларга жамандыгы тийбесе, бири-бири менен атышпаса, бирибирин алдабаса, тонобосо, зордобосо жакшы болор эле…