Салык саясаты жөнгө салынды

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Өкмөттүн токтому менен Бирдиктүү салык декларациясынын формасын толтуруу жана көрсөтүү тартиби мурда кабыл алынган мыйзамга ылайык жөнгө салынды. Ага ылайык коммерциялык эмес уюмдар тарабынан төлөнгөн стипендиялар мындан ары салык алынбаган киреше болуп эсептелет. Мурда киреше салыгынан бир гана окуп жаткандар үчүн төлөнгөн стипендиядан салык алынчу эмес. Мындан тышкары, мурда колунда канча бала болгонуна карабастан төлөнчү салыктын 10 пайызы социалдык чыгым катары эсепке алынбай келсе, мындан ары үч же андан ашык балдары болсо 10 пайыздан 25 пайызга чейин төлөнчү салыктан алынып салынат.