Программа кагаз түрүндө эмес, иш жүзүндө ишке ашууда

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөттү башкарып турганда 2017-2026-жылдарга карата Кыргызстандын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоору иштелип чыгып, кийин атайын программа кабыл алынган. Бүгүнкү күндө аталган программа кагаз жүзүндө калбастан, толук кандуу иштер жүрүүдө. Ал кандай иштер экенин төмөндө баяндайбыз.

Суу ресурстары жыл сайын аккумуляцияланып, толукталып турган өлкөбүздүн түгөнгүс байлыгы болуп эсептелет. Мамлекеттик маанидеги ирригациялык объектилерди оңдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын өз убагында вегетациялык сугат мезгилине даярдап, суу пайдалануучуларга өз учурунда жеткирүү милдетин жоопкерчилик менен Суу чарба жана мелиорация департаментинин алдында түзүлгөн Суу чарба объектилерин куруу дирекциясы иш алып барып, азыркы тапта 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында 46 ирригациялык объектини долбоорлоо, куруу иштери каралууда.

Мамлекеттик программанын алкагында долбоорлоо иштери аяктап, 35 объектинин долбоорлоо-сметтик документтери толугу менен даярдалды. 12 ирригациялык объект боюнча курулуш иштери жүрүп жатат: анын ичинен 8 объект республикалык бюджеттен каржыланып, 4 объект инвестиция булактарынан жана 2 объект толугу менен бүтүп эксплуатацияга берилди.

Инвестиция булактары

Ислам өнүктүрүү банкы:

  1. 1-фаза: 1 объект Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен Талас облусунун КараБуура районундагы Сарымсак каналы курулуп жатат.
  2. 2-фаза: Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен куруу үчүн Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча жалпысынан 4 объект 2019-жылы ратификациядан өтүп, 2020-жылдын башында курулуш иштери башталат.

Кытай Эл Республикасынын гранттык колдоосу

2.1-фаза: 3 объект Кытай Эл Республикасынын гранттык колдоосу менен ЫсыкКөл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң каналынын курулушу, Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айыл аймагындагы БСРдин курулушу, Баткен облусунун Баткен районундагы Р-4 ВХ каналынын курулушу жана Р-4 каналын кеңейтүү объекттери кирет. Кытай Эл Республикасынын гранттык колдоосу менен экинчи этаптагы Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бахты-Ногой каналынын курулушу, Чүй облусунун Москва районундагы Спартак суу топтогучунун астындагы жерлерди өздөштүрүү, Талас облусунун БакайАта районундагы Кызыл-Жар каналынын курулушун аяктоо.

2-фаза: Жогоруда айтылган объектилер курулуп бүткөндөн кийин Кытай Эл Республикасы тарабынан дагы башка кошумча 5-6 объектилерди каржылоо пландалып жатат.

Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Европа банкы

3.Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Европа банкына 9 объект сунушталып, 2020-жылы курулуш иштери башталат деп пландалууда. Бул объектилердин кубаттуулугу жаңы сугат жерлер 6956 га, сугат жерлерди суу менен камсыздоо 6700 га жетет.

Республикалык бюджет:

8 объект 6956 га жаңы сугат жерлер, 6700 га сугат жерлерди суу менен камсыздоо түзөт. Андан сырткары республикалык бюджеттен каржыланып кошумча дагы 5 объектти куруу күтүлүүдө.

Ошондой эле, 2018-жылы жаңы сугат жерлер 634 га, сугат жерлерди суу менен камсыздоо 1901 га көбөйтүлүп ишке берилди. Алардын бири Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды дарыясынан суу менен сугаруу объектиси эксплуатацияга берилип, объекттин ачылуу аземи 2019-жылы 24-майда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Абылгазиевдин катышуусу менен болуп өттү.

Үстүбүздөгү жылда мамлекет тарабынан тиешелүү көлөмдө каражат бөлүнсө, Баткен облусунун Кадамжай районунун Молдо-Нияз каналын куруу; Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын Кара-Дөбө дарыясына БСР куруу объектилери толугу менен бүткөрүлүп, ал эми Кытай мамлекеттик гранттын эсебинен 1-этапта курулуп жаткан Ысык-Көл облусунун КараОй айыл аймагындагы БСР куруу объектти да толугу менен аяктайт. Жогоруда айтылган объекттер ишке берилсе жаңы сугат жерлер 630га, сугат жерлерди суу менен камсыздоо 1394 га көбөйөт.

Натыйжада, 30 ирригациялык объектти каржылоо булактары аныкталды. Алардын жалпы кубаттуулугу жаңы сугат жерлер 25652 га, сугат жерлерди суу менен камсыздоо 39201 га түзөт.

Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Бакай участогунун тургундарын сугат суу менен камсыздоодо объектти боюнча 300га жаңы сугат жерлер берилип, ортодогу суу талаш маселелери чечилет.

Тиленбек АЗЫК