Билим берүүнүн мыктылары сыйланды

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Жакында “2018-2019-окуу жылынын Баткен облусунун билим берүү тармагынын ийгиликтерине арналган “Кызыл килем” аземи болуп өттү. Ага Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров баш болгон район-шаарлардын аким-мэрлери, мыкты бүтүрүүчүлөр, ата-энелер катышышты.

Алгач “Алтын сертификат”, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алган бүтүрүүчүлөр, республикалык олимпиаданын, “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү, “Манас таануу” интеллектуалдык республикалык таймашында 1-орунду камсыз кылган “Аккула” командасынын, республикалык спорттук мелдештерден байгелүү орундарды алган окуучулар, “Мугалим коомдун күзгүсү” аттуу республикалык сынактан байгелүү орундарды алган эже-агайлар жана мыкты мугалимдер “Кызыл килемден” өтүштү.

Жыйында Өкмөттүн өкүлү Акрам Мадумаров сөз сүйлөп, бүгүнкү билим берүү жаатындагы ийгиликтер, кечээки эл агартуу майданынын кызматкерлери менен өткөрүлгөн жыйындын алгачкы жемиштери экендигин баса белгиледи. “Быйылкы окуу жылында Баткен облусу боюнча 5159 бүтүрүүчү мектепти аяктады. Кыргызстан боюнча 52 бүтүрүүчү “Алтын сертификатка” ээ болгон болсо, алардын ичинен 8 окуучу Баткен облусунан. Аймактар ичинде Баткен облусу биринчи орунду камсыз кылып, Бишкек шаарынан кийинки экинчи орунга чыгышты.

Ал эми республикалык предметтик олимпиаданын жыйынтыгы боюнча облустар арасында Баткен облусу 2-орунду ээлеп, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча орто балл -119 болсо, Баткен облусу боюнча–122 баллды түздү. Облус аймагындагы мектептер арасында ЖРТнын орточо баллынын жыйынтыгы боюнча 175 балл менен алдынкы орунда Лейлек районунун №3 эксперименталдык гимназиясы турат”, – деди ал.

Андан кийин А.Мадумаров акчалай сыйлыктар менен кошо баалуу белектерди тапшырды. Андан соң, ар бир район-шаарлардын өкүлчүлүктөрү жана тиешелүү айыл өкмөт башчылары өздөрүнүн аймагынан суурулуп чыккан окуучуларына өздөрүнүн сыйлыктарын тапшырышты.