Аймактарда психологдор такыр жетишсиз

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Акыркы убактарда коомдо жаш балдардын катышуусундагы кылмыштуулук, рэкетчилик, суицид көбөйүп жатат. Адистер мунун себебин эмнеден көрүшөт? Бул тууралуу “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюмунун психологу Каныкей ЖУМАКАНОВА менен маек курдук.

– Акыркы убакта жаш балдар тарабынан суицид көбөйүп кетти. Сиз өспүрүмдөргө эмне жетишпегенин биле алдыңызбы?

– Мунун баары үй-бүлөлүк институт начарлап кеткенинен улам келип чыгып жаткандай. Себеби, үйдө баланын, кыздын муктаждыктарын кабыл алып, түшүнүү жок. Мисалга алсак, өспүрүмдөр менен сүйлөшкөндө, алар өз оюн түшүндүрүп бере алышпайт. Алардын айткандарынан улам ата-энелер тарабынан түшүнүү, колдоо жок болуп жатканын аңдадым.

А бирок ата-энелер менен сүйлөшкөндө алар, балдарга билим бергенде деле натыйжа жок экенин белгилешүүдө. Алардын айтымында, СССР учурундагыдай туруктуулук жок, билим алган күндө деле жумушка орношо албай калышы толук ыктымал. Мисалы, бала кечке иштеп чарчаса, кечинде кантип сабак оку деп айта алам деп жатышат. Муну деле түшүнсө болот. Ошол эле СССР учурунда анын кандай гана терс жактарын айтпайлы, баары бир кандайдыр бир туруктуулук бар болчу. Анан ал учурда үй-бүлө, мектеп, андан тышкары коомчулук дагы балдардын өсүп, калыптанышына кандайдыр таасирин тийгизчү.

– Үй-бүлө институту начарлап кеткени боюнча мисалдарды келтире аласызбы?

– Аймактарда эл менен иштешип жүргөндө ар кандай окуяларга туш болосуң. Алардын бири менин эсимде калыптыр. Бир аялдын күйөөсү балдары менен таштап кетип, балдар чоңоюп калганда кайра келген. Натыйжада балдар үчүн экөө жашап калышыптыр. Бирок аялынын күйөөсүнөн көңүлү ушунчалык калгандыктан бир күнү күйөөсүнө “сиз оорубаңыз, анткени, мен сизди карагым келбейт. Өлбөңүз, анткени сиз үчүн ыйлагым келбейт” деп айткан экен.

Ал аялды да түшүнсө болот, аны башкага алмаштыруу менен күйөөсү анын намысын тепсеген. Натыйжада ортодогу сый-урмат жоголуп, ал жек көрүүгө айланып калган. Бул бир гана аялдын окуясы эмес. Коомдогу мындай абалды оңдоп, үй-бүлө институтун кайрадан калыбына келтирүү үчүн балдарга жакшы тарбия берип, аларды зордук-зомбулуктан сырт кармап, камкордук көрүүбүз зарыл.

Негизинен эле өспүрүмдөр, алардын атаэнеси менен иштешип жүрүп көп кызыктарга туш болдум. Мисалы айрым ата-энелер: “Биз кыздарыбызды окута албайбыз. Анткени, окуган, билим алган кыздарга эч ким үйлөнбөйт, кийин турмушка чыга албай калышат” дешти. Бул мектептеги окуу, жогорку билим тууралуу эмес. Алардын айтымында билими жок, айтканды угуп, оокат жасап жүрө берген келиндер керек экен. Ал эми балдары тууралуу “билим алганда деле пайда жок, андан көрө иштеп акча тапканы жөндүү” дешти. Алардын пикири боюнча ошол эле кирпич куюп, талаага иштеп деген сыяктуу жумуштарды үйрөнүп алса, пайдалуу экен. Бул ой жүгүртүү мен үчүн абдан таң калычтуу болду. Анткени, мындай жагдайда баланын психологиялык абалы тууралуу кеп кылбай деле койсок болот.

– Буларга эмне себеп болуп жатат деп ойлойсуз?

– Учурда көптөгөн факторлор бар. Анын бирөөсү – миграция көйгөйү. Анын натыйжасында балдар атасыз же энесиз өсүп, ал тургай айрым учурда үй-бүлөлөр бузулуп жатат. Натыйжада, ташталган балдар, багылбай калган ата-энелердин саны күн санап өсүүдө. Анткени, үйдөн мээрим көрбөй, көрсө дагы аны ата-энесинен эмес башкалардан көрсө, бала ата-энесине кайдыгер мамиле кылып калышы толук ыктымал. Себеби, кыргызда “уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары, апасы атасын күтүп тамак ичпей отурганын же тамакты атаң ооз тийсин деген нерселерди бала көрбөй чоңойсо, ал кийин өз үй-бүлөсүн курганда андай нерселерди жасабайт. Натыйжада бул чынжырча бузулуп, андан ары уланып кете бериши толук мүмкүн.

Ошол эле баласынын муктаждык, талаптарына маани бербей, “ал кичинекей да, эмнени билмек эле” деген сыяктуу мамиле жасаган болсок, кийин ал деле балдарына ушундай эле мамиле жасайт.

– Анткен менен кыргыз коомунда баланы ата-энеси тарбиялабаган учур болуп эле келген. Ошол эле чоң апа, чон атасы тарбиялачу эмес беле…

– Ооба, андай жагдай болуп келген. Азыр деле аны көрсөк болот. Атасын “байке”, апасын “жеңе” дегендерди көп эле кезиктиребиз. Көбүнчө булар үйдүн улуу баласы болот эмеспи. Анткени жаш үй-бүлө жаңы үйлөнгөндо айрым учурда ата-энеси менен турушкан. Анан, албетте, алардын бала багууда тажрыйбасы жок болгондуктан бала багууну тарбиялоону улуулар үйрөтүшкөн. А бирок ошол чоң ата, чоң энесинен тарбия алган балдардын ата-энеси жанында болгон да. Алар ошону көрүп, үйрөнүп алышып кийинки балдарын тарбиялаган. Ал эми улуу баласы айрым учурларда чоң ата, чоң энеси менен калып кеткен. А азыр андай болбой жатат да. Маселен үй-бүлө ажырашып кетсе, бала же атасы, же апасы жок чоңоет. Айрым учурларда ата-эне экөө тең иштеп сыртка чыгып кетишет. Ал эми баланы чоң атасы, чоң апасы же башкаларга таштайт.

Миграцияга тиешелүү дагы бир жагдайга токтоло кетүүну эп көрүп турам. Айылдарда мектептердеги рэкетчилик боюнча көп баарлашуулар болду. Ошондо соцпедагог рэкетчиликке көбүнчө мигранттардын балдары жакын болушат деп айтып атты. Көрсө, миграцияда иштеп жүргөндөр “балабыз эч нерседен кем болбосун” деп акча салышат. Ал эми акча кармап көнүп калган бала, акчаны башка жолдор менен издөөгө өтөт экен. Буга чейин рэкетчиликке жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары ыктуу болушат го деп ойлоп койчумун. Бул мен үчүн абдан таң калычтуу болду.

Биз бул багытта иштешибиз керек. Маселен азыр аймактарда психологдор такыр жетишсиз. Ал эми ал жакта психологдор балдарга эле эмес, чоңдорго да керектиги байкалып турат. Ал тургай ошол эле атайын кызматтагы инспектор, соцпедагогдор бала менен тил табышууну жакшы өздөштүрүшкөн эмес. Алардын айрымдары менен балдардын көйгөйлөрүн кантип чечип жатышканы тууралуу баарлашып калсак, алар “булар бизден коркушу керек. Болбосо такыр укпай коюшат” деп айтышат. Мына ушундай мамиле болуп жатса, бала корккон кишисине барып жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын айтып бербейт да. Натыйжада алар түнт болушат, же ичиндегини агрессия менен чыгарышы мүмкүн. Айрымдары суицидге дагы барышы толук ыктымал. Ошондуктан балдарга үйдө, мектепте, коомдо туура мамиле кылууну калыптандыруу зарылдыгы учурда абдан күч.