Акын Өкүмбек БӨКӨЛӨЕВ: «Ырдын жүгү да оор, тузу да оор. Ыр менин тагдырым, ыр менин жашоо образым …»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Акын Өкүмбек Бөкөлөев окурман журтчулугуна “Жүрөк эңсейт”, “Жүрөктө жүрөсүңөр”, “Элет баян”, “Асер дүйнө”, “Жан шерик”, “Өмүрдүн өзү керемет” аттуу поэтикалык жана прозалык китептери менен жакшы тааныш. Дүйнөлүк поэзия алптары И.Гёте, Г.Гейне, Ж.Китс, Ш.Петефи, Р.Бёрнс, П.Неруда. Н.Хикмет, Н.Бараташвили, И.Такубоку, А.Кунанбаев, М.Цветаева, Р.Гамзатов, Э.Межелайтис, А.Вознесенский ж.б. лардын ырларын кыргызчага которгон. Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

– Өкүмбек байке, мен билгени ыр менен жашап, ыр менен кубанып-кайгырып, ыр менен турмуштун ачуу-таттуусун татып, ысык-суугуна бышып келатасыз. Сиз үчүн ыр эмне: өзүңүздүн ички муктаждыкты канааттандырган хоббиби, тагдырбы, жашоо образыбы, өмүр максатыбы?

– Поэзия сыйкырдуу күч:

Биз кезде:
“Түйшүгү түмөн төрт сап ыр,
Кай күнү сага кошулдум?
Билбеймин, али эсте жок,
Түн кезип нечен отурдум.
Бир кезек муза ээлигип,
Бир кезек алга озундум.
Түйшүгү түмөн төрт сап ыр
Кай күнү, кантип достоштук?
Өмүрдө болду чубак күн,
Өмүрдө болду окшоштук…” – деп жазган элем. Эгер мен ырды ички муктаждыктан улам, өзүм үчүн гана жазам десем, анда калп айтам. Ырды жазбай кое албагандан улам жазам десем да жаңылышам. Ыр менин тагдырыма айланган, демек, ыр менин жашоо образым десем. Андай болгондо өмүр максатымды деле поэзия менен байланыштырсак болчудай.

– Сиз “ыр менин тагдырыма айланган” деп жатпайсызбы, акындык тагдыр деген эмне, ырга кандай кызмат кылдым деп ойлойсуз?

– Мен кээде бу жашоого кайрадан жаралсам, акындык жолду тандап алаар белем же жок беле деп ойлой берем. Ырдын жүгү да оор, тузу оор. “Илим ийне менен кудук казгандай” дейт го. Илимпоз болуу акын болуудан алда канча жеңил. Акын болуу кыяматтын кыл көпүрөсүнөн өткөн менен барабар.

Кептин баары төрт сап ырды уйкаштырып коюуда эмес. Окуган окурманды “бах” дедирип тамшанткан, “ой” дедирип чочутуп, селт эттирген ой айтышта. Адамдын көңүл учунда эле турган, көзү менен көрүп, кулагы менен угуп, колу менен кармалап туруп эле, айтып жеткире албаган нерсени сөздүн керемет күчү менен айта алышта. А мына ошону айтыш, сөз табыш, көркөм ойдун күчү менен бере билиш, окурманга жеткириш, бул – тозоктун тозогу. Анүчүн канча таңды атырып, канча кечти батырбайсың. Ошентип, азабың жеп, акыры чөлдөп турганыңда келет окурманды таңгалдыра турган саптар. А ал саптарга жеткенче, чачың агарат…

– Кыргызстанда соңку чейрек кылымда адабият жок болуп кете жаздагандай болду…

– Улуттук адабиятты жок кылууга тымызын аракеттер болду. Бирок, “Манас” эпосу баштаган элдик оозеки чыгармаларга бай адабиятты, дүйнө адабиятына Ч.Айтматовдой залкарларды берген адабиятты түп орду менен жок кылуу мүмкүн эмес. “Адабият жок болуп баратат” десе эле айрымдар мамлекетти күнөөлөй башташат, мамлекет жардам бербей жатат, мамлекеттен колдоо болбой жатат” деп. Кеп, мамлекетте эмес. Кеп, авторлордо – акын-жазуучуларда. Адабиятты сактап кала тургандар мамлекет эмес, биз – акын-жазуучуларбыз. Жакшы чыгармаларды жазып, улуттук адабиятты өйдө көтөрүшүбүз керек. Эгер, шатыратып халтура жазсак, анда адабият өлөт, жок болот.

Адабият биринчи иретте өз заманынын турмушун чагылдырыш керектигин белгилеген белгилүү адабиятчы С.Жигитов: “А биздин жазуучулар өткөндү аңтарып, жалаң баатыр, бий болуштарды даңазалаганга ооп алышты. Чындап карап көрсөң, арасында өз айылынын уруу башчылары, колот баатырлары жүрүшөт. Анан кантип адабиятыбыз дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлсүн?” деп айтканы бар. Поэзия бизнесмендерди, капчыктууларды, саясатчыларды карандай мактаган, ошол курулай мактоо менен акча өндүргөн өндүргүч каражатка айланганда, анын жоголгону ошол. Акыркы жылдарда акындар ода жазган жазмакерлерге айланып алышты. Аш-тойлорго төкмөлөр барып ырдаса жарашат. Мен түшүнүп турам, акындар китеп чыгаруу үчүн ушул айла-амалга барып жатат. Эгер, акындар китебин чыгаруу ода ыр менен соодалашса, анда тиги Правда-Бөкөнбаевде турушкан бечара кыздарды сойкулук үчүн айыптап кереги жок.

– Китеп чыгаруу үчүн каражат табуу оңой-олтоң маселе эмес. Колунда барлар олчойгон-олчойгон китептерди чыгарып жатат. Сапаты...

– Түшүндүм. Союз убагында бизде “Кыргызстан”, “Мектеп” басмалары бар эле. Китеп чыгаруу ойгелди жүрбөй, бир системага салынган. Жаш талапкерлердин тырмак алды чыгармалары жыл сайын чыгуучу “Темир канат”, “Учкун” альманахтарынан чыгып, бул эки альманахтан торолгондордун чыгармалары “Жалын” аттуу жамааттык басылмалардан жарык көрчү. Бул басылмаларга жарык көргөн аңгеме, ырлар адегенде редколлегиянын элегинен өтүп, анан барып адабий коомчулуктун, сынчылардын көз кырына илинчү. Адабияттагы соңку күчтөрдүн адабий эстетикалык даярдыгы, аракеттери талданып, сөз болуп тураар эле. Аталган альманахтар – кыргыз адабиятынын ал-абалын, негизги тенденцияларын, мүнөздүү ийгиликкемчиликтерин толук болбосо да, жагдайга жараша чагылдырып турушкан. Азыр жагдай башкача. Жеке басылмалардан жарык көрүп жаткан китептердин идеялык-көркөмдүк деңгээли ар бирибизди ойго салбай койбойт. Жарык көргөн чыгармалардын көркөмэстетикалык деңгээли жөнүндө сөз кылуунун кажети деле жоктой.

– Акын тагдырынын азабы тууралуу айттыңыз. Адабий алптары чыкса деп, изги тилек кылып жатасыз. Сыйлык, наам берүү маселесине кандай карайсыз?

– Талант – карандай эмгек, шыкжөндөмүнө, колго берген көркөм дөөлөттөрүнө жараша ар ким баасын алууга тийиш жана ошол сыйлык да, наам да талант ээсине өз убагында берилиши абзел. Сыйлык чыгармачыл адам үчүн моралдык колдоо, жаңы күч, жаңы дем! Чыгармачылык күч-кубаты мол кезинде алган баа менен 80-90 жашында жеткен наамдын асман-жердей айырмасы бар.

– Эми өзүңүздүн чыгармачылык чарбаңызга токтолсоңуз. Учурда эмнелер менен алек болуп жатасыз?

– Чыгармачылык оңой-олтоң эмес процесс экенин өзүң жакшы билесиң. Азыр “канткенде түзүк чыгарма жаратам?” деген эмес, “Канткенде ушул жазгандарымды жарыкка чыгарар экем?” деген түпөйүл ой көбүрөөк түйшүккө саларын дамамат угам. Таланттуу акын жана котормочу А.Токтогулов: “поэзия – акын жүрөгүнүн кардиограммасы” деп жазган. Түйшөлүп, жүрөк элегинен өткөн ырлар гана чыныгы поэзия деп эсептелинет. Дегеле жазылган ырлардын баары эле чыныгы поэзиянын туундусу деп эсептей албайм. Бирок “жазбай кое албаган” учурга кептелген көрүнүш ар бир акындын башынан өтөөрү бышык. Көп жылдар журналистика тармагында мээнет өтөп, көөнөрбөс чыгармаларга көз сала жүрүп, чогулткан ой туундуларын, эртеңки күнгө серп салган макалалардын түрмөгүн даярдап жүрөм. Кеп, аларды жарыкка чыгарышта турат…