«Үн менен сүрөт тартуу – татаал иш…»

Обончу жана аткаруучу Бакыт КАПАРОВ – бизде мейманда

– Сизди биз атамекендик профессионал ырчылар аткарып жүргөн бир топ жакшы обондордун автору жана аткаруучу катары билебиз. Ал эми сиздин жеке жашооңуз, кай жердин кулуну экениңиз, деги эле көшөгөнүн артында ким экениңиз тууралуу көпчүлүк биле бербейт?

– Рахмат. Мен Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылында туулуп-өскөм. Үй-бүлөдө он бир туугандын бешинчисимин. Ал эми окуумду Кызыл-Аскер орто мектебинде аяктап, чыгармачылыгым да ушул мектепте окуп жүргөн убагымда башталган.

Кичине кезимден эле аккордеон менен эл алдына чыкканды жакшы көрчүмүн. Бирок, кийин жогорку окуу жайга тапшырганда ырдатып көрүп, аккордеон бөлүмүнө албай, классикалык вокал бөлүмүнө алышкан. Ал кезде классикалык ырларды түшүнбөйм, атүгүл айрым учурларда аябай күлкүм келчү. Биздин ырчылык жөндөмүбүз өсүш үчүн башка тилдеги ырларды ырдатышар эле. Кээде ритмди билип турсам дагы, сөзүн айта албай калып калчумун. Ушул такыр эсимден кетпейт.

 – Эң алгачкы обонуңуз жана кимдер аткарып жүрүшкөнү тууралуу айта кетсеңиз?

– 8-класста окуп жүргөндө “Акыркы коңгуроо”, “Классташтар, жолуңар шыдыр болсун” деген эки обон жараткам. Андан кийин жаралган “Дил кайрык”, “Ак куулардан айрылбас”, “Улуулар” ж.б. ырларды Алтынай Нарбаева, Үмүт Тилегенова, Дилшат Кангелдиева, Бактыгүл Бокоева, Акмаанай Эшпаева ийнине келтирип ырдап жүрөт. Ошондой эле, “Манасчылар мекени”, “Тоң мекеним” деген ырларды Илич Шамбетов жана “Көчмөндөр” ырын Токтобек Асаналиев ырдап жүрөт.

– Обон жаратуудагы сырларыңыздан бөлүшө кетпейсизби, текстке жараша обон жаратасызбы, же аткаруучунун үнүнө жарашабы?

– Ар кандай учурлар болот. Эгерде текст обончуга жаккан болсо, лирикалык болобу, же жайдары болобу, сөзүнө жараша кайрыктарды, боёкторду издеп, элестерди жаратат. Элестер жаралган кезде аларды топтоп, кагаз бетине нота кылып түшүрүп коюп, шашпай иштеп, бышырып чыгам. Обон жазуу өтө машакаттуу, түрлүү-түмөн ыргактардын арасында жашайсың. Акыры анын ичинен эң керектүү ыргактарды таап, топтоп, акындын ырына жан киргизип, үн менен сүрөт тартып, элге берүү өтө татаал нерсе. Ошол эле убакта ырчынын үнүнө, диапазонуна, мүнөзүнө жараша да кайрык издөө керек.

– Ошол эле убакта ар бир ырдын жазылуу таржымалы болор?

– Беш ыр жазсаң, беш башка тарых-таржымалы болот. Жөн жерден обон жарала бербейт. Мисалы, “Көчмөндөрдү” ала турган болсок, ал дагы жөн гана жерден жаралып калган жок.

– Азыркы обондуу ырлардын көпчүлүгү элдин купулуна толбой жатышынын себеби эмнеде?

– Бул – болуп келген процесс. Мезгил элеп отуруп, улам алсыздары көмүскөдө көмүлүп кала берет. Мурда деле ар кандай деңгээлдеги обондор көп жаралып, мыктылары иргелип бизге жеткендир да. Биз бала кезде жакшы ырларга, жакшы обондорго таасирленип журүп чыгармачылыкка келгенбиз да. Ал эми азыр жакшы обончулардын аз экенине бир себеп – жаштар өзүбүзгө тиешелүү обондорго көп маани бербей, батышты туурап, ошолорго таасирленүү менен табиттерин бузуп алып жатышат окшобойбу. Заманбап ырлар дагы азыркы коомго керек. Ар кандай коомго, агымга жараша обондор чыгарыла берет. Бирок, азыркы заманбап ырлар бир эле концертке жарайт десем жаңылышпайм. Анткени кээ бир обондор жазда чыкса, күзгө чейин унутулуп калып жатат. Мындайча айтканда кыска ритмдеги ырлар болууда.

– Ар бир чыгармачыл адамдын кумир туткан же баалаган өнөрлөшү болот эмеспи?

– Мен бийик туткан ырчы, обончу – Атай Огомбаев. Анын чыгармачылыгын өтө жогору баалайм. Атай Огомбаев жүрөгүнүн баарын чыгармачылыкка арнап өткөн улуу инсан. Муса Баетовду дагы кумир тутам. Өзгөчө, аккордеон менен обон чыгарып, кыргыз элине өнөрүн тартуулаган Рыспай Абдыкадыровду баалайм. Азыркы муундан Гүлжигит Сатыбековду мыкты дей алам.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”,

Бегайым КУБАНЫЧ кызы, практикант